Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 12:1—32

12  Ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба бере турган жерде өмүрүңөр өткөнчө+ кылдаттык менен сакташыңар керек+ болгон көрсөтмөлөр+ менен мыйзамдар+ — ушулар.  Силер ээлей турган жердеги элдердин бийик тоолордо, дөбөлөрдө, шактуу дарактардын түбүндө өз кудайларына сыйынган жерлерин+ толугу менен жок кылгыла+.  Алардын курмандык жайларын талкалап+, ыйык мамыларын кыйратып+, ыйык устундарын өрттөп жибергиле+. Оюп жасаган буркандарын талкалап+, ал жерден алардын ысмын өчүргүлө+.  Жахаба Кудайыңарга аларга окшоп сыйынбагыла+.  Жахаба Кудайыңар бүт урууларыңарга берилген аймактын ичинен өзүнүн ысмы үчүн кайсы жерди тандаса, ошол жерге баргыла+.  Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңар+ менен башка курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды+, тартууларыңарды+, ант курмандыктарыңарды+, ыктыярдуу курмандыктарыңарды+, майда жана бодо малыңардын биринчи төлүн+ ошол жерге алып баргыла.  Ошол жерде Жахаба Кудайыңардын алдында ичип-жеп+, өзүңөр да, үйүңөрдөгүлөр да бардык ишиңердин жемишине кубангыла+, анткени Жахаба Кудайыңар силерге батасын берди.  Бул жерде биз ар бирибиз өзүбүз туура көргөндү кылып жатабыз+, бирок ал жерге барганыңарда антпегиле.  Силер жашай турган жериңерге+, Жахаба Кудайыңар энчиңерге берген жерге, али жете элексиңер. 10  Иордандын аркы өйүзүнө өтүп+, Жахаба Кудайыңар энчиңерге берген жерде жашагыла+. Ал силерди айланаңардагы душмандардан коргоп, тынчтык бергендиктен, коопсуз жашайсыңар+. 11  Жахаба Кудайыңар өзүнүн ысмы үчүн тандаган жерге мен буйрук кылган нерселердин баарын: бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңар+ менен башка курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды+, тартууларыңарды+ жана Жахабага берген антыңар боюнча ант курмандыгына+ алып келүү үчүн тандаган нерселериңерди алып баргыла+. 12  Өзүңөр да, уул-кыздарыңар да, кулдарыңар да, күңдөрүңөр да, ошондой эле силер менен бирге үлүш же энчи албагандыктан+ шаарыңарда жашап жаткан лебилер да Жахаба Кудайыңардын алдында кубангыла+. 13  Сак бол, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңды көзүңө көрүнгөн жерге барып эле чала бербе+. 14  Аларды, Жахаба Кудайың кайсы уруунун аймагынан өзүнө жер тандаса, ошол жерде гана чалып, мен буйрук кылгандарды да ошол жерде гана жаса+. 15  Эт жегиң келгенде каалаган шаарыңда Жахаба Кудайыңдын батасы менен мал союп жесең болот+. Анын этин, жейрен менен бугунун этиндей эле+, таза киши да+, таза эмес киши да жесе болот. 16  Канын гана жебегиле+, аны жерге суу төккөндөй төгүп салгыла+. 17  Өзүң жашаган шаарда даныңдын+, жаңы шарабыңдын, майыңдын ондон бир бөлүгүн, майда жана бодо малыңдын биринчи төлүн+, убада кылган ант курмандыктарыңды, ыктыярдуу курмандыктарыңды+, тартууларыңды+ жебе. 18  Алардын баарын өзүң да, уул-кыздарың да, кулдарың да, күңдөрүң да, шаарыңда жашаган лебилер да Жахаба Кудайың тандаган жерде Жахаба Кудайыңдын алдында жегиле+. Жахаба Кудайыңдын алдында бардык иштериңдин жемишине кубан+. 19  Ал жерде жашап жатканыңда эч качан лебини унутпа+. 20  Жахаба Кудайың, өзү убада кылгандай+, жериңди кеңейткенде+, эт жегиң келип: „Эт жейин“,— десең, аны каалаган убагыңда жей бер+. 21  Жахаба Кудайың өзүнүн ысмы үчүн тандаган жер+ алыс болсо, эт жегиң келгенде Жахаба берген майда жана бодо малыңдан союп, мен айткандай, аны өзүң жашаган шаарда жей бер+. 22  Анын этин жейрен менен бугунун этиндей эле жей берсең болот+. Аны таза киши да, таза эмес киши+ да жесе болот. 23  Болгону, эч качан канын жебе+. Анткени кан — бул жан. Анын этин каны менен кошо жебешиң керек+. 24  Канын жебе, аны жерге суу төккөндөй төгүп сал+. 25  Анын канын жебе, ошондо өзүңө да, уулдарыңа да жакшы болот+, анткени Жахабанын көз алдында туура иш кылган болосуң+. 26  Ыйык нерселериң+ менен ант курмандыктарыңды+ гана Жахаба тандаган жерге алып бар+. 27  Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңды+ — эти менен канын+ — Жахаба Кудайыңдын курмандык жайында чал. Анын канын Жахаба Кудайыңдын курмандык жайынын түбүнө төк+, ал эми этин жесең болот. 28  Мен буйрук кылган ушул нерселердин баарына көңүл бур, аларды аткар+. Ошондо өзүңө да, уулдарыңа да жакшы болот+, анткени Жахабанын көз алдында жакшы, туура иш кылган болосуң+. 29  Жахаба Кудайың сен ээлегени бараткан жердеги элдерди кырып жок кылганда+, алардын жерин ээлеп, ошол жерде жаша+. 30  Сак бол, алар жок болгондон кийин, өзүң да ошол торго түшүп калба+, ал элдердин кудайлары жөнүндө сураштырып: „Алар кудайларына кантип кызмат кылчу эле? Мен да ошентип кызмат кылайын“,— дебе. 31  Жахаба Кудайыңа аларга окшоп кызмат кылба+. Анткени алар кудайларына сыйынганда Жахаба жек көргөн нерселерди кылышат. Атүгүл кудайларына арнап уул-кыздарын отко өрттөшөт+. 32  Мен буйрук кылгандардын баарын кылдаттык менен аткаргыла+. Аларга эч нерсе кошпогула, алардан эч нерсе албагыла+.

Шилтемелер