Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 21:1—38

21  Иса казына идиштери* турган жакты карап, байлардын тартуу салып жатканын көрдү+.  Анан наркы өтө төмөн эки тыйын* салган бир жарды жесир аялды көрүп+:  «Силерге айтып коёюн, бул жесир аял жарды болгонуна карабай баарынан көп салды+.  Анткени тигилердин баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял, өзү муктаж болуп турса да, колунда болгондун баарын салды»,— деди+.  Кийинчерээк айрымдар ибадаткананын Кудайга багышталган тартуулар, кооз таштар менен кооздолгонун сөз кылганда+,  Иса: «Силер көрүп тургандын бардыгы кыйратылып, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет»,— деп айтты+.  Ошондо алар: «Устат, бул качан болот? Мунун баары боло турган убакты кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашты+.  Иса аларга: «Сак болгула, силерди бирөө адаштырып кетпесин+. Анткени көптөр менин ысмым менен келип: „Мен Машаякмын“, „Убакыт аз калды“,— дешет+. Алардын артынан барбагыла.  Ошондой эле согуштар, баш аламандыктар жөнүндө укканыңарда үрөйүңөр учпасын+. Себеби адегенде ушулардын баары болушу керек. Анткен менен бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры ошол замат келбейт»,— деди. 10  Андан ары сөзүн минтип улады: «Бир эл бир элге+, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт+. 11  Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болот+. Коркунучтуу көрүнүштөр, асмандан улуу жышаандар көрүнөт+. 12  Бирок ушул нерселер болгонго чейин, адамдар силерди камакка алышат, куугунтукташат+, синагогадагылар менен түрмө кызматкерлеринин колуна салып беришет, менин ысмым үчүн падышалар менен башкаруучулардын алдына алып барышат+. 13  Бул силерге күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет+. 14  Ошондо кантип коргонуш керектигин алдын ала ойлонбогула+. 15  Анткени мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт, айткандарыңарды жокко чыгара албайт+. 16  Силерди атүгүл ата-энеңер+, бир туугандарыңар, туугандарыңар, досторуңар кармап беришет, айрымдарыңарды өлтүрүшөт+. 17  Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар+. 18  Ошентсе да чачыңардын бир да талы жоголбойт+. 19  Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар+. 20  Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын+ көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле+. 21  Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар кайра кирбесин+. 22  Анткени, жазылгандардын бардыгы аткарылышы үчүн, ал күндөр өч алуу күндөрү болот+. 23  Ошол күндөрү кош бойлуу аялдар менен эмчекте баласы барларга кыйын болот!+ Себеби бул аймакта азап-кайгы көп болот, бул эл жазасын алат. 24  Айрымдары кылычтын мизине алынат, калгандары бардык элдердин арасына туткундалып кетет+. Башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганга чейин+, Иерусалим алардын таман астында калат. 25  Күндө, айда, жылдыздарда ар кандай жышаандар болот+. Деңиз күркүрөп, алай-дүлөй түшкөндүктөн+, жер бетинде элдер эмне кыларын билбей катуу кыйналышат+. 26  Асман күчтөрү солкулдагандыктан+, адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп+, коркконунан эсинен танышат+. 27  Ошондо алар адам Уулунун+ асмандагы булуттардын ичинде күч-кубат жана улуу даңк менен келатканын көрүшөт+. 28  Ушулар аткарыла баштаганда, боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени куткарылууңарга аз калган болот». 29  Андан кийин аларга мындай мисал келтирди: «Анжир дарагын жана башка бардык бак-дарактарды карагыла+: 30  алардын бүчүр байлаганын көргөнүңөрдө жайдын жакындап калганын билесиңер+. 31  Анын сыңарындай, булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле+. 32  Ишенип койгула, ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт+. 33  Асман менен жер жок болуп кетсе да+, менин сөздөрүм жок болбойт+. 34  Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу+ жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын+. Ал күн капысынан келип+, силерди тор сыяктуу басып калбасын+. 35  Анткени ал күн жер бетинде жашагандардын бардыгына келет+. 36  Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн жана адам Уулунун алдында туруш үчүн+, дайыма жалындуу тиленип+, сергек болгула»+. 37  Иса күндүзү ибадатканада элди окутчу+, ал эми кечинде ал жерден чыгып, Зайтун тоосуна барчу+. 38  Таң атары менен, элдин баары аны угуш үчүн+ ибадатканага келчү.

Шилтемелер

Мр 12:41дин шилт-н кара.
Мр 12:42нин шилт-н кара.