Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Малаки 1:1—14

1  Кудайдын кабары. Жахабанын Ысрайыл жөнүндө Малаки аркылуу айткан сөзү+.  «Мен силерди жакшы көрдүм»+,— дейт Жахаба. Силер болсо: «Сен бизди эмне кылып жакшы көрдүң?» — деп жатасыңар+. «Эйсап Жакыптын бир тууганы эмес беле?+ — дейт Жахаба.— Бирок мен Жакыпты жакшы көрүп+,  Эйсапты+ жек көрдүм. Мен акыры анын тоолорун ээн жерге айланттым+, анын ээлигин ээн талаадагы чөөлөргө бердим»+.  «Эдом: „Биз кыйрадык, бирок кайра келип, ээн калган жерлерди калыбына келтиребиз“,— деп жатат. Ошондуктан асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Алар курушат, мен болсо талкалайм+. Аларды “ыймансыздыктын жери”, “Жахаба түбөлүккө айыптаган эл”+ деп аташат“.  Силер муну өз көзүңөр менен көрүп: “Жахаба бүт Ысрайыл жеринде даңкталсын”,— дейсиңер“»+.  «Менин ысмымды урматтабаган дин кызматчылар+, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба силерге: „Уулу атасын урматтайт+, кул кожоюнун урматтайт+. Эгер мен ата болсом+, анда кана мени урматтаганыңар?+ Эгер Кожоюн болсом, анда кана менден коркконуңар?“+ — дейт. „Силер болсо: “Биз сенин ысмыңды эмне кылып урматтаган жокпуз?” — дейсиңер“.  „Силер менин курмандык жайыма таза эмес нан алып келип жатасыңар“+. „Силер: “Биз сенин даңкыңды эмне кылып булгап жатыптырбыз?” — дейсиңер“. „Силер менин даңкымды: “Жахабанын үстөлүн+ баркка албай деле койсо болот”+,— дегениңер менен булгап жатасыңар“.  Курмандыкка сокур мал чаласыңар да: “Мунун эч жаман жери жок”,— деп коёсуңар. Аксак же оорулуу мал алып келгенде да: “Мунун эч жаман жери жок”,— дейсиңер“»+. «Ошону өзүңдүн башкаруучуңа тартуу кылып көрчү, ал сага ыраазы болот бекен, сени жакшы кабыл алат бекен?» — дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  «Ошондуктан силерден суранам, Кудай бизге ырайым кылышы үчүн+, ага жалынгыла+, анткени мунун баарын кылган силерсиңер. Ал силерге ыраазы болобу?» — дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 10  «Кимиңер ибадаткананын эшигин бекер жабасыңар?+ Силер жадагалса курмандык жайымдагы отту да бекер жакпайсыңар+. Мен силерге нааразымын,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— алып келген тартууңар мага жакпайт»+. 11  «Күн чыгыштан батышка чейин менин ысмым элдердин арасында улуу болот+, бардык жерде менин ысмыма арнап курмандык түтүнүн түтөтүшөт+, тартуу алып келишет, таза тартуу алып келишет+, анткени менин ысмым элдердин арасында улуу болот»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 12  «Силер менин даңкымды: „Жахабанын үстөлүн булгай берсе болот+, анын үстүндөгү тартуулардын, тамактын, баалуулугу деле жок“,— деп айтканыңар менен булгап жатасыңар+. 13  „Өх, тажадым!“ — деп, жаман көрүп үшкүрүнөсүңөр»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. «Тартууга уурдалган, аксак-тексек, оорулуу малды алып келесиңер+. Анан мен аны кантип силердин колуңардан ыраазы болуп кабыл алам?»+ — дейт Жахаба. 14  «Ант бергенден кийин, короосунда кемтиги жок эркек малы бар болуп туруп, Жахабага курмандыкка кемтиги бар мал алып келген митаам кишиге каргыш тийсин+. Анткени мен улуу Падышамын+, менин ысмым элдердин арасында кастарлоо сезимин туудурат»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.

Шилтемелер