Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Матай 15:1—39

15  Ошол убакта Исага Иерусалимден фарисейлер менен китепчилер келип+:  «Эмнеге шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп жатышат? Мисалы, тамактын алдында колдорун жуушпайт*»,— дешти+.  Иса мындай деп жооп берди: «Эмнеге өзүңөр чыгарып алган салтыңар үчүн Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?+  Мисалы, Кудай: „Ата-энеңди сыйла“+; „Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын“,— деп айткан+.  Силер болсо: „Ким атасына же энесине: “Сизге жардам катары бере турган нерселеримдин баары — Кудайга арналган тартуу”,— деп айтса,  ал атасын сыйлоого милдеттүү эмес“,— дейсиңер+. Ошентип, өзүңөрдүн салтыңар үчүн Кудайдын сөзүнүн баркын кетирип жатасыңар+.  Эки жүздүүлөр+, Ышая силер жөнүндө+ мындай деп туура пайгамбарлык кылган:  „Бул эл мени оозу менен урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс+.  Алар мага куру бекер сыйынып жатышат, анткени адамдардын осуяттарын Кудайдын окууларындай кылып үйрөтүшөт“»+. 10  Анан элди жанына чакырып: «Уккула да, сөздөрүмдүн маанисин түшүнгүлө+: 11  адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат»,— деди+. 12  Ошондо шакирттери ага келип: «Айткан сөздөрүңдү укканда фарисейлердин кыжыры келгенин билесиңби?» — дешти+. 13  Иса: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат+. 14  Аларды жайына койгула. Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт»,— деп жооп берди+. 15  Петир ага: «Бизге жанагы мисалды түшүндүрүп берчи»,— деди+. 16  Ошондо Иса: «Силер да алигиче түшүнө элексиңерби?+ 17  Оозго кирген нерсенин баары ашказанга барып, анан тышка чыгарын билбейсиңерби? 18  Ал эми ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат. Ошолор адамды арам кылат+. 19  Мисалы, жүрөктөн жаман ойлор+, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук, уурулук, жалган жалаа, акарат сөздөр чыгат+. 20  Адамды мына ушулар арам кылат, ал эми колду жуубай тамактануудан эч ким арам болуп калбайт»,— деди+. 21  Ал жерден чыгып, Иса Тир менен Сидон тарапка жөнөдү+. 22  Ошол аймактардан финикиялык+ бир аял келип: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, мага кайрымдуулук кыла көр+. Ичине жин кирип алгандыктан, кызым катуу кыйналып жатат»,— деп кыйкыра баштады. 23  Бирок Иса эчтеке деп жооп берген жок. Ошондо шакирттери жанына келип: «Бул аялды кетирип жиберчи: артыбыздан калбай кыйкырып келатат»,— дешти. 24  Ал: «Мен баарына эмес, Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна гана жиберилгем»+,— деп жооп берди. 25  Ошондо аял Исанын жанына келип, таазим кылды да: «Мырзам, жардам берчи!» — деди+. 26  Иса болсо: «Балдардан нанды алып, күчүктөргө берген жакшы эмес»,— деп айтты. 27  Аял: «Ооба, Мырзам. Бирок күчүктөр деле кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— деди+. 28  Ошондо Иса: «Оо, аял, ишенимиң күчтүү экен. Сен каалагандай болсун»,— деди. Ошол замат кызы айыгып калды+. 29  Иса андан ары жөнөп, Галилея деңизине келди+. Анан тоого чыгып отурду+. 30  Ошондо жанына көп эл келди. Алар аксак, мунжу, сокур, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды анын бут алдына алып келип жатышты. Иса алардын баарын айыктырды+. 31  Дудуктардын сүйлөп, сокурлардын көрүп, аксактардын басып жатканын көргөн эл абдан таң калып, Ысрайылдын Кудайын даңктап жатты+. 32  Иса шакирттерин чакырып алып+: «Элге боорум ооруп жатат+, себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эч нерселери жок. Жолдо алсырап калышабы деп, ачка кетиргим келбей турат»,— деди. 33  Шакирттери: «Мындай ээн жерде ушунча көп элди тойгузганга нанды кайдан табабыз?» — дешти+. 34  Иса: «Канча наныңар бар?» — деп сурады. «Жети нан, бир нече майда балык бар»,— деп жооп беришти. 35  Элдин баарына жерге отурууну буйругандан кийин 36  Иса жети нан менен балыктарды алды да, Кудайга ыраазычылык билдирди. Анан аларды бөлүп, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты+. 37  Бардыгы тоё жешти. Жегенден калганын чогултканда, жети чоң себет толду+. 38  Аялдар менен кичинекей балдарды кошпогондо, тамактангандардын саны 4000дей эле. 39  Элди тараткандан кийин Иса кайыкка түшүп, Магадан аймагына барды+.

Шилтемелер

Бул алардын колун жуубаганын эмес, жүйүттөрдүн салты боюнча жуунуу каадасын аткарышпаганын билдирет.