Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Лебилер 19:1—37

19  Жахаба Мусага дагы мындай деди:  «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деп айт: „Ыйык болгула+, анткени мен, силердин Кудайыңар Жахаба, ыйыкмын+.  Ар бириңер ата-энеңерден корккула+, ишембиге байланышкан мыйзамымды сактагыла+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын.  Пайдасы жок кудайларга кайрылбагыла+, өзүңөргө куйма кудайларды жасабагыла+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын.  Жахабага тынчтык курмандыгын чалганыңарда+ анын ырайымына ээ боло тургандай кылып чалгыла+.  Чалган курмандыгыңарды ошол күнү, эртеси күнү жешиңер керек. Үчүнчү күнгө калып калганын өрттөп таштагыла+.  Аны үчүнчү күнү жей турган болсоңор, ал арам болуп калгандыктан+, курмандыгыңар кабыл алынбайт+.  Аны жеген киши күнөөсү үчүн жоопко тартылат+, анткени ал Жахабага таандык ыйык нерсени арамдады. Андай киши* элинин арасынан жок кылынат.  Жериңдеги түшүмүңдү жыйнап жатканда талааңдын четин жыйнабай калтырып кой, жыйнаганыңдан калганын чогултпа+. 10  Ошондой эле жүзүмүңдүн калып калгандарын тербе+, жерге түшүп калгандарын да терип алба. Аларды бей-бечара менен келгинге калтыр+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 11  Уурдабагыла+, калп айтпагыла+, жакыныңарды митаамдык менен алдабагыла+. 12  Менин ысмымды оозанып жалган ант берип+, Кудайыңардын ысмына шек келтирбегиле. Мен Жахабамын. 13  Жакыныңды алдаба+, эч кимди тонобо+. Жалданма жумушчуңдун эмгек акысын эртең мененкиге калтырбай бер+. 14  Дүлөй кишини каргаба. Чалынып жыгылсын деп, сокурдун алдына бир нерсе таштаба+. Кудайыңдан корк+. Мен Жахабамын. 15  Сотто адилетсиздик кылбагыла. Жардыга бет карамалык кылба+, жогорку даражалууну андан өйдө көрбө+. Жакыныңдын ишин караганда калыс бол. 16  Элди аралап, башкаларга жалаа жаппа+. Жакыныңдын канын төгүүнү көздөбө+. Мен Жахабамын. 17  Бир тууганыңды ичиңен жек көрбө+. Жакының менен кошо күнөөлүү болуп калбашың үчүн аны ашкереле+. 18  Өз элиңдин уулдарынан өч алба+, аларга кек сактаба+. Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй+. Мен Жахабамын. 19  Менин көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла: үй жаныбарларынын эки түрүн аргындаштырба; талааңа эки түрдүү урук сеппе+; эки түрдүү жиптен токулган кийим кийбе+. 20  Эгер эркек киши башка бирөөнүн аялы боло турган, бирок кун төлөнүп, эркиндикке чыга элек күң менен жатып, уругун агызса, жаза колдонулсун. Бирок алар өлүм жазасына тартылбашы керек, анткени аял али эркиндикке чыга элек. 21  Ал киши жыйын чатырынын кире беришине, Жахабага айып курмандыгына кочкор алып келсин+. 22  Дин кызматчы кочкорду айып курмандыгына чалып, ал кишини Жахабанын алдында күнөөсүнөн арылтат, анын күнөөсү кечирилет+. 23  Мен берген жерге барганыңарда мөмө бере турган кандайдыр бир бак отургузсаңар, анын мөмөлөрүн сүннөткө отургузулбаган нерсе катары таза эмес деп эсептегиле. Үч жыл силер үчүн алар сүннөткө отургузулбаган нерседей болот. Аларды жегенге болбойт. 24  Төртүнчү жылы болсо анын бардык түшүмүн+ майрамдык салтанатта Жахабага ыйык нерсе катары алып келгиле+. 25  Ал эми бешинчи жылы анын түшүмүн жесеңер болот. Ошондо ал силерге мол түшүм берет+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 26  Эч нерсени каны менен кошо жебегиле+. Белгилерди карап, көзү ачыктык кылбагыла+, сыйкырчылык кылбагыла+. 27  Саамай чачыңарды кыска кылып кыркпагыла, сакалыңарды да кыркпагыла*+. 28  Өлгөн киши* үчүн дене мүчөлөрүңөрдү кескилебегиле+. Денеңерге сүрөт-жазууларды ийне менен чегип түшүрбөгүлө. Мен Жахабамын. 29  Жериңде сойкулук кылынбашы үчүн+, жер бузукулукка толуп кетпеши үчүн, кызыңдын сойкулук кылып, маскара болушуна жол бербе+. 30  Ишембиге байланышкан мыйзамымды сактагыла+, ыйык жайымды ыйык туткула+. Мен Жахабамын. 31  Өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылбагыла+, келечекти алдын ала айткандар менен кеңешпегиле+. Болбосо алардын айынан таза эмес болуп каласыңар. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 32  Чачын ак баскан кишинин алдында ордуңдан тур+, кары кишини сыйла+. Кудайыңдан корк+. Мен Жахабамын. 33  Эгер жериңерде келгин жашаса, ага жаман мамиле кылбагыла+. 34  Араңарда жашаган келгин силер үчүн жергиликтүү тургундай болсун. Аны өзүңдү сүйгөндөй сүй+, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 35  Сот ишинде, бир нерсенин узундугун, салмагын өлчөгөндө+ же суюктукту ченегенде алдабагыла+. 36  Таразаңар, тараза таштарыңар, өлчөгөн себетиңер менен идишиңер так болсун+. Мен Жахабамын, силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудайыңармын. 37  Менин бардык көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла+. Мен Жахабамын“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан».
Бул алардын сакалына таптакыр тийбеши керектигин эмес, сыягы, башка элдердикиндей кылып кыркпашы керектигин билдирген.
Сөзмө-сөз: «жан».