Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 13:1—35

13  Ошол учурда айрымдар Исага Пилат өлтүрткөн галилеялыктар+ жөнүндө айтып беришти. Пилат алардын канын өздөрү чалган курмандыктардын каны менен аралаштырып салган эле.  Иса мындай деди: «Ошол галилеялыктар башкаларына караганда көбүрөөк күнөөкөр болгону үчүн+ ошентип азап чегишти деп ойлойсуңарбы?  Силерге айтып коёюн, андай эмес. Бирок өкүнбөсөңөр, баарыңар ошолорго окшоп жок болосуңар+.  Же Силоомдогу мунара кулаганда, алдында калып өлгөн он сегиз киши Иерусалимдин башка тургундарына караганда көбүрөөк күнөөкөр болгон деп ойлойсуңарбы?  Силерге айтып коёюн, андай эмес. Бирок өкүнбөсөңөр, баарыңар ошолорго окшоп жок болосуңар»+.  Андан соң мындай мисал келтирди: «Бир кишинин жүзүмзарында+ анжир дарагы болот. Ал киши келип, андан мөмө издеп+, таппай коёт+.  Анан жүзүмчүгө барып: „Мен үч жылдан+ бери келип, ушул анжир дарагынан мөмө издеп, бирди да тапкан жокмун. Аны кыйып ташта!+ Бекер эле жерди ээлеп турганда эмне пайда?“ — дейт.  Жүзүмчү: „Кожоюн, аны быйыл да жөн кой+. Түбүн жумшартып, кык төгүп көрөйүн.  Эгер мөмө берсе, анда жакшы. Бербесе, кыйып саласың“+,— деп жооп берет». 10  Ишемби күнү Иса синагогалардын биринде элди окутуп жаткан. 11  Ошол жерде ичиндеги жиндин таасиринен улам он сегиз жылдан бери ооруп жүргөн бир аял+ бар эле. Ал бүкүрөйүп, боюн түзөй албай калган болчу. 12  Аны көргөндө Иса: «Аял, ооруңдан арылдың»+,— деди да, 13  үстүнө колун койду. Аял ошол замат түзөлүп+, Кудайды даңктай баштады. 14  Ошондо синагога башчысы Исанын ишембиде айыктырганына ачууланып, элге: «Иш кылганга алты күн бар эмеспи+. Айыгыш үчүн ишембиде эмес, ошол күндөрү келгиле»,— деди+. 15  Иса ага: «Эки жүздүүлөр+, силер ишембиде малканадагы өгүзүңөрдү же эшегиңерди чечип, сугарганы алып барбайсыңарбы?+ 16  Анда Шайтан он сегиз жылдан бери кишендеп келген бул аялды, Ыбрайымдын кызын+, ишемби күнү бошотконго эмне үчүн болбосун?» — деди. 17  Ал ушул сөздөрдү айтканда, ага каршы болгондордун баары уят болушту+, ал эми бүт эл анын кереметтерине кубанып жатты+. 18  Андан ары Иса: «Кудайдын Падышалыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге салыштырсам болот?+ 19  Ал бакчага себилген сары кычы данына* окшош. Дан өсүп чыгып, даракка айланат. Анын бутактарына чымчыктар+ уя салат»,— деди+. 20  Ал дагы мындай деди: «Кудайдын Падышалыгын эмнеге салыштырсам болот? 21  Ал үч ченем унга кошулган, бүт камырды ачыткан ачыткыга окшош»+. 22  Иерусалимге баратып Иса шаарлар менен айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутуп жатты+. 23  Бир киши андан: «Мырзам, куткарыла тургандар аз болобу?»+ — деп сурады. Иса мындай деп жооп берди: 24  «Тар эшиктен+ кириш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла+. Анткени, силерге айтып коёюн, көптөр киргенге аракет кылышат, бирок кире алышпайт+. 25  Үй ээси туруп, эшикти жаап алганда, силер сыртта калып калып: „Мырзам, эшикти ачып койчу“ — деп+, эшикти каккылай баштайсыңар. Бирок ал: „Мен силердин ким экениңерди билбейм“,— деп жооп берет+. 26  Силер болсо: „Биз сени менен чогуу тамактанчу эмес белек, сен биздин чоң көчөлөрүбүздө окутчу эмес белең“,— деп айтасыңар+. 27  Ошондо ал: „Силердин ким экениңерди билбейм. Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтат+. 28  Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты жана бардык пайгамбарларды Кудайдын Падышалыгынан көргөнүңөрдө+, өзүңөр болсо сыртка куулуп чыкканыңарда, ыйлап, тишиңерди кычыратасыңар+. 29  Ошондо чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн адамдар келип+, Кудайдын Падышалыгында дасторкон тегеректей отурушат+. 30  Биринчилердин айрымдары акыркы, акыркылардын айрымдары биринчи болот»+. 31  Ошол учурда фарисейлердин кээ бирлери Исага келип: «Бул жерден чыгып, кетип кал, анткени Ирод сени өлтүргөнү жатат»,— дешти. 32  Иса аларга мындай деди: «Барып, ал түлкүгө айткыла+: „Мен бүгүн, эртең жиндерди кууп чыгарып, оорулууларды айыктырам, үчүнчү күнү ишимди аяктайм“+. 33  Бирок бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү жол жүрүшүм керек, анткени пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлтүрүлүшү мүмкүн эмес+. 34  Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп+, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим!+ Тоок балапандарын канатынын астына чогулткандай, мен да канча ирет сенин балдарыңды чогулткум келди+. Бирок силер каалабай койдуңар+. 35  Мына, үйүңөр*+ кароосуз калтырылат! Силерге айтып коёюн, силер: „Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр»+.

Шилтемелер

Мт 13:31дин шилт-н кара.
Б. а. «ибадатканаңар».