Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Микей 4:1—13

4  Акыркы күндөрдө+ Жахабанын үйүнүн+ тоосу+ тоолордун чокусунан бийик коюлат, адырлардан жогору көтөрүлөт+, ага элдер агылып келет+.  Көптөгөн элдер келип: «Келгиле+, Жахабанын тоосуна, Жакыптын Кудайынын үйүнө чыгалы+. Ал бизге өзүнүн жолдорун үйрөтөт+, биз анын жолдору менен жүрөбүз»,— дешет+. Анткени Сиондон мыйзам, Иерусалимден Жахабанын сөзү чыгат+.  Ал көптөгөн элдердин арасында сот жүргүзүп+, алыстагы күчтүү элдерге+ байланышкан иштерди оңдойт+. Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат+. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, согушууга үйрөнбөйт+.  Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат+. Аларды эч ким коркутпайт+, анткени муну асман аскерлеринин Кудайы Жахаба айтты+.  Бардык элдер, ар бири өз кудайынын ысмы менен аталат+, биз болсо кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө+ Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталабыз*+.  «Ошол күнү,— дейт Жахаба,— мен аксаган элди чогултам+, туш тарапка чачыраган, өзүм жазалаган элди бириктирем+.  Аксаган элдин калдыгын сактайм+, алыска куулгандарды күчтүү эл кылам+. Жахаба Сион тоосунда алардын үстүнөн азыр да, түбөлүк да падышалык кылат+.  Сага болсо, отордун мунарасы, Сион кызынын дөңсөөсү+, баштапкы бийлигиң — Иерусалим кызына таандык падышалык+ — кайтарылат, сөзсүз кайтарылат+.  Анда эмнеге өкүрүп жатасың?+ Эмне, падышаң жокпу? Эмне, төрөп жаткан аялга окшоп кыйналгыдай+, кеңешчиңден айрылдыңбы? 10  Сион кызы, катуу кыйнал, төрөп жаткан аялга окшоп+, бүт күчүңдү топто. Анткени сен шаардан чыгып, талаада жашаганга аргасыз болосуң+, Бабылга чейин барууга мажбур болосуң+. Сен ошол жерден куткарыласың+. Ошол жактан Жахаба сени душмандарыңдын колунан сатып алат+. 11  „Сион арамдалса экен, анын кыйраганын көрсөк экен“ — деп, көптөгөн элдер сага каршы чогулушат+. 12  Бирок алар Жахабанын ойлорун билишпейт, анын ой-ниетин түшүнүшпөйт+. Ал баарын жаңы орулган эгинди кырманга чогулткандай чогултат+. 13  Сион кызы, тур да, эгин бастыр+, анткени мен мүйүзүңдү темир, туяктарыңды жез кылам. Ошондо сен көп элдерди талкалайсың+, алардын тыюу салынган арам оокатын, байлыгын бүт жер жүзүнүн Теңири+ Жахабага арнайсың»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ысмынын жолунда жүрөбүз».