Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Марк 11:1—33

11  Иерусалимге, Зайтун тоосундагы Бетфагия менен Бетанияга+ жакындап калышканда, Иса эки шакиртин жөнөтүп жатып+:  «Тээтиги көрүнүп турган кыштакка баргыла. Кыштакка кирериңер менен эч ким мине элек кодиктин байланып турганын көрөсүңөр. Кодикти чечип, мага алып келгиле+.  Эгер кимдир бирөө: „Эмне кылып жатасыңар?“ — десе, „Бул Мырзабызга керек. Кайра бат эле алып келип берет“,— деп айткыла»,— деди+.  Алар барып, сыртта, эшиктин алдында байланып турган кодикти таап, чече башташты+.  Бирок ал жерде тургандардын айрымдары: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» — дешти+.  Шакирттер болсо Иса айткандай жооп беришти. Ошондо тигилер аларды коё берди+.  Шакирттер кодикти Исага алып келип+, үстүнө сырт кийимдерин салышты. Анан Иса кодикке минди+.  Көптөр жолго сырт кийимдерин төшөсө+, башкалары жол боюнан жалбырактуу бутактарды кесип келип+, төшөп жатышты+.  Алды-артында келаткандар: «Өтүнөбүз, куткар!+ Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!+ 10  Атабыз Дөөтүнүн жакындап келаткан Падышалыгына+ Кудайдын батасы тийсин! Жогорудагы Кудай, өтүнөбүз, куткар!» — деп кыйкырып жатышты. 11  Иса Иерусалимге келип, ибадатканага кирди. Анын ичин бүт карап чыккандан кийин, кеч кирип бараткандыктан, он эки шакирти менен Бетанияга кетти+. 12  Эртеси күнү Бетаниядан чыгышканда, Иса ачка болду+. 13  Ал алыстан жалбырактуу анжир дарагын көрүп, мөмөсү бар бекен деп, аны көздөй басты. Бирок жанына барып, жалбырактарынан башка эчтеке тапкан жок, анткени анжир бышчу маал келе элек болчу+. 14  Ошондо Иса даракка: «Мындан ары сенден эч ким мөмө жебесин»,— деди+. Муну шакирттери да укту. 15  Анан алар Иерусалимге келишти. Иса ибадатканага кирип, соодагерлер менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салды+, 16  ибадаткана аркылуу бир нерсе алып өтүп бараткандарды өткөрбөй койду. 17  Анан элди окутуп жатып: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм бардык элдер үчүн+ тиленүү үйү деп аталат“,— деп жазылган эмес беле?+ Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып салдыңар»,— деди+. 18  Муну уккан жогорку дин кызматчылар менен китепчилер аны өлтүрүүнүн жолун издей башташты+. Бирок алар андан коркуп жатышты, анткени бүт эл анын окутуусуна таң калып жаткан эле+. 19  Кеч киргенде, Иса менен шакирттери адаттагыдай эле шаардан чыгып кетишти. 20  Эртең менен эрте анжир дарагынын жанынан өтүп баратып анын тамырына чейин куурап калганын көрүштү+. 21  Ошондо Петир эстей калып, Исага: «Устат, карасаң, сен каргаган анжир дарагы куурап калыптыр»,— деди+. 22  Иса аларга мындай деп жооп берди: «Кудайга ишенгиле. 23  Силерге айтып коёюн, ким бул тоого: „Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш“,— десе жана буга жүрөгүндө эч шектенбей, айтканы аткарыларына ишенсе, айтканындай болот+. 24  Ошондуктан силерге айтарым: эмне гана сурап тиленбегиле, сураганыңарды алгандай ишенгиле. Ошондо силерге сөзсүз берилет+. 25  Ордуңардан туруп, тиленип жатканыңарда, жүрөгүңөрдө башкаларга каршы бир нерсе бар болсо, аларды кечирип койгула+. Ошондо асмандагы Атаңар да силердин каталарыңарды кечирет»+. 26  * —— 27  Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Иса ибадатканада жүргөндө, жогорку дин кызматчылар, китепчилер жана аксакалдар жанына келип+: 28  «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп сурашты+. 29  Иса аларга: «Мен силерге бир суроо берейин. Эгер жооп берсеңер, буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтам+. 30  Жакан чөмүлдүрүүгө+ бийликти асмандан алганбы же адамдарданбы? Жооп бергиле»,— деди+. 31  Ошондо алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт+. 32  Же: „Адамдардан“,— деп айтсакпы?..» — деп өз ара сүйлөшө башташты. Бирок элден коркушту, анткени баары Жаканды пайгамбар болгон деп эсептешчү+. 33  Анан: «Билбейбиз»,— деп жооп беришти. Ошондо Иса: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм»,— деди+.

Шилтемелер

Мт 17:21дин шилт-н кара.