Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 14:1—35

14  Ишемби күндөрдүн биринде Иса фарисейлердин бир башчысынын үйүндө дасторкондо отурганда+, ал жердегилер аны тигиле карап турушту+.  Исанын маңдайында ак шишик* басып кыйналып жүргөн бир киши отурган эле.  Иса Мыйзам билермандары менен фарисейлерден: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу же жокпу?» — деп сурады+.  Алар унчугушкан жок. Иса оорулууга колун коюп, аны айыктырды да, жөнөтүп жиберди.  Анан тигилерден: «Араңардан кимиңер, ишемби күнү уулу же өгүзү кудукка түшүп кетсе+, ошол замат алып чыкпайт?» — деп сурады+.  Алар эчтеке деп жооп бере алышкан жок+.  Чакырылгандардын төрдөн орун тандап жатышканын байкаган Иса мисал келтирип, аларга мындай деди+:  «Сени бирөө үйлөнүү тоюна чакырса, төрдөн орун алганга умтулба+. Чакырылгандардын арасында сенден да кадырлуу бирөө болушу мүмкүн.  Ошондо сени да, аны да чакырган үй ээси жаныңа келип: „Бул кишиге орун бошотуп бер“,— деп калса, уят болуп, босого жакка отурууга аргасыз болосуң+. 10  Андыктан конокко чакырылганыңда босого жактан орун ал+. Ошондо үй ээси жаныңа келип: „Досум, өйдө өт“,— деп айтат. Ошентип, бардык коноктордун алдында сага урмат көрсөтүлөт+. 11  Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»+. 12  Анан Иса өзүн конокко чакырган кишиге: «Түшкү же кечки тамакка досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар бир күнү кайра өзүңдү чакырып, сага сый көрсөтүшү мүмкүн. 13  Той бергениңде жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр+. 14  Ошондо бактылуу болосуң, анткени алар сага сый көрсөтө алышпайт. Сен адил адамдар тирилген убакта+ сыйлык аласың»,— деди. 15  Муну укканда коноктордун бири Исага: «Кудайдын Падышалыгында даам тата турган адам бактылуу»,— деп айтты+. 16  Иса ага мындай деди: «Бир киши кечкиге чоң дасторкон жайып, көп конок чакырат+. 17  Тамак ичер убак келгенде, ал кулун жөнөтүп, чакырылгандарга: „Келгиле+, бардыгы даяр болду“,— деп айттырат. 18  Бирок алардын баары ар кандай шылтоолорду айта баштайт+. Биринчиси: „Мен жер сатып алдым эле, аны көрүп келишим керек. Бара албайм, кечирип койчу“,— дейт+. 19  Экинчиси: „Мен он өгүз сатып алдым эле, аларды сынап көргөнү баратам. Сеникине бара албайм, кечирип койчу“,— деп айтат+. 20  Үчүнчүсү: „Мен жаңы эле үйлөндүм+, ошондуктан бара албайм“,— дейт. 21  Кул келип, кожоюнуна баарын айтып берет. Ошондо ал ачууланып, кулуна: „Тезинен шаардын чоң көчөлөрүнө, чолок көчөлөрүнө чыгып, жакырларды, мунжуларды, сокурларды, аксактарды чакырып кел“,— деп айтат+. 22  Бир аз убакыт өткөндөн кийин кулу келип: „Мырзам, буйругуң аткарылды. Бирок дагы орун бар“,— дейт. 23  Ошондо кожоюну ага: „Жолго чыгып+, тосулган жерлерди аралап, жолуккандарды бул жакка зордоп алып кел, үйүм толсун+. 24  Айтып коёюн, мурун чакырылгандардын эч кимиси кечки тамагымдан даам татпайт“,— деп айтат»+. 25  Иса жанында келаткан көп элге бурулуп, мындай деди: 26  «Ким мага келип, бирок менден ата-энесин, аялын, балдарын, бир туугандарын, атүгүл өз жанын артык көрсө*+, ал менин шакиртим боло албайт+. 27  Ким өзүнүн жаза устунун алып, артымдан ээрчибесе, ал менин шакиртим боло албайт+. 28  Мисалы, араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?+ 29  Болбосо пайдубалын тургузгандан кийин мунарасын бүтүрө албай калса, көргөндөрдүн баары шылдыңдап: 30  „Бул киши баштаарын баштап, бүтүрө алган жок“,— дешет. 31  Же кайсы падыша башка бир падышага каршы согушка чыгарда, анын 20000 аскерине өзүнүн 10000 аскери менен туруштук бере алар-албасын билиш үчүн, адегенде отуруп алып, башкалар менен кеңешпейт?+ 32  Эгер туруштук бере албасына көзү жетсе, тиги падыша али алыста экенинде, ага элчилерин жиберип, тынчтык келишимин түзүүнү өтүнөт+. 33  Андыктан, ишенип койгула, ким өзүнүн бүт мүлкүнөн баш тартпаса+, ал менин шакиртим боло албайт. 34  Туз, албетте, жакшы нерсе. Бирок ал күчүн жоготсо, даамын кантип калыбына келтирүүгө болот?+ 35  Ал топуракка да, жер семирткичке да кошконго жарабай калат. Ошондуктан аны ыргытып жиберишет. Уга турган кулагы бар адам уксун»+.

Шилтемелер

Денеге суунун ашкере топтолушунан улам шишик басып кеткен оору.
Сөзмө-сөз: «жек көрбөсө».