Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Микей 1:1—16

1  Жүйүт падышалары+ Жотамдын+, Ахаздын+, Хискиянын+ күндөрүндө Жахабанын морешеттик Микейге+ аян аркылуу Самария+ менен Иерусалим+ жөнүндөгү айткан сөзү:  «Бардык элдер, уккула! Жер жана андагынын баары, көңүл бургула!+ Жахаба, Эгедер Теңир Жахаба ыйык ибадатканасынан+ силерге каршы күбө болсун+.  Мына, Жахаба өз ордунан+ чыгып келатат. Ал түшүп келип, жердеги бийик жерлерди тебелейт+.  Анын бут алдында тоолор эрийт+, өрөөндөр отко эриген момдой+, жардан аккан суудай салааланат.  Ушунун баары Жакыптын козголоңунан, Ысрайыл үйүнүн күнөөлөрүнөн улам болуп жатат+. Жакыптын козголоңуна ким күнөөлүү? Самария эмеспи?+ Жүйүттүн бийик жайлары үчүн ким күнөөлүү?+ Иерусалим эмеспи?  Мен Самарияны талаадагы үйүлгөн урандыга+, жүзүм отургузулган жерге айлантам. Таштарын өрөөнгө ыргытам, пайдубалдарын эле калтырам+.  Оюп жасалган буркандарынын баары талкаланат+, акысы үчүн алган бүт белектери өрттөлөт+. Мен анын буркандарын да жок кылам. Анткени ал ошонун баарын сойкулугу менен чогулткан, ошонун баары кайра сойкулук үчүн төлөнөт»+.  Ошон үчүн боздойм+, онтойм, жылаңайлак, жылаңач жүрөм+. Чөөдөй улуйм, ургаачы төө куштай чыркырайм.  Анткени анын алган жарааты айыккыс+. Жүйүткө да сокку урулду+, кырсык элимдин дарбазасына, Иерусалимге чейин жетти+. 10  «Ал тууралуу Гатта ооз ачпагыла, ыйлабагыла+. Опра үйүндө чаңга оона+. 11  Шапир тургуну, жылаңач бойдон жөнө, маскара бол+. Заанандын тургуну сыртка чыкпай калды. Бет-Эселдин боздогонунан улам жанында тура албайсың. 12  Мароттун тургуну жакшылыкты күткөн эле+, бирок Иерусалимдин дарбазасына Жахабадан жамандык келди+. 13  Лакиштин+ тургуну, аттарыңды арабага чек. Сен Сион кызынын күнөөсүнүн башталышы болгонсуң+, анткени Ысрайылдын козголоңдору сенден чыккан+. 14  Ошондуктан сен Морешет-Гатка коштошор алдында белек бересиң+. Акзип+ үйлөрү Ысрайылдын падышаларынын үмүтүн актабайт. 15  Марешанын+ тургуну, мен сага талап-тоноочуну алып келем+. Ысрайылдын даңкы Адуламга+ чейин жетет. 16  Өзүңдү кубантып жүргөн уулдарың үчүн төбөңдү кыр, чачыңды ал+. Төбөң бүркүттүкүндөй таз болсун, анткени уулдарың туткунга кетти»+.

Шилтемелер