Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 10:1—42

10  Андан кийин Иса шакирттеринин ичинен жетимишин тандап+, аларды өзү бара турган ар бир шаарга, ар бир жерге эки-экиден жөнөтүп жатып+  мындай деди: «Түшүм+, чынында эле, көп, ал эми жумушчулар+ аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн+, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла+.  Баргыла, мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жиберип жатам+.  Жаныңарга капчык да, азык салынган баштык да+, сандал да албагыла, жолдон эч ким менен кучакташып учурашпагыла+.  Кайсы үйгө кирбегиле, адегенде: „Бул үйгө тынчтык болсун“,— деп айткыла+.  Эгерде ал үйдө тынчтыкты сүйгөн киши жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет+. Ал эми бар болсо, тынчтыгыңар анда калат+.  Ошол үйдө калып+, бергенин ичип-жегиле+, анткени эмгектенген адам акысын алууга татыктуу+. Бир үйдөн экинчи үйгө өтө бербегиле+.  Кайсы бир шаарда силерди кабыл алышса, алдыңарга коюлган тамак-ашты жегиле.  Ал жердеги оорулууларды айыктырып+, аларга: „Кудайдын Падышалыгы силерге жакындап калды“,— дегиле+. 10  Ал эми кайсы бир шаарда силерди кабыл албай коюшса+, анын чоң көчөлөрүнө чыгып: 11  „Силерге каршы күбөлөндүрүү болушу үчүн, шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды да күбүп таштайбыз+. Бирок эсиңерде болсун, Кудайдын Падышалыгы жакындап калды“,— деп айткыла. 12  Силерге айтып коёюн, Сот күнү ошол шаардын жазасына караганда Содомдун жазасы жеңилирээк болот+. 13  Хоразин, башыңа каран түн түшөт!+ Бетсаида+, сенин да башыңа каран түн түшөт! Анткени силерде жасалган ажайып иштер Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эчак таар* жамынып, күлгө отуруп өкүнүшмөк+. 14  Ошондуктан сот убагында силердин жазаңарга караганда Тир менен Сидондун жазасы жеңилирээк болот+. 15  Ал эми, сен, Капернаум, асманга көтөрүлгүң барбы?+ Көргө* түшөсүң!+ 16  Ким силерди укса+, ал мени да уккан болот. Ким силерди четке какса, ал мени да четке каккан болот. Ал эми ким мени четке какса, ал мени жибергенди да четке каккан болот»+. 17  Кийин жетимиш шакирти кубанычтуу кайтып келип: «Мырзабыз, сенин ысмыңды айтканда, бизге атүгүл жиндер да баш ийип жатышат»,— дешти+. 18  Иса аларга: «Мен Шайтандын асмандан чагылган сыяктуу кулап түшкөнүн көрдүм+. 19  Силерге жыландар+ менен чаяндарды+ тебелегенге, душмандын бардык күчүн майтарууга бийлик берип жатам+. Эч нерсе силерге зыян келтире албайт. 20  Ошентсе да жиндердин баш ийип жатканына эмес, ысмыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— деп айтты+. 21  Анан ыйык рухка толуп, кубанганынан мындай деди+: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм, анткени буларды даанышмандар менен акылдуулардан жашырып+, наристелерге ачып бердиң. Ооба, Ата, сенин эркиң ушундай болчу. 22  Атам мага бардыгын берген+. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт+, ошондой эле Атасынын ким экенин Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким билбейт»+. 23  Анан шакирттерине кайрылып: «Силер көрүп жаткан нерселерди көргөндөр бактылуу+. 24  Силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар менен падышалар силер көрүп жатканды көргүсү келген+, бирок көрүшкөн эмес; силер угуп жатканды уккусу келген, бирок угушкан эмес»,— деп айтты. 25  Мыйзамды жакшы билген бирөө ордунан туруп+, Исаны сынаш үчүн андан: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурады+. 26  Иса: «Мыйзамда эмне деп жазылган?+ Окугандарыңдан эмнени түшүндүң?» — деди. 27  Ал: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй“+, ошондой эле „жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп жооп берди+. 28  Иса ага: «Туура жооп бердиң. „Ушуларды аткарсаң, өмүргө ээ болосуң“»,— деди+. 29  Ошондо тиги киши өзүн актамакчы болуп, андан: «Менин жакыным ким?» — деп сурады+. 30  Иса мындай деди: «Бир киши Иерусалимден Жерихого түшүп келатып талап-тоноочуларга кабылып калат. Алар анын кийимин чечип алышат да, өзүн сабап, чала жан кылып калтырып кетишет. 31  Ал жол менен бир дин кызматчы түшүп келатып тиги кишини көрөт да, четтеп өтүп кетет+. 32  Леби да ошол жерге жеткенде аны көрүп, четтеп өтүп кетет+. 33  Ал эми бир самариялык+ киши ошол жерден өтүп баратып аны көрөт да, боору ачыганынан 34  жанына келип, жарааттарына май менен шарап куюп, таңат+. Анан эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ага кам көрөт. 35  Эртеси күнү эки динар алып чыгып, мейманкананын ээсине берет да: „Бул кишиге кам көрүп тур. Эгер мындан көп каражат кетсе, кайтып келгенимде төлөп берем“,— дейт. 36  Сенин оюңча, ушул үчөөнүн кимиси талап-тоноочуларга кабылган кишиге жакын адамындай мамиле кылды?»+ 37  Ал: «Ага кайрымдуулук кылганы»+,— деп жооп берди. Ошондо Иса: «Барып, сен да ошент»,— деди+. 38  Жолдон Иса бир айылга кирди. Ал жерден аны Марта+ деген бир аял үйүнө конокко чакырды. 39  Анын Мариям деген сиңдиси бар болчу. Ал Исанын бут жагында анын сөздөрүн угуп отурган эле+. 40  Марта болсо конок камын көрүп, түйшүктөнүп жаткан+. Ал Исага келип: «Мырзам, Мариямдын бардык ишти мага таштап койгону сага баары бирби?+ Айтып койчу, мага жардам берсин»,— деди. 41  Иса ага: «Марта, Марта, сен көп нерсеге убара болуп+, жаныңды кыйнап жатасың+. 42  Негизи, аз эле+ же бир эле нерсе керек. Мариям болсо жакшысын тандап алды+, бул андан эч качан тартылып алынбайт»,— деди.

Шилтемелер

Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
Грек. адис. Кара: 8-тирк.