Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Микей 7:1—20

7  Башыма каран түн түштү!+ Мен жайында бышчу мөмөлөрдү жыйнап алгандан кийинкидей, жүзүмдүн калгандарын терип алгандан кийинкидей болуп калдым!+ Жегенге жүзүмдүн бир да шиңгили жок, менин жаным эңсеген эрте бышчу бир да анжир жок!+  Жерде бир да ишенимдүү адам, эл арасында бир да чынчыл киши калбай калды+. Баары кан төгүш үчүн буктурмада жатышат+, ар бири өз бир тууганынын артынан сая түшүп, тор жаят+.  Алардын колдору жамандык кылууга маш+. Төрөсү белек талап кылат, соту пара алып соттойт+, даражасы бийик кишилери өз жанынын каалоосун айтышат+, жең ичинен кеңешишет.  Алардын мыктысы тикенектүү бадалдай, эң чынчылы тикенектүү тосмодон жаман+. Бирок алдыда күзөтчүлөрүңдүн күнү келатат+, ошондо сен жазага тартыласың. Алардын алдында айлаңды таппай каласың+.  Жакыныңарга ишенбегиле. Жан досуңарга таянбагыла+. Койнуңда жаткан аялыңа сырыңды айтпа+.  Анткени уулу атасын тоготпойт. Кыз энесине+, келин кайненесине каршы чыгат+. Адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот+.  Мен болсо Жахабадан көзүмдү албайм+, куткаруучу Кудайымды күтөм+. Кудайым үнүмдү угат+.  Мага кас аял, мени табалаба+. Жыгылсам да, кайра турам+. Караңгылыкта жашасам да+, Жахаба жарыгым болот+.  Мен Жахабага каршы күнөө кылдым+, ошон үчүн ал ишимди териштирип, акыйкат чечим чыгарганга чейин каарына чыдайм+. Ал мени жарыкка алып чыгат, ошондо анын адилдигин көрөм+. 10  Душманым муну көрөт, мага: «Жахаба Кудайың кана?»+ — деген аял уят болот+. Мен ал аялдын ойрон болгонун өз көзүм менен көрөм+. Ал көчөдөгү баткактай болуп тебелендиде калат+. 11  Таш дубалдарың тургузулган күнү сага каршы чыгарылган буйрук алыс болот+. 12  Ошол күнү сага туш тараптан: Ашурдан, Мисир шаарларынан, Мисирден дарыяга*+, деңизден деңизге, тоодон тоого чейинки жерлерден эл агылып келет+. 13  Тургундары үчүн, алардын кылган иштери үчүн жер ээн калат+. 14  Өз элиңди, мурасың болгон оторуңду, токойдо, бакчанын ортосунда обочолонуп жашаган+ оторуңду таягың менен кайтар+. Алар байыркы убактагыдай+ Башан менен Гилатта жайылсын+. 15  «Силерге Мисир жеринен чыгып келатканыңарда көрсөткөн кереметтүү иштеримди көрсөтөм+. 16  Аларды элдер көрүп, өзүлөрүнүн бүт күч-кубаты үчүн уялышат+, оозун колдору менен жабышат+, кулактары укпай калат. 17  Алар жыландардай болуп топурак жалашат+, сойлоочулардай болуп чептеринен кооптонуп чыгышат+. Жахаба Кудайыбызга титиреп келип, андан коркушат»+. 18  Мурасынын калдыгынын+ күнөөсүн кечирген, кылмышынан кыя өткөн+ сендей Кудай барбы?+ Сен түбөлүккө ачуулана бербейсиң, себеби мээримдүүлүк көрсөтүүнү жакшы көрөсүң+. 19  Сен бизге кайрадан кайрымдуулук кыласың+, күнөөлөрүбүздү тебелейсиң+. Күнөөлөрүбүздүн баарын деңиздин түбүнө ыргытып жибересиң+. 20  Байыркы убакта ата-бабаларыбызга ант бергениңдей+, Жакыпка көрсөткөн берилгендигиңди бизге да көрсөтөсүң, Ыбрайымга көрсөткөн мээримдүүлүгүңдү бизге да көрсөтөсүң.

Шилтемелер

Евфратка.