Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 8:1—38

8  Ошол күндөрү Исанын жанына дагы көп эл чогулду. Алардын жегенге эч нерсеси жок болгондуктан, ал шакирттерин чакырып+:  «Элге боорум ооруп жатат+, себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эчтекеси жок.  Үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, анткени кээ бирлери алыстан келген»,— деди.  Буга шакирттери: «Ушундай ээн жерде бул элдин баарын тойгузганга кайдан нан табылмак эле?» — дешти+.  Иса: «Канча наныңар бар?» — деп сурады. Алар: «Жети»,— деп жооп беришти+.  Ошондо ал жанындагы элдин баарына жерге отурууну буйруду да, жети нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди+. Анан нандарды бөлүп, таратыш үчүн шакирттерине берди, алар болсо элге тарата баштады+.  Аларда бир нече кичинекей балык да бар болчу. Тиленгенден кийин Иса балыктарды да таратып берүүнү буйруду+.  Бардыгы тоё жешти. Жегенден калганын чогултканда, жети чоң себет толду+.  Ал жерде болсо 4000дей эркек киши бар эле. Анан Иса элди таратты+. 10  Ошол замат ал шакирттери менен кайыкка түшүп, Далманута жергесине барды+. 11  Алдынан фарисейлер чыгып, аны менен талашып-тартыша башташты. Алар аны сынаш үчүн асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты+. 12  Ал үшкүрүнүп+: «Эмнеге бул муун жышаан издейт? Силерге айтып коёюн, бул муунга эч кандай жышаан көрсөтүлбөйт»,— деди+. 13  Анан алардын жанынан кетип, кайрадан кайыкка түштү да, аркы өйүзгө жөнөдү. 14  Шакирттери нан алууну унутуп коюшкан болчу. Кайыкта алардын бир нандан башка жегенге эчтекеси жок эле+. 15  Иса аларга: «Байкагыла! Фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула»,— деп айкын эскертти+. 16  Ошондо шакирттери нан албай калышканы үчүн өз ара талашып-тартыша башташты+. 17  Муну байкап, Иса: «Эмнеге нан албай калганыңар үчүн талашып жатасыңар?+ Дагы эле баамдап, түшүнө элексиңерби? Жүрөгүңөр дагы деле ачыла элекпи?+ 18  „Көзүңөр болсо да, көрбөй, кулагыңар болсо да, укпай жатасыңарбы?“+ Эсиңерден чыгып кеттиби, 19  беш нанды+ 5000 кишиге бөлүп бергенимде, артып калганын чогултканыңарда, канча себет толду эле?» — деди. Алар: «Он эки»,— дешти+. 20  Иса: «Ал эми жети нанды 4000 кишиге бөлүп бергенимде, артып калганын чогултканыңарда, канча чоң себет толду эле?» — деп сурады. Алар: «Жети»,— деп жооп беришти+. 21  Ошондо ал: «Анан дагы эле түшүнбөй жатасыңарбы?» — деди+. 22  Алар Бетсаидага келгенде, ал жердегилер Исага бир сокур кишини алып келип, ага колун тийгизишин өтүнүштү+. 23  Иса аны жетелеп, кыштактан алып чыкты. Анан көзүнө түкүрүп+, үстүнө колдорун койду да: «Бир нерсе көрүп жатасыңбы?» — деп сурады. 24  Тиги киши өйдө карап: «Бирөөлөрдү көрүп жатам, анткени дарактарга окшогон бир нерселер көрүнүп жатат, бирок басып жүрүшөт»,— деди. 25  Иса кайрадан колдорун анын көздөрүнө койгондо, ал айыгып, баарын даана көрө баштады. 26  Анан Иса аны үйүнө жөнөтүп жатып: «Кыштакка кирбе»,— деп айтты+. 27  Андан кийин Иса шакирттери менен Филип Кесариясындагы айыл-кыштактарга жөнөдү. Жолдо баратып алардан: «Башкалар мени ким деп ойлошот?» — деп сурады+. 28  Алар: «Айрымдар Чөмүлдүрүүчү Жакан+, башкалары Илияс+, дагы бирөөлөрү пайгамбарлардын бири деп айтып жүрүшөт»,— дешти+. 29  Ошондо Иса: «Силер мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сурады. Петир: «Сен Машаяксың»,— деп жооп берди+. 30  Бирок Иса аларга өзү жөнүндө эч кимге айтпоону буйруду+. 31  Анан адам Уулунун көп азап чегиши, аксакалдар менен жогорку дин кызматчылар жана китепчилер тарабынан четке кагылышы, андан соң өлтүрүлүп+, үч күндөн кийин тирилиши керектигин айта баштады+. 32  Бул тууралуу Иса аларга ачык айтты. Ошондо Петир аны четке алып чыгып, каршы боло баштады+. 33  Иса бурулуп, шакирттерин карады да, Петирге: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени сенин ойлоруң Кудайдыкы эмес, адамдыкы»,— деп катуу айтты+. 34  Анан элди жана шакирттерин чакырып, мындай деди: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун+. 35  Анткени ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн жанынан айрылса, аны сактап калат+. 36  Чынында, адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда?+ 37  Ал өз жанынын ордуна эмне бере алат?+ 38  Ушул бузулган, күнөөкөр муундун алдында ким менин шакиртим болуудан жана сөздөрүмө ишенүүдөн уялса, адам Уулу да ыйык периштелердин коштоосунда Атасынын даңкы менен келгенде+ аны шакирти катары кабыл алуудан уялат»+.

Шилтемелер