Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лебилер 21:1—24

21  Жахаба Мусага мындай деди: «Дин кызматчыларга, Арундун уулдарына, мындай деп айт: „Элинин арасындагы бир да дин кызматчы өлгөн киши* үчүн өзүн булгабасын*+.  Ал эми каны бир жакыны: энеси, атасы, уулу, кызы, агасы же иниси,  турмушка чыга элек эжеси же карындашы өлсө, аза күтүү салтына катышса болот.  Таза эмес болуп калбашы үчүн ал күйөөсү бар аял үчүн элинин арасында өзүн булгабашы керек.  Алар чачын кырдырбасын+, сакалдарын кыркпасын+, дене мүчөлөрүн кескилебесин+.  Өздөрүнүн Кудайынын алдында ыйык болуп+, анын ысмына шек келтиришпесин+, анткени алар Жахабага өрттөлүүчү тартуу, өздөрүнүн Кудайына тамак тартуулашат+. Алар ыйык болушу керек+.  Сойку+ же зордукталган, же күйөөсү коё берген аялга+ үйлөнбөсүн+, анткени дин кызматчы өзүнүн Кудайынын алдында ыйык.  Аны ыйыкта+, анткени ал Кудайыңа тамак тартуулайт. Ал сенин алдыңда ыйык болсун+, анткени мен, силерди ыйыктаган Жахаба, ыйыкмын+.  Эгер дин кызматчынын кызы сойкулук кылып, өзүн булгаса, атасын уятка калтырат. Аны өлтүрүп, өрттөп жибергиле+. 10  Бир туугандарынын ичинен башына ыйык май* куюлуп+, дин кызматчынын кийимин кийиш үчүн бийликке ээ болгон* башкы дин кызматчы*+ чачын тарабай койбосун+, кийимин айрыбасын+. 11  Ал өлгөн кишиге* жолобосун+. Атасы же энеси үчүн өзүн булгабасын. 12  Ыйык жайдан кетпесин, Кудайынын ыйык жайын булгабасын+, анткени анда арналуунун белгиси — Кудайынын ыйык майы — бар+. Мен Жахабамын. 13  Ал кызга үйлөнсүн+. 14  Жесирге, күйөөсү коё берген же зордукталган аялга же сойкуга үйлөнбөсүн. Ал өз элинин арасындагы кызга үйлөнсүн. 15  Өз элинин арасында тукумун булгабасын+, анткени мен аны ыйыктаган Жахабамын“»+. 16  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 17  «Арунга мындай деп айт: „Тукумдарыңдын арасынан денесинде кандайдыр бир кемтиги барлардын+ бири да Кудайына тамак тартуулаш үчүн ыйык жайга жакындабасын+. 18  Ыйык жайга денесинде кемтиги барлар: сокур, аксак, мурдунда жырыгы бар, бир колу же бир буту узун+, 19  колу же буту сынып калган, 20  бүкүр, өтө арык*, көзү оорулуу, сары карты* бар же денесин чакалай баскан, же тукум бездери майып адамдар жакындабасын+. 21  Дин кызматчы Арундун тукумдарынын ичинен денесинде кемтиги барлардын бири да Жахабага өрттөлүүчү тартууларды тартуулаш үчүн+ курмандык жайына жакындабасын. Денесинде кемтиги бар болгондуктан, ал Кудайына тамак тартуулаш үчүн курмандык жайына жакындабасын+. 22  Абдан ыйык+ жана ыйык нерселердин ичинен ал Кудайга тартууланган тамактан жесе болот+. 23  Бирок денесинде кемтиги бар болгондуктан+, көшөгөгө+, курмандык жайына+ жакындап, ыйык жайымды булгабасын+, анткени мен аларды ыйыктаган Жахабамын“»+. 24  Муса ушулардын баарын Арунга, анын уулдарына жана бүт Ысрайыл уулдарына айтты.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан».
Өлгөн кишинин сөөгүнө тийсе же аза күтүү салтына катышса, дин кызматчы өзүн булгаган болмок.
Чг 25:6нын шилт-н кара.
Чг 28:41дин шилт-н кара.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «жанга».
Кыязы, өтө эле кичинекей же оорунун айынан арыктап кеткен киши.
Экзема.