Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Мыйзам 11:1—32

11  Жахаба Кудайыңды сүй+, анын алдындагы милдеттериңди, анын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын+, осуяттарын дайыма аткар.  Өзүңөр жакшы билгендей, бүгүн мен силердин балдарыңарга эмес, силерге кайрылып жатам. Анткени балдарыңар Жахаба Кудайыңардын кандайча тарбиялаарын+, анын улуулугун+, сунулган күчтүү колун+ көрүшкөн эмес.  Алар анын Мисирде Мисир падышасы фараон менен анын бүт жерине кандай кереметтерди көрсөтүп+, кандай иштерди жасаганын,  Мисирдин аскерлери, аттары менен майдан арабалары артыңардан кууп келатканда, Жахабанын Кызыл деңиздин суусун каптатып+, аларды кырып жок кылганын+,  бул жерге жеткениңерче чөлдө силерге кантип кам көрүп келгенин,  ошондой эле жер оозун ачып, бүт Ысрайылдын көзүнчө Рубейиндин уулу Элиаптын уулдары Датан менен Абырамды+ үйүндөгүлөрү, чатырлары жана жанындагы адамдары, малы менен кошо жутуп кеткенин+ көрүшкөн эмес.  Силер болсо Жахаба жасаган улуу иштердин баарын өз көзүңөр менен көргөнсүңөр+.  Мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын аткарсаңар+, күчтүү болосуңар, дарыянын аркы өйүзүнө өтүп, ээлегени бараткан жерди ээлейсиңер+,  Жахаба ата-бабаларыңар менен алардын тукумдарына берем деп убада кылган+ жерде, сүт менен бал аккан жерде+, узак жашайсыңар+. 10  Сен ээлегени бараткан жер силер чыккан Мисир жериндей эмес. Ал жакта силер үрөн сепкен жериңерди сугарыш үчүн бакча сугаргандагыдай оор эмгектенчүсүңөр. 11  Ал эми азыр ээлегени бараткан жер — тоолуу, өрөөндүү+, асмандан жааган жамгыр менен сугарылган, 12  Жахаба Кудайың өзү кам көргөн жер. Жахаба Кудайың ал жерге жылдын башынан аягына чейин көз салып турат+. 13  Эгер мен бүгүн буйрук кылган осуяттарды аткарсаңар+, Жахаба Кудайыңарды сүйсөңөр, ага бүт жүрөгүңөр, бүт жаныңар менен кызмат кылсаңар+, 14  ал* жериңерге күзгү жана жазгы жамгырды+ өз убагында жаадырат+, даның, жаңы шарабың, майың болот. 15  Ал малың үчүн талаага чөп өстүрөт+, өзүң да тойгончо ичип-жейсиң+. 16  Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып кетпесин+. Менден четтеп, башка кудайларга таазим кылып, аларга сыйынып кетпегиле+. 17  Болбосо Жахаба силерге каарданып, асманды жаап коёт+. Ошондо жамгыр жаабай, жер түшүм бербей калат, Жахаба силерге берген жакшы жерден бат эле жок болосуңар+. 18  Менин бул сөздөрүмдү бүт жүрөгүңөр+, бүт жаныңар менен кабыл алгыла. Аларды колуңарга белги катары байлап, чекеңерге таңып алгыла+. 19  Аларды балдарыңарга үйдө отурганыңарда да, жолдо баратканыңарда да, жатканыңарда да, турганыңарда да үйрөткүлө+. 20  Ошондой эле аларды эшигиңдин кашектерине, шаарыңдын дарбазаларына жазып кой+. 21  Ошондо, асман жердин үстүндө канча убакыт турса+, өзүңөр да, балдарыңар да Жахаба ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган+ жерде ошончо убакыт өмүр сүрөсүңөр+. 22  Эгер мен буйрук кылган осуяттарды кылдаттык менен аткарсаңар+, Жахаба Кудайыңарды сүйсөңөр+, анын жолдору менен жүрүп+, ага ишенимдүү бойдон калсаңар+, 23  Жахаба бул элдердин баарын силердин алдыңардан кууп чыгат+. Силер өзүңөрдөн алда канча күчтүү жана алда канча көп элдердин+ жерин басып аласыңар. 24  Бутуңар баскан жердин баары силердики болот+. Чек араңар чөлдөн Лебанонго чейин, дарыядан, Эфрат дарыясынан, батыштагы деңизге чейин болот+. 25  Силерге эч ким туруштук бере албайт+. Жахаба Кудайыңар, өзү убада кылгандай, силер баскан жерлердеги элдердин баарын силерден коркуп, үрөйү уча тургандай кылат+. 26  Бүгүн мен силерге бата менен каргышты сунуш кылам+: 27  эгер Жахаба Кудайыңардын мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар+. 28  Ал эми Жахаба Кудайыңардын осуяттарын аткарбай+, мен бүгүн силерге көрсөткөн жолдон четтеп, өзүңөр билбеген кудайларды ээрчип кетсеңер, каргышка каласыңар+. 29  Жахаба Кудайың сени ээлегени бараткан жериңе алып барганда+, Гаризим тоосунда бата бер+, ал эми Эбал тоосунда каргыш айт+. 30  Ал тоолор Иордандын аркы өйүзүндө, батыш тарабында, Арабада+ жашаган канаандыктардын жеринде, Гилгалдын+ алдында, Моренин чоң дарактарынын+ жанында. 31  Силер Жахаба Кудайыңар берип жаткан жерди ээлеш үчүн Иордандын аркы өйүзүнө өткөнү жатасыңар. Ал жерди ээлеп, анда жашагыла+. 32  Бүгүн мен силерге айткан+ көрсөтмөлөр менен мыйзамдардын баарын кылдаттык менен аткаргыла+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мен». Кудайга тиешелүү.