Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лука 1:1—80

1  Болуп өткөндүгүнө көзүбүз жеткен окуялар жөнүндө көптөр баяндап жаза баштагандыктан+,  аларды бизге башынан бери+ өз көзү менен көргөндөр+ жана жакшы кабар тараткан кызматчылар+ айтып беришкендиктен,  улуу урматтуу+ Теопил+, бардыгын башынан баштап кылдат изилдеп чыккандан кийин мен да сага буларды ирети менен+ жазууну чечтим.  Мунун аркасында сен өзүң уккан нерселердин чындык экенине ынанасың+.  Жүйүт падышасы Ироддун+ күндөрүндө Абиянын+ тобуна* кирген Закарыя деген дин кызматчы бар эле. Аялы Элизабет Арундун кыздарынан болчу+.  Экөө тең Кудайдын алдында адил адамдардан болушкан+, анткени Жахабанын* бардык осуяттары+ менен мыйзамдарын+ так аткарып жашашкан+.  Бирок Элизабет төрөбөс болгондуктан+, балдары жок эле. Экөө тең карып калган болчу.  Бир жолу Закарыя, өз тобунун кезеги келип+, Кудайдын алдында дин кызматчылык милдетин аткарып жүргөндө,  дин кызматчылардын тартиби боюнча, ага Жахабанын ибадатканасына+ кирип, жыпарзат* түтөтүү кезеги келди+. 10  Жыпарзат түтөтүлүп жаткан маалда+, элдин баары сыртта тиленип турган. 11  Ошол учурда Закарыяга жыпарзат түтөткүчтүн оң жагынан Жахабанын периштеси көрүндү+. 12  Аны көргөн Закарыя апкаарып, коркуп кетти+. 13  Ошондо периште ага мындай деди: «Коркпо, Закарыя, Кудай сенин жалынычыңды укту+. Аялың Элизабет уул төрөп берет, атын Жакан коёсуң+. 14  Сен кубанычка, шаттыкка бөлөнөсүң+. Анын төрөлгөнүнө көптөр сүйүнөт, 15  анткени ал Жахабанын көз алдында улуу болот+. Бирок шарап же башка күчтүү ичимдик ичпеши керек+. Ал энесинин ичинде жатканда эле ыйык рухка толот+, 16  Ысрайыл уулдарынын көптөрүн өздөрүнүн Кудайы Жахабага бурат+. 17  Аталарынын жүрөгүн балдарына+, баш ийбегендерди адил адамдардын акылмандыгына буруп, даярдалган элди+ Жахабага алып келүү үчүн+, Анын алдында Илиястын+ руху, күчү менен барат». 18  Ошондо Закарыя периштеге: «Буга кантип ишенем? Анткени мен да, аялым да карып калдык»+,— деп айтты. 19  Периште: «Мен Кудайдын алдында турган Жебирейилмин+. Мен сени менен сүйлөшүп, ушул жакшы кабарды айтыш үчүн жиберилдим+. 20  Белгиленген убакта орундала турган сөздөрүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып+, ушунун баары аткарыла турган күнгө чейин сүйлөбөйсүң»,— деди. 21  Ал ортодо Закарыяны күтүп турган эл+ анын ибадатканада кармалып жатканына таң калып жатты. 22  Закарыя сыртка чыкканда элге сүйлөй албай койду. Ошондо алар анын ибадатканадан табияттан тышкары бир нерсе+ көргөнүн түшүнүштү. Тилден калгандыктан Закарыя эмне болгонун жаңсап түшүндүрүп жатты. 23  Ыйык кызмат кылган күндөрү аяктаганда+, үйүнө кетти. 24  Ошол күндөрдөн кийин аялы Элизабеттин боюна бүтүп+, беш ай бою үйүнөн чыккан жок. 25  Ал: «Элдин шылдыңынан арылтыш үчүн Жахаба мага ушул күндөрдө назарын салып, ушундай кылды»,— деди+. 26  Ал эми алтынчы айында Кудай Жебирейил+ периштени Галилеядагы Назарет шаарына, 27  Дөөтүнүн тукумунан чыккан Жусуп менен баш кошууга убадалашып койгон кызга жөнөттү+. Анын аты Мариям эле+. 28  Жебирейил ага келип: «Саламатсыңбы+, Кудайдын ырайымына ээ болгон кыз!+ Жахаба сени менен!» — деди+. 29  Муну угуп, катуу толкунданган Мариям бул саламдашуунун эмнени билдирерин түшүнүүгө аракет кылып жатты. 30  Ошондо периште мындай деди: «Коркпо, Мариям. Сен Кудайдын ырайымына ээ болдуң+. 31  Андыктан кош бойлуу болуп, уул төрөйсүң+, атын Иса коёсуң+. 32  Ал улуу болот+, Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталат+. Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн+ тактысын берет+. 33  Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт»+. 34  Мариям периштеден: «Эркек көрө элек болсом+, бул кандайча болот?» — деп сурады. 35  Буга периште: «Үстүңө ыйык рух түшөт+. Сени Эң Жогорку Кудайдын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу+, ыйык деп аталат+. 36  Мына, төрөбөс аял аталган тууганың Элизабеттин да улгайганда боюна бүтүп, ичиндеги баласына алты ай болуп калды. Ал уул төрөйт+. 