Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 11:1—54

11  Күндөрдүн биринде Иса бир жерге барып тиленди. Тиленип бүткөндө, шакирттеринин бири ага: «Мырзам, Жакан шакирттерине үйрөткөндөй+, сен да бизге тиленгенди үйрөтчү»,— деди+.  Ошондо Иса аларга: «Тиленип жатканыңарда+: „Атабыз, сенин ысмың ыйыкталсын+. Падышалыгың келсин+.  Бизге ушул күнгө жеткидей нан бере көр+.  Биз өзүбүзгө каршы күнөө кылгандардын* ар бирин кечиргенибиздей+, биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр+. Ошондой эле азгырылышыбызга жол бербе“+,— деп айткыла»,— деди.  Анан сөзүн мындай деп улады: «Араңардан бирөөнүн досу бар деп коёлу. Ал түн ортосунда ошол досуна барып: „Досум, үч нан берип турчу.  Жол жүрүп келаткан бир досум келип калыптыр, ага бергенге эч нерсем жок болуп жатат“,— дейт.  Ичкериден үйдүн ээси: „Тынчымды албачы+. Эшикти бекитип алгам, балдарым да жанымда жатат. Тура албайм, сага эч нерсе бере албайм“,— деп жооп берет.  Силерге айтып коёюн, ал ага досу болгону үчүн ордунан туруп, бир нерсе бербесе да, анын кайра-кайра сураганынан улам+ ордунан туруп, ага керек болгон нерсесин берет.  Ошондуктан силерге айтарым: сураганыңарды токтотпогула+, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула+, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат. 10  Анткени ар бир сураган адам алат+, издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат. 11  Араңардагы кайсы ата, уулу балык сураса+, анын ордуна жылан берет? 12  Же жумуртка сураса, чаян берет? 13  Демек, силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер+, анда асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун ого бетер бербейби?»+ 14  Кийинчерээк Иса бир кишиден аны дудук кылган жинди кууп чыгарды+. Жин чыккандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады. Буга элдин баары таң калды. 15  Бирок кээ бирөөлөр: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Белзебулдун* жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешти+. 16  Башкалары болсо, аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты+. 17  Алардын оюн билип+, Иса мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт, ич ара бөлүнгөн үй да урайт+. 18  Анын сыңарындай, Шайтан ич ара бөлүнгөн болсо, анын падышалыгы кантип туруштук берет?+ Силер болсо мени жиндерди Белзебулдун жардамы менен кууп чыгарып жатат дейсиңер. 19  Эгерде мен жиндерди Белзебулдун жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер+ кимдин жардамы менен кууп чыгарып жатышат? Андыктан силерге ошолор сот болот. 20  Эгер мен жиндерди Кудайдын күчү*+ менен кууп чыгарып жатсам, анда Кудайдын Падышалыгы силерге өзүңөр күтпөгөн убакта келди+. 21  Күчтүү киши+ үйүн жакшы куралданып алып кайтарса, мүлкүн эч ким уурдай албайт. 22  Бирок андан күчтүүрөөк бирөө+ кол салып, аны жеңип алса+, таянган бүт курал-жарагын тартып алат да, андан олжолоп алганын башкалар менен бөлүшөт. 23  Ким мен тарапта болбосо, ал мага каршы. Ким мени менен жыйнабаса, ал чачат+. 24  Адамдын ичинен чыккандан кийин жин убактылуу жай издеп, кургак жерлердин баарын кыдырат. Бирок эч жай таппай: „Чыккан үйүмө эле кайра барайын“,— дейт+. 25  Кайтып келип, анын шыпырылып, жасалгаланганын көрөт. 26  Анан барып, өзүнөн да каардуу жети жинди+ ээрчитип келет да, баары ошол жерге кирип, жашап калышат. Ошондо тиги адамдын абалы мурункусунан да жаман болот»+. 27  Иса ушул сөздөрдү айтып жатканда, элдин арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып: «Сени курсагына көтөрүп, эмизген эне бактылуу!» — деди+. 28  Иса болсо: «Жок, Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айтты+. 29  Көп эл чогулганда, ал мындай деди: «Бул муун — каардуу муун, дайыма жышаан издеп келет+. Бирок ага Жунустукунан башка жышаан көрсөтүлбөйт+. 