Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 13:1—37

13  Иса ибадатканадан чыгып баратканда, шакирттеринин бири: «Устат, бул таштарды, бул имараттарды карачы!» — деди+.  Ошондо Иса: «Заңгыраган бул имараттарды айтып жатасыңбы?+ Бул жерде таш үстүндө таш калбайт+, баары кыйратылат»,— деди+.  Ал Зайтун тоосуна чыгып, ибадаткана көрүнгүдөй жерде отурганда, Петир+, Жакып, Жакан жана Андрес жанына барып+:  «Айтчы бизге, бул качан болот? Мунун баары аяктай турган убакты кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашты+.  Иса аларга мындай деди: «Сак болгула, силерди бирөө адаштырып кетпесин+.  Көптөр менин ысмым менен келип: „Мен Машаякмын“,— деп далайларды адаштырышат+.  Андан сырткары, ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын укканыңарда, үрөйүңөр учпасын. Булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры эмес+.  Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт+, жер-жерлерде жер титирөө+, ачарчылык болот+. Булар — азап-кайгынын башталышы+.  Силер болсо сак тургула. Менин шакиртим болгонуңар үчүн, силерди сотко беришет+, синагогаларда уруп-сабашат+, башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат; бул аларга күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот+. 10  Ошондой эле баарынан мурда+ бүт элдерге жакшы кабар таратылышы керек+. 11  Силерди сотко алып баратышканда, эмне айтарыңарды ойлоп, алдын ала тынчсызданбагыла+. Ошол учурда эмне берилсе, ошону айткыла, анткени силер эмес, ыйык рух сүйлөйт+. 12  Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят+ жана балдары ата-энесине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт+. 13  Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар+. Бирок акырына чейин чыдаган+ адам куткарылат+. 14  Бүлүндүрүүчү+ жийиркеничтин+ турбашы керек болгон жерде турганын көргөнүңөрдө (окуган киши баамдай билсин)+, Жүйүт жериндегилер тоого качсын+. 15  Ким үйдүн үстүндө болсо, ал түшүп, бир нерсе алыш үчүн үйүнө кирбесин+. 16  Ким талаада болсо, сырт кийимин алыш үчүн кайтып келбесин+. 17  Ошол күндөрү кош бойлуу аялдар менен эмчекте баласы барларга кыйын болот!+ 18  Бул нерселердин кышка туш келип калбашы үчүн тиленгиле+. 19  Анткени ошол күндөрдө Кудай дүйнөнү жараткандан бери болбогон жана кийин да болбой турган+ алаамат болот+. 20  Эгерде Жахаба ал күндөрдү кыскартпаса+, эч ким* куткарылмак эмес. Бирок ал ошол күндөрдү өзү тандап алгандар үчүн+ кыскартат+. 21  Ошондо кимдир бирөө силерге: „Мына, Машаяк бул жерде“ же „Ал тигил жерде“,— десе+, ишенбегиле+. 22  Анткени жалган Машаяктар жана жалган пайгамбарлар чыгат+. Алар, мүмкүн болсо, тандалгандарды адаштырыш үчүн+, жышаандарды, кереметтерди көрсөтүшөт+. 23  Силер болсо сак болгула+. Мен силерге бардыгын алдын ала айттым+. 24  Ошол күндөрү, ал алааматтан кийин, күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат. 25  Асмандан жылдыздар түшүп, асмандагы күчтөр солкулдайт+. 26  Ошондо булуттардын ичинде зор күч-кубат жана даңк менен келаткан+ адам Уулун көрүшөт+. 27  Ал периштелерин жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан*, жердин бир учунан асмандын бир учуна чейин+ анын тандагандарын чогултат+. 28  Анжир дарагын карап, сабак алгыла: жаш бутактары өсүп чыгып, жалбырактары пайда болгондо, жайдын жакындап калганын билесиңер+. 29  Ошо сыяктуу эле, булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле+. 30  Ишенип койгула, ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт+. 31  Асман+ менен жер жок болуп кетсе да, менин сөздөрүм+ жок болбойт+. 32  Ал күндү же саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет+. 33  Байкагыла, сергек болгула+, анткени белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер+. 34  Муну буга салыштырууга болот: бир киши үйүн кулдарына калтырып, ар бирине бийлик жана жумуш берип, дарбаза кайтаруучуга сергек болууну буйруп, башка өлкөгө кетет+. 35  Сергек болгула+, анткени үй ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде* келеби, түн ортосундабы*, короз кыйкырган маалдабы* же таң заардабы*, билбейсиңер+. 36  Ал капысынан келип калып, уктап жаткан жериңерден таппасын+. 37  Силерге айткандарымды баарына айтып жатам: сергек болгула»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эч бир дене».
Сөзмө-сөз: «төрт шамалдан».
Гректер менен римдиктердин түнкү убакты бөлүү тартибине ылайык, бул биринчи күзөттү — күн баткандан кечки саат тогуздарга чейинки маалды — билдирчү.
Бул экинчи күзөттү — кечки саат тогуздардан түн ортосуна чейинки маалды — билдирчү.
Бул үчүнчү күзөттү — түн ортосунан таңкы саат үчтөргө чейинки маалды — билдирчү.
Бул төртүнчү күзөттү — таңкы саат үчтөрдөн күн чыкканга чейинки маалды — билдирчү.