Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 2:1—28

2  Бир нече күндөн кийин Иса кайрадан Капернаумга келди. Анын үйдө экенин билишкенде+,  ал жерге көп эл чогулду. Келгендер ушунчалык көп болгондуктан, эшиктин алдында да орун калбай калды. Иса аларга Кудайдын сөзүн айта баштады+.  Ошондо ага шал оорулуу бирөөнү алып келишти. Аны төрт киши көтөрүп келди+.  Элдин көптүгүнөн аны Исанын жанына алып бара алышпагандыктан, үйдүн чатырын ачып, ал отурган жердин үстүн тешишти да, шал оорулууну замбили менен кошо ылдый түшүрүштү+.  Алардын ишенимин көрүп+, Иса шал оорулууга: «Балам, күнөөлөрүң кечирилди»,— деди+.  Ал жерде китепчилердин айрымдары бар эле. Алар ичинен+:  «Бул эмне үчүн минтип айтып жатат? Кудайга акарат кылып жатпайбы. Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат?»+ — деп ойлоп жатышты.  Ошол замат Иса алардын оюн билип: «Эмнеге минтип ойлоп жатасыңар?+  Шал оорулууга: „Күнөөлөрүң кечирилди“,— деп айткан оңойбу же: „Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, бас“,— деп айткан оңойбу?+ 10  Бирок адам Уулунун+ жерде күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн...»+ — деди да, шал оорулууга: 11  «Сага айтам, ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— деди+. 12  Ошондо ал ордунан турду да, замбилин алып, баарынын көзүнчө сыртка чыгып кетти+. Буга бардыгы абдан таң калып: «Мындайды биз эч качан көргөн эмес элек» — деп, Кудайды даңкташты+. 13  Иса кайрадан деңиздин жээгине барды. Анын жанына көп эл чогулду. Ошондо ал аларды окута баштады. 14  Анан ал жерден кеткенден кийин салык чогултуучу жайда отурган Алпейдин уулу Лебини көрүп+, ага: «Менин жолдоочум бол»,— деди+. Ал туруп, Исанын артынан жөнөдү. 15  Кийин Иса анын үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, Анын жолун жолдогон көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип+, аны менен шакирттеринин жанына отурушту+. 16  Исанын алар менен тамактанып отурганын көрүп, фарисейлердин* арасынан чыккан китепчилер анын шакирттерине: «Эмне, бул салык жыйноочулар, күнөөкөрлөр менен тамактана береби?» — дей башташты+. 17  Бул сөздөрдү угуп, Иса аларга: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж. Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деди+. 18  Жакандын шакирттери менен фарисейлер орозо кармашчу. Ошондуктан алар Исага келип: «Эмне үчүн Жакандын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо кармашат да, сенин шакирттериң кармашпайт?» — деп сурашты+. 19  Иса мындай деди: «Үйлөнө турган жигит достору менен жүргөндө, алар кайгырып орозо кармамак беле?+ Досу жанында жүргөндө, алар орозо кармашпайт+. 20  Ал досторунан бөлүнө турган күндөр келет, ошондо орозо кармашат+. 21  Эч ким эски сырт кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт. Болбосо жууганда ал кирип кетет да, кийим айрылып, жыртык мурункудан да чоң болуп калат+. 22  Ошондой эле жаңы шарапты эч ким эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап да, чанач да жарабай калат+. Жаңы шарапты жаңы чаначка куюшат»+. 23  Ишемби* күндөрдүн биринде Иса эгин талааларын аралап баратканда, жанындагы шакирттери буудайдын башын үзүп+, жей башташты+. 24  Ошондо фарисейлер Исага: «Буларды карачы! Эмне үчүн ишембиде кылганга болбой турган ишти кылып жатышат?» — дешти+. 25  Буга ал: «Тамак-ашы түгөнүп, өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо+, Дөөтүнүн эмне кылганын эч качан окуган эмес белеңер?+ 26  Жогорку дин кызматчы Абыятар+ жөнүндөгү билдирүүдө айтылгандай, Дөөтүнүн Кудайдын үйүнө кирип, ал жердеги тартуу катары алынып келген+, дин кызматчылардан башка эч ким жебеши керек болгон+ нандардан жегенин, жанындагыларга да бергенин билбейсиңерби?» — деди+. 27  Анан: «Адам ишемби үчүн эмес+, ишемби адам үчүн жаратылган+. 28  Ошондуктан адам Уулу — ишембинин да Мырзасы»,— деп кошумчалады+.

Шилтемелер

Мт 3:7нин шилт-н кара.
Мт 12:1дин шилт-н кара.