30  Жунус+ нинебиликтер үчүн жышаан болгондой эле, адам Уулу да бул муун үчүн жышаан болот. 31  Сот күнү түштүк канышасы+ бул муундун адамдары менен бирге тирилип, аларды айыптайт. Анткени ал Сулаймандын даанышман сөздөрүн угуш үчүн жердин түбүнөн келген. Ал эми бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар+. 32  Нинебиликтер Сот күнү бул муун менен бирге тирилип, аны айыпташат. Анткени алар Жунустун кабарын угуп өкүнүшкөн+. Ал эми бул жерде Жунустан да улук бирөө бар+. 33  Чыракты күйгүзгөндөн кийин эч ким аны көрүнбөгөн жерге же көмкөрүлгөн өлчөгүч идиштин астына койбойт. Тескерисинче, үйгө киргендер жарыкты көрүшү үчүн, аны чыракпаяга коёт+. 34  Дененин чырагы — көз. Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса*, бүт денең жарык болот+. Эгер көзүң жаман нерсеге багытталса*, денең караңгы болот. 35  Ошондуктан сак бол: сендеги жарык караңгылык болуп жүрбөсүн+. 36  Эгер денеңдин эч бир жери караңгы болбой, толугу менен жарык болсо+, анда чырактын жарыгы тийип жаткандагыдай, бүт денең жарык болот». 37  Иса сүйлөп бүткөндө, бир фарисей аны тамакка чакырды+. Ал барып, дасторконго отурду. 38  Фарисей анын тамактын алдында колун жуубаганын*+ көрүп таң калды. 39  Ошондо Иса мындай деди: «Силер, фарисейлер, чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар, ал эми ичиңер+ ач көздүккө, арамдыкка толгон+. 40  Акылсыздар! Сыртын ким жаратса+, ичин да ошол жараткан эмеспи? 41  Жакырларга жүрөгүңөрдөгү нерселерден кайыр бергиле+. Ошондо бардык жагынан таза болосуңар. 42  Фарисейлер, башыңарга каран түн түшөт! Анткени жалбыздын, адырашмандын жана ар кандай бакча өсүмдүктөрүнүн ондон бир бөлүгүн бересиңер+, бирок адилеттүүлүк менен Кудайга болгон сүйүүгө маани бербейсиңер! Тигини да кылышыңар керек болчу, бирок башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле+. 43  Фарисейлер, башыңарга каран түн түшөт! Анткени синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын жакшы көрөсүңөр+. 44  Силердин башыңарга каран түн түшөт! Анткени билинбей калган мүрзөлөргө окшошсуңар. Адамдар болсо байкабай, аларды тебелеп басып жүрө беришет»+. 45  Ошондо Мыйзамды жакшы билгендердин бири+: «Устат, бул сөздөрүң менен бизди да кемсинтип жатасың»,— деп айтты. 46  Буга Иса мындай деди: «Мыйзам билермандары, силердин башыңарга да каран түн түшөт! Анткени башкаларга көтөрө алгыс жүктөрдү артасыңар, өзүңөр болсо колуңардын учун да тийгизип койбойсуңар+. 47  Силердин башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузасыңар. Аларды болсо ата-бабаларыңар өлтүргөн+. 48  Силер ата-бабаларыңардын кылган иштерин билсеңер да, аларга кошулуп жатасыңар+: алар пайгамбарларды өлтүргөн+, силер болсо ал пайгамбарларга күмбөз тургузуп жатасыңар. 49  Ошондуктан Кудай өзүнүн акылмандыгы+ менен мындай деген: „Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем; айрымдарын өлтүрүшөт, айрымдарын куугунтукташат. 50  Ошентип, бул муун+ бардык пайгамбарлардын дүйнө негизделгенден бери төгүлгөн канына+, 51  адил Абылдын+ канынан тартып курмандык жайы менен Кудай үйүнүн+ ортосунда өлтүрүлгөн Закарыянын+ канына чейин, жооп берет“. Силерге айтып коёюн, алардын каны үчүн ушул муун жооп берет. 52  Мыйзам билермандары, башыңарга каран түн түшөт! Анткени билимдин ачкычын алып алып+, өзүңөр да кирбей*, киргиси келгендерди да киргизбей жатасыңар»+. 53  Иса ал жерден чыкканда, китепчилер менен фарисейлер аны туш-туштан кысып, дагы башка суроолорду жаадыра башташты. 54  Муну менен алар Исаны сөзүнөн кармаш үчүн+ ыңгайлуу учур издеп жатышты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «карыз болгондордун».
Шайтандын дагы бир аты.
Сөзмө-сөз: «манжасы».
Сөзмө-сөз: «жөнөкөй болсо».
Сөзмө-сөз: «жаман болсо».
Кол жуу каадасы айтылып жатат. Кара: Мр 7:3.
Б. а. «асман Падышалыгына кирбей». Кара: Мт 23:13.