Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Матай 18:1—35

18  Ошол убакта шакирттер Исанын жанына келип: «Асман Падышалыгында ким баарынан чоң болот?»+ — деп сурашты.  Иса бир кичинекей баланы чакырып, ортого тургузду да+,  мындай деди: «Силерге айтып коёюн, жолуңардан бурулуп, кичинекей балдардай болбосоңор+, асман Падышалыгына кирбейсиңер+.  Ошондуктан ким өзүн ушул кичинекей баладай төмөн койсо+, ал асман Падышалыгында чоң болот+.  Ким ушундай баланы менин ысмым үчүн кабыл алса, ал мени кабыл алган болот+.  Ал эми ким мага ишенген ушул кичинелердин бирин мүдүрүлтсө*, анын мойнуна эшек айланткан тегирмен ташын+ байлап, деңиздин терең жерине чөктүрүп жиберишсе жакшы болмок+.  Адамдарды күнөөгө түрткөнү үчүн* дүйнөнү каран түн басат! Күнөөгө түрткөн нерселер болбой койбойт+, бирок алар ким аркылуу болсо, ошонун башына каран түн түшөт!+  Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер+. Эки колуң же эки бутуң менен түбөлүк отко ташталгандан көрө, мунжу же чолок болуп өмүргө ээ болгонуң жакшы+.  Эгер көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң менен оттуу гээнага* ташталгандан көрө, бир көзүң менен өмүргө ээ болгонуң жакшы+. 10  Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кемсинтпегиле, анткени, силерге айтарым, алардын периштелери+ асманда Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат+. 11  * —— 12  Кандай деп ойлойсуңар, жүз кою бар кишинин бир кою жоголуп кетсе+, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебей коёбу?+ 13  Эгер аны таап алса, ишенип койгула, жоголбогон токсон тогуз коюна караганда табылган кою үчүн көбүрөөк сүйүнөт+. 14  Ошо сыяктуу эле, асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт+. 15  Эгер бир тууганың сага каршы күнөө кылса, бар да, жекеме-жеке сүйлөшүп, айыбы эмнеде экенин айт+. Эгер сени укса, анда бир тууганыңды кайтарып алган болосуң+. 16  Эгер укпаса, бир же эки кишини ээрчитип бар. Ошентип, ар бир иш эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталсын+. 17  Эгерде аларды укпаса, жыйналышка билдир. Жыйналышты да укпай койсо, анда ал сен үчүн дүйнөнүн адамындай+ же салык жыйноочудай болсун+. 18  Ишенип койгула, жерде эмнени байласаңар, ал асманда да байланган болот. Жерде эмнени чечсеңер, ал асманда да чечилген болот+. 19  Буга да ишенип койгула, жер үстүндө араңардан экөөңөр макулдашып алып, бир маанилүү нерсе жөнүндө сурансаңар, аны асмандагы Атам орундатат+. 20  Кайсы жерде эки же үч адам менин атыман чогулса+, мен ошол жерде алардын арасында болом»+. 21  Ошондо Петир Исанын жанына келип: «Мырзам, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек?+ Жети жолубу?»+ — деп сурады. 22  Иса мындай деди: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиш жети жолу+. 23  Мына ошондуктан асман Падышалыгын кулдары менен эсептешүүнү чечкен+ падышага салыштырууга болот+. 24  Эсептеше баштаганда, ага 10 000 талант* карыз болгон кулду алып келишти. 25  Карызынан кутулууга анын эч нерсеси жок болгондуктан, падыша анын өзүн, аялын, балдарын жана колунда болгондун баарын сатып, карызын кайтарып берүүнү буйруду+. 26  Ошондо кул падышанын бут алдына жыгылып: „Бир аз сабыр эте туруңуз, мен баарын төлөп берем“,— деп жалбара баштады. 27  Падышанын боору ооруп, кулунун карызын кечти да+, коё берди+. 28  Кул болсо сыртка чыгып, өзүнө жүз динар*+ карыз болгон башка кулду издеп таап, аны: „Карызыңды төлө“,— деп муунтуп кирди. 29  Ошондо ал кул жүзтөмөндөп жыгылып: „Бир аз сабыр эте тур+, төлөп берем“,— деп жалбара баштады. 30  Бирок тиги кулдун күткүсү келген жок. Барды да, карызын төлөп бермейин, аны түрмөгө каматып койду. 31  Муну көрүп, башка кулдар аябай капаланышты. Анан падышага барып, бүт баарын айтып беришти+. 32  Ошондо падыша ал кулду чакыртып алып: „Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңда бүт карызыңды кечтим эле го. 33  Мен сага ырайым кылгандай+, сен да тиги кулга ырайым кылышың керек эмес беле?“ — деди+. 34  Каары кайнаган падыша+ аны, бүт карызын төлөп бермейин, түрмө сакчыларынын колуна тапшырды. 35  Анын сыңарындай+, эгерде ар бириңер бир тууганыңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге ушундай мамиле кылат»+.

Шилтемелер

1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «мүдүрүлтүүчү таштары үчүн».
Кара: 9-тирк.
Мт 17:21дин шилт-н кара.
Б. а. 60 миллион динар. Талант — байыркы жүйүттөрдүн салмак жана акча бирдиктеринин эң чоңу. Б. з. 1-кылымында бир талант 20,4 килограммдык күмүш же алтын болгон. Кара: 13-тирк.
13-тиркемени жана 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.