Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 3:1—38

3  Император Тиберийдин башкаруусунун он бешинчи жылында, Жүйүт жеринде Понтий Пилат башкаруучу болуп турганда, Галилея аймагында Ирод*+, Итурея жана Трахонит аймактарында анын агасы Филип, ал эми Абиленея аймагында Лусаний дубан башчысы болуп турганда,  Каяпа+ менен башкы дин кызматчы Анастын күндөрүндө Закарыянын уулу Жаканга+ ээн талаада+ Кудайдан сөз болду.  Ошондуктан ал Иордан дарыясынын тегерек-четиндеги аймактардын баарын кыдырып, элге күнөөлөрү кечирилиши үчүн өкүнүп, чөмүлтүлүшү керектигин жар сала баштады+.  Бул жөнүндө Ышая пайгамбардын китебинде: «Уккула! Ээн талаада бирөө мындай деп жар салып жүрөт: „Жахабага жол даярдагыла! Анын жолдорун түздөгүлө+.  Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен адырлардын баары тегизделсин, ийри-буйру жолдор менен өңгүл-дөңгүл жерлер түздөлсүн+.  Ошондо бардык адамдар Кудайдын куткаруусун көрөт“»,— деп жазылган+.  Жакан чөмүлтүлүү үчүн өзүнө келаткандарга: «Кара чаар жыландын тукумдары+, силерге Кудайдын каары төгүлө турган күндөн качып кутулууну ким үйрөттү?+  Өкүнгөнүңөрдү иш жүзүндө көрсөткүлө*+. „Биздин атабыз — Ыбрайым“,— дебегиле. Силерге айтып коёюн, Кудайдын Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып берүүгө кудурети жетет.  Тамырын кыя чабыш үчүн дарактардын түбүндө балта жатат. Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат»,— деди+. 10  Эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» — деп сурап жатты+. 11  Ал: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы бар болсо, ал да ошентсин»,— деп жооп берди+. 12  Салык жыйноочулар да чөмүлтүлүү үчүн келип, андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты+. 13  Ал: «Белгиленген салыктан ашык эч нерсе талап кылбагыла»,— деди+. 14  Аскерлер да андан: «Биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты. Жакан: «Күч колдонуп же жалаа жаап, бирөөдөн бир нерсесин тартып албагыла+. Кызматыңар үчүн алган акыңарга ыраазы болгула»,— деди+. 15  Эл Машаякты күтүп жүргөндүктөн, баары Жакан жөнүндө: «Бул Машаяк эмеспи?»+ — деп ойлонуп жатышты. 16  Жакан аларга: «Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок менден күчтүү бирөө келатат, мен анын сандалынын боосун чечкенге да татыксызмын+. Ал силерди ыйык рухка жана отко чөмүлдүрөт+. 17  Колундагы эгин сапыра турган күрөгү менен кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт+, ал эми топонду+ өчпөс отко ыргытат»,— деди+. 18  Жакан дагы көп нерселер жөнүндө насаат айтып, элге жакшы кабар жарыялап жүрдү. 19  Ал дубан башчысы Иродду агасынын аялы Иродияны алганы үчүн жана башка бардык жаман иштери үчүн ашкереледи+. 20  Ирод, ошол иштери аздык кылгансып, Жаканды түрмөгө отургузуп койду+. 21  Элдин баары чөмүлтүлгөндө, Иса да чөмүлтүлдү+. Ал тиленип жатканда, асман ачылып+, 22  ыйык рух көгүчкөндөй болуп көрүнүп, анын үстүнө түштү. Ошондо асмандан: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деген үн угулду+. 23  Иса кызматын баштаганда+ отуз жаштарда эле+. Эл ойлогондой, ал Жусуптун+, Элинин, 24  Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун, 25  Мататиянын, Амостун, Накумдун, Эслинин, Нагайдын, 26  Мааттын, Мататиянын, Шемейдин, Жосектин, Жоданын, 27  Жаханандын, Ресанын, Зоробабылдын+, Шалтиелдин+, Неринин, 28  Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин, 29  Исанын, Элиезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин, 30  Шымондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элиакимдин, 31  Мелеянын, Менанын, Мататанын, Натандын+, Дөөтүнүн+, 32  Жышайдын+, Обейттин+, Бууздун+, Салмондун+, Нахшондун+, 33  Аминадаптын+, Арнинин*+, Кесрондун+, Перестин+, Жүйүттүн+, 34  Жакыптын+, Ыскактын+, Ыбрайымдын+, Терахтын+, Нахордун+, 35  Серуктун+, Реунун+, Пелектин+, Эбердин+, Шелахтын+, 36  Кайнандын, Арпакшаттын+, Шемдин+, Нухтун+, Лемектин+, 37  Матушалдын+, Энохтун+, Жареттин+, Маалалелдин+, Кайнандын+, 38  Эноштун+, Шеттин+, Адамдын+, Кудайдын уулу болгон+.

Шилтемелер

Улуу Ироддун уулу Ирод Антипа.
Сөзмө-сөз: «өкүнүүгө ылайык келген жемиштерди алып келгиле».
Же: «Рамдын». Кара: 1Жл 2:9; Мт 1:3, 4.