Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 16:1—20

16  Ишемби күн+ өткөндөн кийин, магдалалык Мариям+, Жакыптын энеси Мариям жана Саломе Исанын денесине сыйпаш үчүн жыпар жыттуу заттарды сатып алышты+.  Анан жуманын биринчи күнү*+ эртең менен эрте, күн чыкканда, мүрзөгө келишти+.  Жолдо алар: «Мүрзөнүн оозундагы ташты бизге ким жылдырып берет?» — деп өз ара сүйлөшүп келишкен болчу.  Бирок мүрзөгө келгенде таштын ордунан жылып калганын көрүштү+. Таш болсо аябай чоң эле.  Мүрзөнүн ичине киргенде, оң тарапта узун ак кийим кийген жигиттин отурганын көрүп, таң калып туруп калышты+.  Ал болсо аялдарга: «Таң калбагыла. Силердин устунга кадалган назареттик Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем+. Ал тирилди+, бул жерде жок. Мына жаткан жери+.  Баргыла да, анын шакирттерине жана Петирге: „Ал Галилеяга силерден мурун барат+, өзү айткандай, аны ошол жерден көрөсүңөр“+,— деп айткыла»,— деди.  Аялдар мүрзөдөн чыгып, бир чети таң калып, бир чети аябай толкунданып, чуркап жөнөштү. Коркконунан алар эч кимге эч нерсе айтышкан жок*+. * Ыйык Китептин беделдүү кол жазмалары сегизинчи аяттагы сөздөр менен аяктайт. Бирок байыркы кол жазмалардын айрымдарында төмөнкү узун корутунду камтылат, ал эми андан кийин берилген кыска корутунду кийинчерээк көчүрүлгөн кол жазмаларда камтылат. Корутундулардын экөө тең рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Жазманын бөлүгү болуп эсептелбейт. УЗУН КОРУТУНДУ  Иса жуманын биринчи күнү эртең менен эрте тирилип, адегенде магдалалык Мариямга көрүндү. Ал анын ичинен жети жинди кууп чыгарган болчу. 10  Мариям барып, бул тууралуу мурун Иса менен жүргөндөргө кабарлады. Ошол убакта алар кайгырып, ыйлап жатышкан эле. 11  Бирок алар Исанын тирилгенин, Мариямдын аны көргөнүн укканда ишенишкен жок. 12  Ошондон кийин Иса айылды көздөй бараткан эки шакиртине башка кейип менен көрүндү. 13  Ал экөө кайтып келип, бул тууралуу калган шакирттерге айтып беришти. Бирок алар бул жолу да ишенбей коюшту. 14  Кийинчерээк ал дасторкон үстүндө отурган он бир шакиртине көрүнүп, аларды ишенишпегени жана жүрөктөрүнүн катаалдыгы үчүн жемеледи. Себеби алар анын тирилгенин көргөндөргө ишенбей коюшкан болчу. 15  Анан шакирттерине мындай деди: «Бүт дүйнөнү кыдырып, жакшы кабарды баарына жарыялагыла. 16  Ким ишенип, чөмүлтүлсө, ал куткарылат, ал эми ким ишенбесе, айыпталат. 17  Ишенгендер бул белгилерден айырмаланат: алар менин ысмым менен жиндерди кууп чыгарышат, башка тилдерде сүйлөшөт, 18  колу менен жыландарды кармашат, уулуу бир нерсе ичишсе да, эч зыян тартышпайт. Колдорун оорулуулардын үстүнө коюшканда, алар айыгышат». 19  Мырзабыз Иса алар менен сүйлөшкөндөн кийин асманга көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отурду. 20  Ал эми шакирттер барып, бардык жерде кабар айтып жүрүштү. Мырзабыз болсо аларга жардам берип, ар кандай кереметтер аркылуу кабардын чындык экенин далилдеп жатты. КЫСКА КОРУТУНДУ Ал эми Петирдин жанындагыларга өздөрүнө айтылгандын баарын кыскача айтып беришти. Андан кийин Иса өзү түбөлүк куткарылуу жөнүндөгү ыйык, өзгөрүлбөс кабарды алар аркылуу чыгыштан батышка чейин жарыялады.

Шилтемелер

Мт 28:1дин шилт-н кара.