Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Матай 12:1—50

12  Ишемби* күндөрдүн биринде Иса эгин талааларын аралап баратты+. Жанындагы шакирттери ачка болгондуктан буудайдын башын үзүп, жей башташты+.  Муну көргөн фарисейлер Исага+: «Карачы, шакирттериң ишембиде кылганга болбой турган ишти кылып жатышат»,— деп айтышты+.  Ошондо Иса мындай деди: «Өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо, Дөөтүнүн эмне кылганын окуган эмес белеңер?+  Ал Кудайдын үйүнө кирип, кишилери менен бирге тартуу катары алынып келген нандардан+ жегенин билбейсиңерби? Аларды дин кызматчылардан башка эч ким+: Дөөтү да, жанындагылары да жебеши керек болчу+.  Же ишемби күндөрү ибадатканадагы дин кызматчылардын ал күндү ыйык тутушпаганына карабай айыптуу болбой турганын+ Мыйзамдан+ окуган эмес белеңер?  Силерге айтып коёюн, бул жерде ибадатканадан да улук бирөө бар+.  Эгерде силер: „Мен курмандыкты эмес+, кайрымдуулукту каалайм“+,— деген сөздөр эмнени билдирерин түшүнсөңөр, айыпсыздарды күнөөлөбөйт болчусуңар.  Анткени адам Уулу+ — ишембинин Мырзасы»+.  Иса ал жактан кеткенден кийин синагогага барды. 10  Ал жерде колу сенек бир киши бар эле+. Исаны айыпка жыгыш үчүн: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» — деп сурашты+. 11  Ал: «Араңардан кимиңер, жалгыз кою ишембиде аңга түшүп кетсе+, аны алып чыкпай коёт?+ 12  Койго караганда адам алда канча баалуу эмеспи!+ Демек, ишемби күнү жакшылык кылууга болот»,— деди. 13  Анан тиги кишиге: «Колуңду сун»,— деди. Ал сунганда, колу берки колундай сопсоо болуп калды+. 14  Ошондо фарисейлер тышка чыгып, Исаны өлтүрүш үчүн кеңеше башташты+. 15  Аны билип, Иса ал жерден кетип калды. Артынан бир топ киши ээрчип жөнөдү. Иса алардын баарын айыктырды+. 16  Бирок ал өзү жөнүндө эч кимге айтпоону буйрук кылды+. 17  Бул Ышая пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду: 18  «Мына, мен тандап алган, жаным жактырган сүйүктүү+ кызматчым!+ Мен ага рухумду берем+. Ал элдерге адилеттүүлүк эмне экенин түшүндүрөт. 19  Ал талашып-тартышпайт+, кыйкырбайт, чоң көчөлөрдөн анын үнүн эч ким укпайт. 20  Адилеттүүлүктү жеңишке жеткирмейин+, чала сынган камышты сындырбайт, бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүрбөйт+. 21  Анын ысмына элдер үмүт артат»+. 22  Андан кийин ага сокур, дудук жана жин оорулуу бир кишини алып келишти. Иса аны айыктырганда, ал сүйлөп, көрүп калды. 23  Элдин баары: «Дөөтүнүн Уулу ушул эмеспи?»+ — деп таң калып жатты+. 24  Муну уккан фарисейлер: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Белзебулдун* жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешти+. 25  Алардын оюн билип+, Иса мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт+, ич ара бөлүнгөн ар бир шаар же үй кыйрайт. 26  Ошо сыяктуу эле, эгер Шайтан Шайтанды кууп чыгарып жатса, анда ал ич ара бөлүнгөн болот. Андай болсо, анын падышалыгы кантип туруштук бере алат? 27  Мен жиндерди Белзебулдун+ жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер кимдин жардамы менен кууп чыгарып жатышат? Андыктан силерге ошолор сот болот. 