Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Малаки 4:1—6

4  «Мына, мештей алоолонгон күн келатат+, менменсингендер менен ыймансыз иш кылгандардын баары самандай болушат+. Келе жаткан ал күн,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— аларды тамырын да, бутагын да калтырбай жалмап кетет+.  Силер үчүн болсо, менин ысмымдан корккондор, адилдиктин күнү жаркырайт+. Анын нурларында* айыгуу бар+. Силер сыртка чыгып, семирген музоолордой оюн саласыңар»+.  «Ыймансыздарды тебелеп-тепсейсиңер, анткени мен буларды ишке ашырган күнү алар таман алдыңарда чаңдай болот»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  «Менин кызматчым Муса аркылуу Хорепте бүт Ысрайыл үчүн берген мыйзамымды, көрсөтмөлөрүм менен өкүмдөрүмдү унутпагыла+.  Мына, Жахабанын улуу, коркунучтуу күнү+ келер алдында мен силерге Илияс пайгамбарды жиберип жатам+.  Мен келип, жерди жазалап, аны кыйратып салбашым үчүн, ал аталардын жүрөктөрүн уулдарыныкындай, уулдардын жүрөктөрүн аталарыныкындай кылат*»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «канаттарында».
Же: «аталарынын жүрөктөрүн уулдарына, уулдарынын жүрөктөрүн аталарына бурат».