Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Матай 21:1—46

21  Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосундагы Бетфагияга келишкенде, Иса эки шакиртине+  мындай деди: «Тээтиги көрүнүп турган кыштакка баргыла. Ал жерге жетериңер менен байланып турган эшекти көрөсүңөр. Жанында кодиги да болот. Чечип алып, мага алып келгиле+.  Эгерде бирөө бирдеме десе, ага: „Булар Мырзабызга керек“,— деп айткыла. Ошондо ал дароо берет».  Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздөр аткарылышы үчүн болду:  «Сион кызына: „Мына, сага мүнөзү жумшак+ Падышаң келатат+, ал эшек минип, жүк ташыган жаныбардын баласын — кодик — минип келатат“+,— деп айткыла».  Шакирттер барып, Иса буйругандай кылышты.  Алар эшек менен кодикти алып келип, үстүлөрүнө сырт кийимдерин салышты. Иса кодикке минди+.  Элдин көбү жолго сырт кийимдерин төшөсө+, башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты+.  Исанын алды-артында келаткан калың эл: «Өтүнөбүз, Дөөтүнүн Уулун+ куткар!+ Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!+ Жогорудагы Кудай+, өтүнөбүз, аны куткар!» — деп кыйкырып жатты. 10  Иса Иерусалимге киргенде+, бүт шаар толкуп, баары: «Бул ким?» — деп сурап жатты. 11  Исанын жанындагы эл болсо: «Бул — Галилеядагы Назареттен чыккан Иса пайгамбар!»+ — деп жооп берип келатты. 12  Иса ибадатканага кирип, соодагерлер менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салды+. 13  Анан аларга: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм тиленүү үйү деп аталат“+,— деп жазылган. Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып салдыңар»,— деди+. 14  Анан жанына келген сокурлар менен аксактарды айыктырды. 15  Жогорку дин кызматчылар менен китепчилер Исанын кереметтүү иштерин+ көргөндө жана балдардын ибадатканада: «Өтүнөбүз, Дөөтүнүн Уулун+ куткар!»+ — деп кыйкырып жатканын укканда кыжырданып, 16  Исага: «Булардын айткандарын угуп жатасыңбы?» — дешти. Ал: «Ооба. „Өзүңдү жаш балдар менен наристелерге даңктаттың“+,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер?» — деди+. 17  Анан шаардан чыгып, Бетанияга барды да, ошол жерде түнөдү+. 18  Иса эртең менен эрте шаарга кайтып келатып ачка болду+. 19  Ал жол боюндагы анжир дарагын көрүп, жанына басып барды. Бирок жалбырактарынан башка эч нерсе таппагандыктан+, ага: «Мындан ары эч качан мөмө байлаба»,— деди+. Анжир дарагы ошол замат куурап калды. 20  Муну көргөн шакирттери таң калып: «Анжир дарагы кантип бир заматта куурап калды?»+ — деп сурашты. 21  Иса: «Силерге айтып коёюн, эгер ишенимиңер болсо, эч шектенбесеңер+, муну эле эмес, мындан да көптү кыласыңар. Атүгүл бул тоого: „Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш“,— десеңер, ал түшөт+. 22  Ошентип, эмне жөнүндө ишеним менен тиленбегиле, баарын аласыңар»,— деди+. 23  Иса ибадатканага кирип, элди окутуп жатканда, жанына жогорку дин кызматчылар менен эл аксакалдары келип+: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп сурашты+. 24  Иса аларга: «Мен да силерден бир нерсе сурайын. Эгер жооп берсеңер, буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтам+. 25  Жакан чөмүлдүрүүгө бийликти каяктан алган эле? Асманданбы же адамдарданбы?» — деди+. Ошондо алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал бизге: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт+. 26  „Адамдардан“,— деп айталы десек, элден коркобуз+, анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет»+,— деп сүйлөшө башташты. 27  Анан Исага: «Билбейбиз»,— деп жооп беришти. Ошондо ал мындай деди: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм+. 28  Кандай деп ойлойсуңар? Бир кишинин эки уулу болгон экен+. Ал биринчисине барып: „Балам, бүгүн жүзүмзарга барып иштеп кел“,— деп айтат. 29  Баласы: „Макул, мырзам“+,— дейт, бирок барбай коёт. 30  Атасы экинчисине да барып, ошондой дейт. Ал баласы: „Барбайм“,— дейт. Бирок кийин өкүнүп+, иштегени барат. 31  Экөөнүн кайсынысы атасынын эркин аткарды?»+ Алар: «Экинчиси»,— дешти. Ошондо Иса мындай деди: «Ишенип койгула, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышалыгына силерден мурун баратышат. 32  Анткени Жакан силерге адилдиктин жолун көрсөткөнү келген+, бирок ага ишенбей койдуңар+. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар болсо ишеништи+. Силер баарын көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ага ишенген да жоксуңар. 33  Дагы бир мисалды уккула: бир киши жүзүм отургузат да+, жүзүмзарын айландыра тосот. Анын ичине жүзүм сыккыч орнотуп, мунара салат+. Анан жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, башка өлкөгө кетет+. 34  Түшүм жыйноо маалы келгенде, ал жүзүмзарынын жемишинен алыш үчүн кулдарын багбандарга жөнөтөт. 35  Бирок багбандар аларды кармап алып, бирин сабашат, башкасын таш бараңга алышат, дагы бирин өлтүрүп салышат+. 36  Жүзүмзардын ээси кийинки жолу мурункудан да көп кулдарын жөнөтөт, бирок багбандар аларга да ошондой мамиле кылышат+. 37  Акырында ал: „Уулумду сыйлашар“ — деп, уулун жөнөтөт. 38  Аны көрүп, багбандар бири-бирине: „Бул — мурасчы+. Жүргүлө, өлтүрүп, мурасын ээлеп алалы!“ — деп айтышат+. 39  Анан аны кармап алып, жүзүмзардын сыртына сүйрөп чыгып, өлтүрүп салышат+. 40  Кийин жүзүмзардын ээси келгенде, ал багбандарды эмне кылат?» 41  Алар: «Зулумдарды өлтүрүп+, жүзүмзарын түшүмүн өз убагында жыйнап бере турган башка багбандарга берет»,— дешти+. 42  Ошондо Иса аларга мындай деди: «Ыйык Жазмадан: „Куруучулар жаратпай койгон таш+ бурчка коюлуучу негизги таш болуп калды+. Бул Жахабадан, биздин көзүбүзгө таң калыштуу көрүнөт“,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер? 43  Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет+. 44  Ким ал ташка жыгылса — жанчылат. Ал эми таш кимдин үстүнө куласа, аны басып калат»+. 45  Бул мисалдарды укканда жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер Исанын алар жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү+. 46  Алар аны кармаганга аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Исаны пайгамбар деп эсептечү+.

Шилтемелер