37  Анткени Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт»,— деди+. 38  Буга Мариям: «Мен Жахабанын кулумун!+ Мен жөнүндө эмне деп айтсаң, ошонун баары аткарылсын»,— деди. Ошондо периште анын жанынан кетти. 39  Ошол күндөрдүн биринде Мариям камданып, шашылыш түрдө Жүйүт жеринин тоолуу аймагындагы бир шаарга жөнөдү. 40  Ал Закарыянын үйүнө келип, Элизабет менен учурашты. 41  Элизабет Мариямдын учурашканын укканда, ичиндеги баласы туйлап жиберди. Ошондо Элизабет ыйык рухка толуп, 42  үнүн бийик чыгара: «Аялдардын ичинен сен баталуусуң+, ичиңдеги балаң да баталуу! 43  Мырзамдын энеси мага келгидей, мен киммин?+ 44  Сенин саламыңды укканымда, ичимдеги бала кубанганынан туйлап жиберди+. 45  Сен ишенгениң үчүн бактылуусуң, анткени Жахабанын сага айткан сөздөрү+ толугу менен аткарылат»,— деди+. 46  Мариям мындай деди: «Жаным Жахабаны даңазалайт+. 47  Жан дүйнөм Кудайды, Куткаруучумду+, ойлоп шаттанат+, 48  себеби ал карапайым кулуна назарын салды+. Мындан ары бардык муундар мени бактылуу дешет+, 49  анткени Кудуреттүү Кудай мен үчүн улуу иштерди жасады. Анын ысмы ыйык+. 50  Ал Өзүнөн корккондорго муундан муунга кайрымдуулук кылат+. 51  Ал өз колу менен кереметтерди жасады+, жүрөгү текеберлерди чачыратып жиберди+. 52  Бийлиги барларды тактыларынан түшүрүп+, карапайымдарды жогору көтөрдү+. 53  Ачкаларга ырыскыны мол берди+, байларды болсо куру кол кетирди+. 54  Убадасын унутпаганын көрсөтүш үчүн+, кызматчысы Ысрайылга+ жардамга келди. 55  Анткени ал ата-бабаларыбызга Ыбрайым менен анын тукумдарына түбөлүккө кайрымдуулук кыларын убадалаган болчу»+. 56  Ошентип, Мариям Элизабеттин жанында үч айдай жүргөндөн кийин үйүнө кайтты. 57  Ай-күнүнө жетип, Элизабет уул төрөдү. 58  Коңшулары менен туугандары Жахабанын ага улуу кайрымдуулук көрсөткөнүн угуп+, кубанычын тең бөлүшүштү+. 59  Сегизинчи күнү болсо баланы сүннөткө отургузуш үчүн+ келишти да, ага атасы Закарыянын ысмын коймокчу болушту. 60  Бирок баланын энеси: «Жок, атын Жакан коёбуз»,— деди. 61  Ошондо алар: «Туугандарыңдын арасында мындай аты бар эч ким жок го»,— дешти. 62  Анан атасынан ага кандай ат койгусу келерин жаңдап сурашты. 63  Ал тактайча сурап, ага: «Аты — Жакан»+,— деп жазды. Буга баары таң калды. 64  Ошол замат Закарыяга тил бүтүп+, ал Кудайды даңктап, сүйлөй баштады. 65  Алардын тегерегинде жашагандардын баарын коркунуч басты. Бул окуя жөнүндө Жүйүт жеринин бүт тоолуу аймагында сөз жүрүп жатты. 66  Уккандардын баары: «Бул бала ким болор экен?» — деп ойлонуп жатышты+. Анткени Жахаба аны менен эле+. 67  Ошондо атасы Закарыя ыйык рухка толуп+, мындай деп пайгамбарлык кыла баштады+: 68  «Ысрайылдын Кудайы Жахабага даңк!+ Анткени ал өз элине+ назарын салып, куткарып алды+. 69  Өзүнүн кызматчысы Дөөтүнүн тукумунан бизге күчтүү куткаруучу* берди+. 70  Муну ал байыркы убактан бери ыйык пайгамбарлары аркылуу айтып+, 71  бизди душмандарыбыздан, жек көргөндөрдүн колунан куткарарын+, 72  ата-бабаларыбызга кайрымдуулук кылып, өзүнүн ыйык келишимин+, 73  ата-бабабыз Ыбрайымга берген антын эстээрин+, 74  ошондой эле душмандарыбыздын колунан куткаргандан кийин+, бизди ага өмүр бою+ 75  берилгендик, адилдик менен тайманбай ыйык кызмат кылуу сыймыгына ээ кыларын билдирген+. 76  Сен болсо, балам, Эң Жогорку Кудайдын пайгамбары деп аталасың, анткени Жахабанын алдында барып, анын жолдорун даярдайсың+, 77  Кудайдын элине Анын улуу боорукердигинин аркасында күнөөлөрү кечирилип, куткарылууга жол ачыларын жар саласың+. 78  Ушул боорукердиктин аркасында бизге жогорудан+ таң жарыгы келип+, 79  караңгылыкта жана өлүм көлөкөсүндө отургандарга жарык чачат+, бутубузду тынчтык жолуна багыттап, ал жолдо бизге батасын берет». 80  Бала болсо чоңоюп, күчкө толо берди+. Ысрайыл элинин алдына чыкканга чейин ал чөлдө жашады.

Шилтемелер

Дин кызматчылар тобу.
Кара: 2-тирк.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «куткаруу мүйүзүн».