Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 16:1—31

16  Анан Иса шакирттерине мындай деди: «Бир байдын чарба башкаруучусу болот+. Башкалар ал байга келип, чарба башкаруучусунун анын мүлкүн ысырап кылып жатканын айтышат+.  Бай аны чакырып: „Сен жөнүндө ар кандай сөздөрдү угуп жатам. Чарба иштеринин эсеп-кысабын бер+, анткени башкаруучулук ишиңен бошотуласың“,— деп айтат.  Ошондо башкаруучу: „Кожоюнум иштен бошоткондо, эмне кылам?+ Жер казганга күчүм жок, кайыр сурагандан уялам.  Аа, таптым: жумуштан бошогонумда, башкалар мени үйүнө киргизиши үчүн, минтейин“,— деп өзүнчө ойлонот да+,  кожоюнуна карыз болгондорду бир-бирден чакыра баштайт. Биринчисинен: „Кожоюнума канча карызсың?“ — деп сурайт.  Ал: „Эки миң эки жүз литр* зайтун майы карызмын“,— деп жооп берет. Башкаруучу: „Тил катыңды ал да, отуруп, тезинен бир миң бир жүз деп жаз“,— дейт.  Анан экинчисинен: „Сен канча карызсың?“ — деп сурайт. „Жүз чоң кап* буудай“,— дейт ал. Башкаруучу ага: „Тил катыңды ал да, сексен деп жаз“,— дейт.  Чарба башкаруучусу адил болбосо да, кожоюну аны акылдуулук менен иш кылганы үчүн мактайт+. Чынында эле, бул дүйнө түзүлүшүнүн уулдары өздөрүнүн муунундагы адамдар менен мамилелешкенде жарыктын уулдарына+ караганда акылдуураак келишет.  Силерге айтып коёюн, адилетсиз байлык менен+ өзүңөргө досторду күткүлө+. Ошондо алар, байлыгыңар түгөнгөндө, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышат+. 10  Ким кичинекей нерседе ишенимдүү болсо, ал чоң нерседе да ишенимдүү болот. Ал эми ким кичинекей нерседе адилетсиз болсо, ал чоң нерседе да адилетсиз болот+. 11  Эгер адилетсиз байлыкты колдонгондо ишенимдүү болбосоңор, чыныгы байлыкты силерге ким ишенип тапшырат?+ 12  Эгер башканыкын колдонгондо ишенимдүү болбосоңор+, анда өзүңөргө тиешелүүнү силерге ким берет? 13  Кул бир эле учурда эки мырзага кызмат кыла албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»+. 14  Акчаны жакшы көргөн фарисейлер бул сөздөрдү угуп, Исаны шылдыңдай башташты+. 15  Иса аларга мындай деди: «Силер өзүңөрдү башкалардын алдында адил деп жарыялайсыңар+, бирок Кудай жүрөгүңөрдү билет+. Адамдар жогору баалаган нерсе Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү+. 16  Мыйзамда жазылгандар менен пайгамбарлардын сөздөрү Жаканга чейин жарыяланган+. Ошол убактан бери Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар таратылып келатат жана ал Падышалыкка кирүүгө ар кандай адамдар бүт күчү менен умтулуп жатышат+. 17  Мыйзамдагы тамганын бир сызыгынын+ аткарылбай калышына караганда+ асман менен жердин жок болуп кетиши оңоюраак+. 18  Ким аялы менен ажырашып, башкага үйлөнсө, ойноштук кылган болот. Ошондой эле ким күйөөсү менен ажырашкан аялга үйлөнсө, ал да ойноштук кылган болот+. 19  Бир бай киши болгон экен+. Ал кызгылт көк түстөгү кездемеден, зыгыр буласынан кийим кийип, күн сайын шаан-шөкөткө бөлөнүп, көңүл ачып жүрчү+. 20  Анын дарбазасынын жанына бүт денесин жара баскан Лазар деген кайырчыны алып келип турушчу. 21  Ал бай кишинин үстөлүнөн түшкөн тамак-аштын калдыктарына зар болор эле. Иттер келип, анын жараларын жалашчу. 22  Бир күнү ал кайырчы өлөт да+, периштелер аны Ыбрайымдын+ жанына*+ алып барышат. Бай да өлүп+, мүрзөгө коюлат. 23  Көрдө* кыйналганда+ ал башын көтөрүп, алыста турган Ыбрайым менен анын жанындагы Лазарды көрөт. 24  Анан: „Ыбрайым ата+, мага кайрымдуулук кылып, Лазарды жибериңизчи. Ал манжасынын учун сууга малып, тилиме тийгизсинчи+, анткени жалындап күйгөн оттон кыйналып жатам“+,— деп кыйкырат. 25  Бирок Ыбрайым ага: „Балам, эстечи, сен өмүр бою жакшы жашадың, Лазардын жашоосу болсо кыйынчылык менен өттү. Эми ал бул жерде сооронууда, сен болсо азап чегип жатасың+. 26  Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда+ чоң түпсүздүк бар+. Ошондуктан биз жактан силерге, силер жактан бизге өтүүнү каалагандардын эч кимиси өтө албайт“,— деп айтат+. 27  Ошондо тиги киши: „Андай болсо, ата, сизден суранам, Лазарды атамдын үйүнө жибериңизчи. 28  Анткени менин беш бир тууганым бар. Алар да бул жерге түшүп, азап чекпеши үчүн, Лазар аларга баарын жакшылап түшүндүрүп берсинчи“,— дейт. 29  Ыбрайым болсо: „Аларда Муса+ менен пайгамбарлардын+ сөздөрү бар, ошолорду угушсун“,— деп айтат+. 30  „Жок, Ыбрайым ата, эгер өлгөндөрдөн бирөө барса, алар өкүнүшөт“,— дейт тиги киши. 31  Ошондо Ыбрайым: „Эгер Муса менен пайгамбарлардын сөздөрүн угушпаса+, анда өлгөндөрдөн бирөө тирилсе да, ишенишпейт“,— деп айтат».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жүз бат». 1 бат — болж. м-н 22 литрге барабар чен бирдиги. Кара: 13-тирк.
Сөзмө-сөз: «жүз кор». 1 кор — болж. м-н 170 килограммга барабар чен бирдиги. Кара: 13-тирк.
Сөзмө-сөз: «көкүрөгүнө».
Грек. адис. Кара: 8-тирк.