Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Малаки 2:1—17

2  «Эми силерге бул осуятты берем, дин кызматчылар+.  Эгер укпасаңар+, менин ысмымды даңкташ үчүн+ аны жүрөгүңөргө түйүп албасаңар+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— анда силерге каргыш жиберем+, батаңарды каргышка айлантам+, атүгүл айлантып да койдум, анткени менин осуятымды жүрөгүңөргө түйгөн жоксуңар».  «Силердин айыңардан себилген үрөндү жок кылам+, бетиңерге кык чачам, майрамдарда курмандыкка чалган малыңардын кыгын чачам. Өзүңөр болсо ошол кыктын арасына ыргытыласыңар.  Ошондо бул осуятты силерге Леби менен түзгөн келишимим+ күчүн жоготпошу үчүн+ бергенимди билесиңер»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  «Аны менен түзгөн келишимим өмүр менен тынчтыктын келишими болгон+. Менден коркушу үчүн+, мен ага өмүр менен тынчтык бергем. Ал дайыма менден коркуп, менин ысмымдын алдында титиреп турган+.  Анын оозунда чындыктын мыйзамы болгон+, ал эч качан жаман сөздөрдү сүйлөгөн эмес. Ал мени менен тынчтыкта болгон, менин алдымда чынчылдык менен иш кылган+, көптөрдү күнөөдөн бурган+.  Анткени дин кызматчынын милдети — элге Кудай жөнүндө билим берүү. Эл мыйзамды анын оозунан издеши керек+, себеби ал — асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын кабарчысы+.  Бирок силер жолдон чыгып кеттиңер+, мыйзамды аткаруу жагынан көптөрдү мүдүрүлттүңөр+, Леби менен түзүлгөн келишимди буздуңар+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  Менин жолумда жүрбөй, мыйзамга байланышкан иштерде бет карамалык кылганыңар үчүн+, мен силерди бардык элдерге жек көрүндү кылам, алардын алдында басынтам»+. 10  «Баарыбыздын атабыз бир эмеспи?+ Баарыбызды бир эле Кудай жараткан эмеспи?+ Анда эмнеге ата-бабаларыбыздын келишимин бузуп+, бири-бирибизге ишенимсиздик кылып жатабыз?+ 11  Жүйүт ишенимсиздик кылып жатат, Ысрайыл менен Иерусалимде жийиркеничтүү иштер жасалып жатат+. Жүйүт Жахаба сүйгөн ыйыктыкты булгап+, бөтөн жерликтердин кудайынын кызына үйлөнүп алды+. 12  Жахаба ушундай иш кылгандардын баарын, сак турганын да, жооп берип жатканын да, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага тартуу алып келгенин да+ Жакыптын чатырларынан жок кылат»+. 13  «Силер мындан башка да жаман иш кылып жатасыңар, анын айынан Жахабанын курмандык жайына ыйлагандардын, үшкүргөндөрдүн көз жашы төгүлүп жатат, ошондуктан тартууларыңар кабыл алынбайт, силердин колуңардан бир нерсе алуу жагымсыз+. 14  Силер: „Эмнеге?“ — деп сурап жатасыңар+. Анткени Жахаба жаш чагыңда алган аялың+ экөөңөрдүн ортоңордо күбө болгон болчу. Сен болсо, ал сенин жан шеригиң, келишим түзүп алган жубайың* болсо да, ага ишенимдүү болгон жоксуң+. 15  Бирок араңарда андай ишке барбагандар да бар, анткени аларда кандайдыр бир деңгээлде Кудайдын ыйык руху бар. Алардын каалаганы эмне? Кудай жараткан тукум+. Ошондуктан өзүңөрдүн рухуңарды сактагыла+, эч кимиңер жаш чагыңарда алган аялыңарга ишенимсиздик кылбагыла+. 16  Анткени мен ажырашууну жек көрөм+, зордук-зомбулукка кийингендерди жек көрөм+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Ошондуктан өзүңөрдүн рухуңарды сактагыла, ишенимсиздик кылбагыла+. 17  Силер Жахабаны сөздөрүңөр менен чарчаттыңар+. Анан: „Биз аны эмне кылып чарчаттык?“ — дейсиңер. Силер аны: „Жаман иш кылгандардын баарын Жахаба жакшы деп эсептейт, ага ошондойлор жагат“,— деген сөздөрүңөр менен+, „Адилеттүүлүктүн Кудайы кана?“+ — деген сөздөрүңөр менен чарчаттыңар».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «келишимиңдин аялы».