Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 24:1—53

24  Жуманын биринчи күнү* эртең менен эрте алар өздөрү даярдаган жыпар жыттуу чөптөрдү алып, мүрзөгө барышты+.  Мүрзөнүн оозундагы таштын жылдырылып калганын көрүп+,  ичине киришти, бирок Исанын сөөгүн таппай коюшту+.  Буга аң-таң болуп турушканда, күтүлбөгөн жерден жаркыраган кийим кийген эки киши пайда болду+.  Аялдар коркуп кетип, жерди карап калышты. Ошондо тигилер: «Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр?  [Ал бул жерде жок, анткени тирилди.]*+ Галилеяда жүргөндө анын эмне дегенин эстесеңер+. Ал силерге  адам Уулунун күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилерин, устунга кадаларын, ал эми үчүнчү күнү тирилерин айтпады беле»,— дешти+.  Ошондо алар Исанын сөздөрүн эстешти+.  Анан ал жерден кетип, он бир элчиге жана башкаларга баарын айтып барышты+. 10  Алар магдалалык Мариям, Жаана+, Жакыптын энеси Мариям эле. Алардын жанында жүргөн башка аялдар да болгон+ окуяны элчилерге айтып беришти. 11  Бирок алар ишенишкен жок+, анткени аялдардын сөздөрү болбогон нерседей көрүндү. 12  [Петир болсо мүрзөгө чуркап барды да, ичин эңкейип карап, кепинди эле көрдү. Анан болгон окуяга таң кала артка кайтты.]* 13  Ошол күнү эки шакирт Иерусалимден он бир чакырымдай алыстыкта жайгашкан Эмаус деген айылга жөнөштү. 14  Жолдон алар болуп өткөн окуялар тууралуу сүйлөшүп баратышты+. 15  Экөө ошол окуяларды талкуулап, сүйлөшүп баратканда, Иса келип+, алар менен чогуу басты. 16  Бирок шакирттер аны тааныган жок+. 17  Иса: «Эмне жөнүндө сүйлөшүп баратасыңар?» — деп сураганда, алар токтоп калышты; кабактары бүркөө эле. 18  Анан ошол эки шакирттин бири Клеопа: «Сен эч ким менен сүйлөшпөй, Иерусалимде келгин сыяктуу жашайт окшойсуң. Ушул күндөрү эмне болгонун билбейсиңби?» — деди. 19  «Эмне болду эле?» — деп сурады Иса. Тигилер мындай деп жооп беришти: «Назареттик Исаны+ эмне кылышканын билбейсиңби? Ал Кудайдын жана бүт элдин алдында иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болчу+. 20  Бирок биздин жогорку дин кызматчылар менен башчылар аны өлүм жазасына тартыш үчүн кармап берип, устунга кадатышты+. 21  Биз болсо Ысрайылды куткара турган ошол деп үмүттөнүп жүргөн элек+. Анын үстүнө, ал окуялардын болуп өткөнүнө үч күн болду. 22  Арабыздагы кээ бир аялдар да+ бизди аябай таң калтырышты. Алар эртең менен мүрзөгө барышса, 23  Исанын сөөгү ал жакта жок экен. Анан келип, периштелерди көрүшкөнүн, алардын Исанын тирүү экенин кабарлашканын айтышты. 24  Арабыздан айрымдар да мүрзөгө барышса+, бардыгы аялдар айткандай болуп чыгыптыр. Бирок Исаны көрүшпөптүр». 25  Ошондо Иса аларга: «Оо, акылсыздар, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарын качан жүрөгүңөр менен кабыл аласыңар?!+ 26  Машаяк даңкка бөлөнүшү үчүн+ ушулардын баарын башынан өткөрүп, азап тартышы керек эмес беле?!» — деди+. 27  Андан кийин Мусанын+ жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап+, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берди. 28  Алар өзүлөрү бараткан айылга жакындаганда, Иса андан ары жолун улантымыш болду. 29  Бирок тигилер: «Биз менен кал, кеч кирип калды»,— деп көптөн-көп өтүнүштү. Иса алар менен калды. 30  Дасторконго отурушканда, ал нанды алып, Кудайдан тиленди да, аны сындырып, экөөнө узатты+. 31  Алар аны ошондо таанышты. Бирок Иса көрүнбөй калды+. 32  Ал экөө бири-бирине: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешти. 33  Анан ошол замат туруп, Иерусалимге кайтып барышты да, он бир элчи менен алардын жанына чогулгандарды табышты. 34  Алар болсо: «Мырзабыз, чын эле, тирилиптир! Ал Симонго көрүнүптүр!» — дешти+. 35  Тиги экөө да жолдо эмне болгонун жана аны нан сындырганынан таанышканын айтып беришти+. 36  Ушулар тууралуу сүйлөшүп жатышканда, Иса пайда болуп, алардын ортосуна туруп калды [анан: «Силерге тынчтык болсун»,— деди.]* 37  Алар көздөрүнө элес көрүнүп жатат деп ойлоп катуу коркуп кетишти+. 38  Иса: «Эмнеге коркуп кеттиңер? Эмнеге жүрөгүңөрдө шек санап жатасыңар? 39  Колу-бутумду карасаңар, бул менмин. Мага колуңарды тийгизип көргүлө+. Элестин меникиндей эти да, сөөгү да болбойт»,— деп айтты+. 40  [Ушуларды айткандан кийин Иса аларга колу-бутун көрсөттү.]* 41  Кубанганынан дагы эле ишенбей+, таң калып турушкандыктан, Иса: «Жегенге бир нерсеңер барбы?» — деп сурады+. 42  Алар бир кесим куурулган балык беришти+. 43  Иса алып, алардын көзүнчө жеди+. 44  Андан соң: «Эстесеңер, силер менен жүргөнүмдө Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын жазууларында+ жана Забурда+ мен жөнүндө жазылгандын баары аткарылышы керектигин айтпадым беле»,— деди+. 45  Анан шакирттери Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн+, алардын акылын ачып, 46  мындай деди: «Ыйык Жазмада жазылгандай, Машаяк азап чегип, өлүп, үчүнчү күнү тирилет+; 47  анын ысмынын негизинде бардык элдерге+ күнөөлөрү кечирилиши үчүн+ өкүнүү керектиги жарыяланат. Иерусалимден баштап+ 48  силер ушуларга күбө болосуңар+. 49  Мен силерге Атам убада кылганды жиберем. Жогорудан келе турган күчтү алганыңарга чейин+ шаарда болгула». 50  Андан кийин аларды Бетанияга чейин ээрчитип барды да, колун өйдө көтөрүп, батасын берди+. 51  Батасын берип жатканда алардан бөлүнүп, асманга көтөрүлө баштады+. 52  Шакирттер ага таазим кылышты да, Иерусалимге зор кубаныч менен кайтып келишти+. 53  Алар дайыма ибадатканада Кудайды даңктап жүрүштү+.

Шилтемелер

Мт 28:1дин шилт-н кара.
Лк 23:34түн шилт-н кара.
Лк 23:34түн шилт-н кара.
Лк 23:34түн шилт-н кара.
Лк 23:34түн шилт-н кара.