Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 17:1—37

17  Анан Иса шакирттерине мындай деди: «Күнөөгө түрткөн нерселер* болбой койбойт+. Бирок алар ким аркылуу болсо, ошонун башына каран түн түшөт!+  Эгер ал ушул кичинелердин бирин күнөөгө түртсө+, анын мойнуна тегирмен ташын байлап, деңизге ыргытып жиберишсе+ жакшы болмок.  Өзүңөргө сак болгула. Бир тууганың күнөө кылса, аны ашкереле+. Эгер өкүнсө, кечир+.  Бир күндүн ичинде сага каршы атүгүл жети жолу күнөө кылып, кайра жети жолу келип: „Өкүнүп жатам“,— десе, кечир»+.  Ошондо Исага элчилери: «Ишенимибизди арттыра көр»,— дешти+.  Иса аларга мындай деди: «Эгер сары кычы данындай эле ишенимге ээ болуп, бул тыт дарагына: „Тамырың менен суурулуп, деңизге көч!“ — десеңер, ал силерди укмак+.  Араңардан кимиңер жер айдаган же мал кайтарган кулуңар талаадан келгенде, ага: „Кел тезирээк, дасторконго отур“,— дейсиңер?  Тескерисинче, ага: „Мага кечки тамак даярда да, алжапкыч тагынып, мен ичип-жегиче, кызмат кыл. Андан кийин өзүң ичип-жейсиң“,— дебейсиңерби?  Тапшырылган иштин баарын аткарганы үчүн кожоюн кулуна ыраазычылык билдиреби? 10  Силер да өзүңөргө тапшырылгандын баарын аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз+. Аткарышыбыз керек болгон нерсени гана аткардык“,— деп айткыла». 11  Иса Иерусалимге Самария менен Галилея аркылуу өтүп баратып+ 12  бир айылга кирди. Аны пес оорулуу+ он киши алыстан көрүп: 13  «Иса, Устат, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкырышты+. 14  Аларды көргөндө Иса: «Барып, дин кызматчыларга көрүнгүлө»,— деди+. Пес оорулуулар ал жактан кетип, жолдо баратканда айыгып калышты+. 15  Алардын бири өзүнүн айыкканын көргөндө үнүн бийик чыгара Кудайды даңктап+, Исага кайтып келди да, 16  анын бут алдына жыгылып+, ыраазычылык билдирди. Ал самариялык болчу+. 17  Ошондо Иса: «Он киши айыкпады беле? Калган тогузу кана? 18  Кудайды даңкташ үчүн бөтөн элдик ушул кишиден башка эч ким кайтып келген жокпу?» — деди. 19  Анан тиги кишиге: «Ордуңан туруп, бара бер. Сени ишенимиң айыктырды»,— деп айтты+. 20  Бир күнү фарисейлер Исадан Кудайдын Падышалыгы качан келерин сурашты+. Иса аларга: «Кудайдын Падышалыгы көзгө көрүнүп келбейт. 21  Ал тууралуу: „Мына, бул жерде!“+ же „Тиги жерде!“ — деп айтышпайт. Анткени Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда»,— деп жооп берди+. 22  Анан шакирттерине мындай деди: «Силер адам Уулунун бир күнүн болсо да көргүңөр келе турган убак келет, бирок көрбөйсүңөр+. 23  Силерге: „Мына, тиги жерде!“ же „Мына, бул жерде!“ — дешет+. Бирок чыкпагыла, алардын артынан ээрчибегиле+. 24  Анткени чагылган жарк этип+, асмандын бир четинен экинчи четине чейин жаркырагандай эле, адам Уулу+ ачыла турган күнү да ошондой болот. 25  Бирок ал адегенде көп азап чегип, бул муун тарабынан четке кагылышы керек+. 26  Нухтун күндөрүндө кандай болсо+, адам Уулунун күндөрүндө да ошондой болот+: 27  Нух кемеге кирген күнгө чейин, топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен+. 28  Лоттун күндөрүндө да ошондой болгон+: адамдар ичип-жешкен, соода-сатык кылышкан, жер иштетишкен, курулуш иштерин жүргүзүшкөн. 29  Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, баарын жок кылган+. 30  Адам Уулу ачыла турган күнү+ да ошондой болот. 31  Ошол күнү ким үйдүн үстүндө болсо, буюмдарын алыш үчүн үйүнө кирбесин. Ким талаада болсо, үйүндө калган нерселерин алыш үчүн кайтып келбесин. 32  Лоттун аялын эстегиле+. 33  Ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким жанынан айрылса, аны сактап калат+. 34  Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки адамдын бири алынат, бири калтырылат+. 35  Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат»+. 36  * —— 37  Ошондо алар Исадан: «Мырзам, бул кайсы жерде болот?» — деп сурашты. Ал: «Өлүк каерде болсо+, бүркүттөр ошол жерге чогулат»,— деп жооп берди+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мүдүрүлүүгө себептер».
Мт 17:21дин шилт-н кара.