Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 4:1—41

4  Иса кайрадан деңиздин боюнда+ Кудайдын сөзүн окута баштады. Жанына абдан көп эл чогулгандыктан, ал кайыкка түшүп, бир аз ары сүзүп барды. Эл болсо жээкте турду+.  Иса мисалдардын жардамы менен аларды көп нерсеге окутту+. Ал окутуп жатып мындай деди+:  «Кулак салгыла. Үрөн себүүчү сепкени чыкты+.  Ал сээп жатканда, үрөндүн айрымдары жол боюна түштү. Чымчыктар учуп келип, аларды жеп кетти+.  Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Ал жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты+.  Бирок терең тамыр албагандыктан, күн чыгып, ысый баштаганда, куурап калды+.  Башкалары тикенектин арасына түштү. Тикенектер өсүп кетип, аларды басып салгандыктан, алар түшүм берген жок+.  Калган үрөндөр жакшы жерге түшүп+, өсүп чыкты да, түшүм бере баштады. Алар отуз, алтымыш, жүз эсе көп түшүм берди»+.  Анан ал: «Уга турган кулагы бар адам уксун»+,— деп кошумчалады. 10  Иса жалгыз калганда, он эки элчиси менен башка шакирттери анын айткан мисалдарына байланыштуу суроо бере башташты+. 11  Ал: «Силерге Кудайдын Падышалыгынын ыйык сыры ачылып берилди+, башкалар үчүн болсо уккандарынын баары мисал бойдон калат+. 12  Алар карап турса да, көрбөшү үчүн, угуп турса да, уккандарын түшүнбөшү үчүн, мага эч качан кайрылбашы үчүн, күнөөлөрү кечирилбеши үчүн ушундай болуп жатат»+,— деп жооп берди. 13  Анан мындай деди: «Бул мисалды түшүнбөй жатсаңар, анда калгандарын кантип түшүнөсүңөр? 14  Себүүчү Кудайдын сөзүн себет+. 15  Кээ бир адамдар жол боюна түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угары менен, Шайтан келип+, жүрөктөрүнө себилген сөздү алып кетет+. 16  Ал эми кээ бирөөлөр таштак жерге түшкөн үрөнгө окшош: андай адамдар сөздү угар замат кубаныч менен кабыл алышат+. 17  Терең тамыр албаса да, алар кайсы бир убакытка чейин өсө беришет. Бирок Кудайдын сөзү үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка дуушар болору менен четтеп кетишет+. 18  Дагы башкалары тикенектин арасына түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угушат+, 19  бирок бул дүйнөнүн түйшүгү+, алдама байлык+ жана башка каалоолор+ жүрөктөрүн ээлеп алып, Кудайдын сөзүн басып салат да, сөз жемиш бербей калат+. 20  Айрымдар болсо жакшы жерге түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угуп, чын дилден кабыл алышат да, отуз, алтымыш, жүз эсе көп түшүм беришет»+. 21  Иса сөзүн улап: «Чыракты көмкөрүлгөн өлчөгүч идиштин же керебеттин астына коюшабы? Аны чыракпаяга коюшат эмеспи+. 22  Ачылбай кала турган жашыруун эч нерсе жок; бек катылган нерсе да убагы келгенде ачыкка чыгат+. 23  Уга турган кулагы бар адам уксун»,— деп айтты+. 24  Андан ары: «Угуп жаткан нерселериңерге көңүл бургула+. Башкаларга кандай өлчөм менен өлчөп берсеңер, алар да силерге ошондой өлчөм менен өлчөп беришет+, атүгүл үстүнө кошуп беришет+. 25  Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат»,— деди+. 26  Иса сөзүн улап: «Кудайдын Падышалыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир киши жерге үрөн себет+. 27  Ал түнкүсүн уктайт, күндүзү турат, үрөн болсо өнүп-өсө берет. Сепкен киши анын кантип өсүп жатканын билбейт+. 28  Жер өзү акырындык менен түшүм берет: адегенде үрөн өнүп чыгат, анан баш алып, данга толот. 29  Эгин бышып, оруп-жыюу маалы келери менен, жер ээси орок салат»,— деди. 30  Анан: «Кудайдын Падышалыгын эмнеге салыштырсак болот же кандай мисал менен түшүндүрсөк болот?+ 31  Ал сары кычы данына* окшош. Себилгенде ал дан жер бетиндеги уруктардын ичинен эң кичинекейи болсо да+, 32  өсүп чыкканда бакча өсүмдүктөрүнүн баарынан чоң болуп, бутактарын кенен жаят+. Анын көлөкөсүнө чымчыктар+ корголойт»,— деди+. 33  Иса Кудайдын сөзүн ушу сыяктуу көп мисалдар менен түшүндүрүп+, эл канча түшүнө алса, ошончо сүйлөдү. 34  Ал мисалсыз сүйлөчү эмес, шакирттерине болсо бардыгын өзүнчө түшүндүрүп берчү+. 35  Ошол күнү кечинде ал шакирттерине: «Аркы өйүзгө өтөлү»,— деди+. 36  Элди тараткандан кийин алар Иса менен кайыкка отуруп, сүзүп кетишти. Ал жерде башка кайыктар да бар эле+. 37  Бир убакта аябай катуу шамал көтөрүлүп, толкун болгондуктан, кайыктын ичи сууга толо баштады+. 38  Иса кайыктын арт жагында жаздык жазданып уктап жаткан эле. Шакирттери аны ойготуп: «Устат, чөгүп кетсек деле, сага баары бирби?» — дешти+. 39  Ал ордунан туруп, шамалды тыйды да, деңизге: «Басыл! Тынчы!» — деди+. Ошондо шамал токтоп, айлана тыптынч болуп калды+. 40  Анан ал шакирттеринен: «Эмнеге мынча корктуңар? Дагы деле ишенимиңер жокпу?» — деп сурады. 41  Алар болсо аябай коркуп, бири-бирине: «Шамалды да, деңизди да баш ийдире алган деги бул ким?» — деп жатышты+.

Шилтемелер

Мт 13:31дин шилт-н кара.