28  Эгер мен жиндерди Кудайдын рухунун жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда Кудайдын Падышалыгы силерге өзүңөр күтпөгөн убакта келди+. 29  Күчтүү бирөөнүн үйүн тоногону кирген киши анын өзүн байламайынча мүлкүн ээлей алабы? Аны байлагандан кийин гана үйүн тонойт эмеспи+. 30  Ким мен тарапта болбосо, ал мага каршы. Ким мени менен жыйнабаса, ал чачат+. 31  Ошондуктан силерге айтып коёюн, адамдардын ар кандай күнөөлөрү менен акарат сөздөрү кечирилет, бирок рухка каршы айткан акарат сөздөрү кечирилбейт+. 32  Мисалы, ким адам Уулуна каршы сүйлөсө, кечирилет+. Ал эми ким ыйык рухка каршы сүйлөсө, азыркы дүйнө түзүлүшүндө* да, келечектеги дүйнө түзүлүшүндө да кечирилбейт+. 33  Дарак жакшы болсо, жемиши да жакшы болот, дарак жаман болсо, жемиши да жаман болот; дарактын кандай экени жемишинен билинет+. 34  Кара чаар жыландын тукумдары+, өзүңөр жаман болуп туруп, кантип жакшы нерсе айта аласыңар?+ Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт+. 35  Жакшы киши жакшы казынасынан жакшы нерселерди алып чыгат+, ал эми жаман киши жаман казынасынан жаман нерселерди алып чыгат+. 36  Силерге айтып коёюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн Сот күнүндө жооп беришет+. 37  Анткени сөздөрүңө жараша адил деп жарыяланасың же айыпталасың»+. 38  Ошондо китепчилер менен фарисейлердин айрымдары: «Устат, бизге жышаан көрсөтчү»,— дешти+. 39  Иса болсо мындай деди: «Бузулган+, каардуу муун дагы деле жышаан издеп келет, бирок ага Жунус пайгамбардыкынан башка жышаан көрсөтүлбөйт+. 40  Жунус+ чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болгондой эле, адам Уулу да+ жер койнунда+ үч күн, үч түн болот+. 41  Нинебиликтер Сот күнүндө бул муун менен бирге тирилип+, аны айыпташат+. Анткени алар Жунустун кабарын угуп өкүнүшкөн+. Ал эми бул жерде Жунустан да улук бирөө бар. 42  Сот күнүндө түштүк канышасы+ бул муун менен бирге тирилип, аны айыптайт. Анткени ал Сулаймандын даанышман сөздөрүн угуш үчүн жердин түбүнөн келген. Ал эми бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар+. 43  Адамдын ичинен чыккандан кийин жин убактылуу жай издеп, кургак жерлердин баарын кыдырат, бирок эч жай таппайт+. 44  Ошондо ал: „Чыккан үйүмө эле кайра барайын“,— дейт. Кайтып келип, анын бош экенин жана шыпырылып, жасалгаланганын көрөт. 45  Анан барып, өзүнөн да каардуу+ жети жинди ээрчитип келет да, баары ошол жерге кирип, жашап калышат. Ошондо тиги адамдын абалы мурункусунан да жаман болот+. Бул каардуу муун да ушундай абалга туш болот»+. 46  Иса элге сүйлөп жатканда, аны менен сүйлөшүү үчүн энеси менен бир туугандары келди+. 47  Ошондо кимдир бирөө ага: «Энең менен бир туугандарың сени менен сүйлөшүш үчүн сыртта күтүп турушат»,— деди. 48  Иса ага: «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?» — деди да+, 49  шакирттерин көрсөтүп: «Мына менин энем, мына бир туугандарым!+ 50  Анткени ким асмандагы Атамдын эркин аткарса, бир тууганым — ошол, энем — ошол»,— деп айтты.

Шилтемелер

Жүйүттөр үчүн ишемби жуманын жетинчи күнү болгон. Ал күн эс алууга, рухий иштерге арналчу. 1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Шайтандын дагы бир аты.
Мт 24:3түн шилт-н кара.