Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 3:1—35

3  Иса кайрадан синагогага кирди. Ал жерде колу сенек бир киши бар эле+.  Фарисейлер Исаны айыпка жыгууну көздөп, тиги кишини ишемби күнү айыктырар бекен деп, тигиле карап турушту+.  Иса колу сенек кишиге: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— деди.  Анан тигилерден: «Мыйзам боюнча, ишемби күнү жакшылык кылыш керекпи же жамандык кылыш керекпи? Жанды куткарыш керекпи же өлтүрүш керекпи?»+ — деп сурады. Алар унчугушкан жок.  Иса алардын жүрөктөрүнүн мерез болуп калганына+ катуу кайгырып, аларга ачуулана карады да, тиги кишиге: «Колуңду сун»,— деди. Ал сунганда, колу айыгып калды+.  Ошондо фарисейлер тышка чыгып, Исаны өлтүрүш үчүн Ироддун жактоочулары+ менен кеңеше башташты+.  Иса болсо шакирттери менен деңизди көздөй бет алды. Артынан Галилея менен Жүйүт аймагында жашаган көп эл жөнөдү+.  Анын кылган иштери жөнүндө укканда Иерусалимден, Идумеядан, Иордандын аркы өйүзүнөн, Тир+ менен Сидондун айлана-тегерегинен ага көптөр келди.  Ошондо ал, элдин арасында кысылып калбаш үчүн, шакирттерине кичирээк кайык камдап коюуну буйруду. 10  Анткени ал көптөрдү айыктыргандыктан, катуу оорусу барлардын баары колдорун тийгизиш үчүн аны көздөй жүткүнүп жатышкан эле+. 11  Жиндер+ да Исаны көргөндө алдына жыгылып: «Сен Кудайдын Уулусуң»,— деп кыйкырып жатышты+. 12  Бирок Иса аларга өзү жөнүндө эч кимге айтпоону көп жолу буйруду+. 13  Андан кийин тоого чыгып, өзү тандап алгандарды+ чакырды. Алар жанына келишти+. 14  Иса ошол шакирттеринин ичинен он экисин тандап, элчилер деп атады. Алар Исаны коштоп жүрүшмөк, кийинчерээк ал аларды кабар айтууга жөнөтмөк+, 15  ошондой эле аларга жиндерди кууп чыгарууга бийлик бермек+. 16  Ал тандаган он эки элчи булар: Симон (Иса аны Петир+ деп да койчу), 17  Зебедейдин уулдары Жакып+ менен Жакан (Иса аларды Боанергес деп да койчу. Бул «күн күркүрөөнүн уулдары» дегенди билдирет.), 18  Андрес, Филип, Барталамей, Матай, Томас, Алпейдин уулу Жакып, Тадай, Симон Кананей*, 19  кийинчерээк Исага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот+. Иса үйгө киргенде, 20  кайрадан көп эл чогулду. Ошондуктан алардын тамактанганга да мүмкүнчүлүгү болгон жок+. 21  Элдин чогулганын укканда туугандары+: «Ал акылынан айнып калыптыр» — деп+, Исаны алып кеткени келишти. 22  Иерусалимден келген китепчилер болсо: «Мунун ичине Белзебул* кирип алган. Бул деген жиндерди жиндердин башчысынын жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— деп жатышты+. 23  Ошондуктан Иса аларды чакырып алып, мындай мисал келтирди: «Шайтан Шайтанды кантип кууп чыгара алсын? 24  Ич ара бөлүнгөн падышалык кулайт+, 25  ич ара бөлүнгөн үй да урайт+. 26  Ошо сыяктуу эле, Шайтан өзүнө өзү каршы чыгып, ич ара бөлүнсө, ал туруштук бере албайт да, көп өтпөй жок болот+. 27  Күчтүү бирөөнүн үйүн тоногону кирген киши анын өзүн байламайынча мүлкүн тоной албайт+. Аны байлагандан кийин гана үйүн тонойт+. 28  Силерге айтып коёюн, адам баласы кандай акарат сөздөрдү айтпасын, кандай күнөөлөрдү кылбасын, баары кечирилет+. 29  Бирок ким ыйык рухка акарат кылса, ага эч качан кечирим болбойт. Анын күнөөсү түбөлүккө кечирилбейт»+. 30  Иса муну: «Анын ичине жин кирип алган»+,— дешкени үчүн айтты. 31  Энеси менен бир туугандары+ келди да, сыртта туруп, Исаны чакыртышты+. 32  Анын жанында көп эл отурган эле. Алар ага: «Энең менен бир туугандарың сыртта сени издеп жүрүшөт»,— дешти+. 33  Иса аларга: «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?» — деди да+, 34  айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына менин энем, мына бир туугандарым!+ 35  Ким Кудайдын эркин аткарса, бир тууганым — ошол, энем — ошол»,— деп айтты+.

Шилтемелер

Мааниси: «ынталуу».
Шайтандын дагы бир аты.