Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Микей 2:1—13

2  «Төшөгүндө жатып алып жамандык кылууну ойлогондордун, кыянат иш кылууну ойлонуштургандардын+ башына каран түн түшөт! Алар таң атканда оюндагысын ишке ашырышат+, анткени алардын колунда күч бар+.  Кааласа, талааларды, кааласа, үйлөрдү ээлеп алышат+. Алар кишини да, анын үйүндөгүлөрүн да алдап+, мурасын тартып алышат+.  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Мен бул тукумга+ мүшкүл салууну ойлоп жатам+. Силер андан кача албайсыңар+, экинчи текеберлене баспайсыңар+, анткени ал убак башыңарга мүшкүл түшкөн убак болот+.  Ошол күнү силер жөнүндө ылакап айтышат+, силерди жоктоп ыйлашат+. ”Биз таланып-тонолдук, эч нерсебиз калган жок!+ Ал элибиздин энчисин башкаларга берип жатат+. Бизден тартып алып жатат! Жерибизди ишенимсиздерге бөлүп берип жатат”,— деп айтышат.  Ошон үчүн Жахабанын жыйналышында өкчөмө таш ыргытып бөлүнгөн жерди+ жип менен ченей турган эч кимиңер калбайт.  Пайгамбарлык кылбагыла+. Алар сүйлөйт, бирок ушулар тууралуу сүйлөбөйт. Алар сөзсүз басынтылат+.  Жакыптын үйү+, эл: “Жахабанын руху нааразы болуп жатабы? Ал ушинтмек беле?”+ — деп айтып жаткан жокпу? Менин сөздөрүм түз жүргөндөргө+ жакшылык алып келбейт бекен?+  Кечээ менин элим душмандай көтөрүлдү+. Согуштан кайтып келаткандардай бейкапар өтүп бараткандардын кийиминен кооз жасалгаларын жулуп алып жатасыңар.  Менин элимдин аялдарын жайлуу үйлөрүнөн кууп чыгып жатасыңар. Анын балдарынан көркүмдү+ биротоло тартып алып жатасыңар+. 10  Тургула да, жөнөгүлө+, анткени бул жерден тынчтык кетти+. Жер арамдалгандыктан кыйрады+; кыйроосунан жүрөк сыздап жатат+. 11  Эгер шамал менен калпка жетеленген киши калп айтып+: “Мен сага шарап менен күчтүү ичимдик тууралуу айтып берем”,— десе, анда ал бул элдин пайгамбары болот+. 12  Жакып, мен сени сөзсүз чогултам+. Мен ысрайыл элинин калдыгын сөзсүз бириктирем+. Мен аларды бириктирем, короодогу койдой, жайыттагы отордой кылып чогултам+. Ал жер бака-шака түшөт“+. 13  Дубал теше турган бирөө аларды баштап барат+, ошондо алар тешиктен өтөт. Алар дарбазадан кирип, дарбазадан чыгышат+. Алардын алдынан падышасы өтөт, алардын башында Жахаба өзү турат»+.

Шилтемелер