Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Малаки 3:1—18

3  «Мына, мен кабарчымды жиберип жатам+, ал мага жол даярдайт+. Силер чыдамсыздык менен күтүп жаткан+ келишим+ кабарчысы+ жана силер издеп жаткан чыныгы Теңир өзүнүн ибадатканасына+ күтүлбөгөн жерден келет+. Ал сөзсүз келет»,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+.  «Бирок ал келген күнү ким чыдай алат?+ Ал келгенде ким туруштук бере алат?+ Анткени ал эритүүчү оттой+, кир жуугандардын+ шакарындай+.  Ал эритүүчүдөй болуп, күмүштү эритип-тазалаган кишидей+ болуп отурат да, Леби уулдарын тазалайт+, аларды алтын менен күмүштү эритип-тазалагандай тазалайт+. Ошондо алар Жахабага адилдик менен тартуу алып келген эл болот+.  Жүйүт менен Иерусалимдин тартуусу мурунку күндөрдөгүдөй+, байыркы убактагыдай Жахабага жагымдуу болот+.  Мен силерди соттош үчүн келем+ жана тез арада көз байлоочуларга+, ойноштук кылуучуларга+, жалган ант бергендерге+, акысын берип жатып жалданма жумушчусун алдагандарга+, жетим-жесирлерди алдагандарга+, келгиндин укугун тебелегендерге+ — менден коркпогондорго+ каршы күбөгө өтөм»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  «Анткени мен Жахабамын, мен өзгөрбөйм+. Ошондуктан силер, Жакыптын уулдары, жок болуп кеткен жоксуңар+.  Силер ата-бабаларыңардын күндөрүнөн тартып эле менин көрсөтмөлөрүмдү четке кагып, аларга карманбай келатасыңар+. Мага кайрылып келгиле, ошондо мен да силерге кайрылам»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. «Сага эмне кылып кайрылып келели?» — дейсиңер.  «Адам Кудайдыкын уурдайбы? Силер болсо меникин уурдап жатасыңар». «Сенин эмнеңди уурдадык?» — дейсиңер. «Ондуктар менен тартууларды уурдадыңар.  Силер, бүт эл, мени каргап жатасыңар+, меникин уурдап жатасыңар. 10  Менин үйүмдө дайыма тамак-аш болушу үчүн+, ондуктарыңардын+ баарын кампага алып келгиле. Мени ушинтип сынап көргүлө+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— ошондо силер үчүн асман дарбазаларын ачпайт бекем+, эч нерсеге муктаж болбой калганыңарча, силерге батамды төкпөйт бекем»+. 11  «Мен жериңердин түшүмүн зыянкечтерге жедирбейм+, жүзүмзарыңар да жүзүмсүз калбайт»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 12  «Бардык элдер силерди бактылуу дешет+, анткени силер ырахат тартуулаган жер болосуңар»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 13  «Силер мен жөнүндө аябай жаман сөздөрдү айтып жатасыңар»+,— дейт Жахаба. Силер: «Биз сен жөнүндө эмне дедик?» — дейсиңер+. 14  «„Кудайга кызмат кылгандан эч пайда жок+. Анын алдындагы милдеттерибизди аткаргандан эмне пайда көрдүк? Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын алдында күнөөлөрүбүз үчүн кайгырып жүргөндөн эмне пайда таптык?+ 15  Ошондуктан биз эми текеберлерди бактылуу дейбиз+. Ыймансыз иштерди кылгандар гүлдөп жатышат+. Алар Кудайды сынап жатышат, бирок эч зыян тартышкан жок“+,— деп айтып жатасыңар». 16  Ошол убакта Жахабадан корккондор+ бири-бири менен, ар бири өз жакыны менен сүйлөшүп жатты, Жахаба болсо аларды кунт коюп угуп жатты+. Жахабанын алдында андан корккондор жөнүндө, анын ысмы тууралуу ой жүгүрткөндөр+ жөнүндө эстелик китеп жазылып жатты+. 17  «Мен аларды өзгөчө элим кылган күнү+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— алар мага таандык болушат+. Адам өзүнө кызмат кылган уулуна боору ачыгандай эле, менин да аларга боорум ачыйт+. 18  Ошондо кайрадан адил адам менен ыймансыз адамдын+, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы көрөсүңөр»+.

Шилтемелер