Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 14:1—29

14  Силер Жахаба Кудайыңардын уулдарысыңар+. Өлгөн киши үчүн дене мүчөлөрүңөрдү кескилебегиле+, кашыңарды* кырбагыла+.  Анткени силер Жахаба Кудайыңардын ыйык элисиңер+. Жахаба силерди жер бетинде жашаган башка элдердин арасынан өзүнүн өзгөчө эли+ кылыш үчүн тандап алган.  Жийиркеничтүү эч нерсе жебегиле+.  Жаныбарлардын ичинен буларды жесеңер болот+: бука, кой, эчки,  бугу, жейрен+, элик, тоо теке, антилопа, аркар, зоо бөкөн жана башка  ача туяктуу, ачасы терең, кепшөөчү жаныбарлардын баары. Буларды жесеңер болот+.  Кепшөөчү жаныбарлардын же ача туяктуу, ачасы терең жаныбарлардын ичинен буларды гана жебегиле: төөнү+, коёнду+, тоо даманын+, анткени алар кепшегени менен, ача туяктуу эмес. Алар силер үчүн арам.  Чочкону+ да жебегиле, анткени ал ача туяктуу болгону менен, кепшебейт. Ал силер үчүн арам. Алардын этин жебегиле, өлүгүнө да тийбегиле+.  Сууда жашоочу жаныбарлардын ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыктары барларынын баарын жесеңер болот+. 10  Сүзгүч канаттары менен кабырчыктары жокторун жебегиле+. Алар силер үчүн арам. 11  Адал канаттуулардын баарын жесеңер болот. 12  Ал эми буларды жегенге болбойт: бүркүт, бакачы, кара жору+, 13  кызыл айры куйрук, кара айры куйрук+ жана айры куйруктун башка түрлөрү, 14  кузгун+ жана анын түрлөрү, 15  төө куш+, үкү, чардак, шумкар жана анын түрлөрү, 16  бабырган, кулактуу үкү+, ак куу, 17  биргазан+, жору, кара каз, 18  илегилек, кытан жана анын түрлөрү, үпүп, жарганат+. 19  Канаттары бар жер жайнаган майда жандыктардын баары силер үчүн таза эмес+. Аларды жегенге болбойт. 20  Канаты бар адал жандыктардын баарын жесеңер болот. 21  Өлгөн жаныбардын этин жебегиле+. Аны шаарыңда жашаган келгинге бер, анткени ал аны жесе болот. Же аны бөтөн жерлик кишиге сатсаң болот. Анткени силер Жахаба Кудайыңардын ыйык элисиңер. Улакты энесинин сүтүнө бышырба+. 22  Сепкен үрөнүңдөн алган түшүмүңдүн, жыл сайын жыйнаган түшүмүңдүн, ондон бир бөлүгүн бер+. 23  Жахаба Кудайыңдан дайыма коркконго үйрөнүшүң үчүн+, даныңдын+, жаңы шарабыңдын, майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо малың менен майда малыңдын биринчи төлүн+ Жахаба Кудайыңдын алдында, ал өзүнүн ысмы үчүн тандаган жерде ичип-же. 24  Эгер Жахаба Кудайың өзүнүн ысмы үчүн тандаган жерге+ жетиш үчүн узак жол жүрүш керек болсо+ жана Жахаба Кудайың батасын бергендиктен+, ондуктарың көп болуп, аларды ал жакка көтөрүп бара албасаң, 25  анда аларды сатып, акчасын ал да, Жахаба Кудайың тандаган жерге бар. 26  Анан ал жактан ошол акчага каалаган нерсеңди+: бодо мал, кой, эчки, күчтүү ичимдик+, эмнени кааласаң, ошонун баарын сатып алып, өзүң да, үйдөгүлөрүң да Жахаба Кудайыңдын алдында ичип-жегиле, кубангыла+. 27  Шаарыңда жашаган лебини да унутпа+, анткени ал сени менен кошо үлүш да, энчи да алган эмес+. 28  Үч жылдан кийин ошол үчүнчү жылы жыйнаган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн алып келип+, өзүң жашаган шаарга чогулт. 29  Жахаба Кудайың ар бир ишиңе+ батасын бериши үчүн+, аларды сени менен бирге үлүш же энчи албаган лебилер+, шаарыңда жашаган келгиндер+ менен жетим-жесирлер+ тойгончо жешсин.

Шилтемелер

Же: «маңдайыңарды».