Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Колосалыктар 4:1—18

4  Кожоюндар, асманда өзүңөрдүн да Кожоюнуңар бар экенин билип+, кулдарыңарга адилдик менен калыс мамиле кылгыла+.  Тиленгениңерди токтотпогула+, ыраазычылык билдиргиле+, тиленүү жагынан дайыма сергек болгула.  Биз үчүн да тиленгиле+: Кудай кабар айтышыбызга жана Машаяк жөнүндөгү ыйык сырды жарыялашыбызга эшик ачсын+; мен ошол ыйык сыр+ үчүн кишенделип, түрмөдө отурам+.  Аны тийиштүү түрдө айта алышым үчүн+ да тиленгиле.  Убакытты пайдалана билип*+, жыйналыштан сырттагыларга акылмандык менен мамиле кылгыла+.  Сөзүңөр дайыма жагымдуу+, туз менен татытылгандай болсун+, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер+.  Менин ал-жайым жөнүндө баарын силерге Мырзабыздын мен сыяктуу эле кулу жана ишенимдүү кызматчы болгон сүйүктүү бир тууганым Тихик айтып берет+.  Аны силерге ал-жайыбызды билдирип, силерди сооротушу үчүн жиберип жатам+.  Ага кошуп Онесимди+, силер жактан келген ишенимдүү жана сүйүктүү бир тууганымды, жиберип жатам. Алар силерге бул жакта болуп жаткандардын баарын айтып беришет. 10  Мени менен камакта отурган Аристарх+ силерге саламын айтып жатат, ошондой эле Барнабанын тууганы Марк+ (ал силерге келсе, жылуу тосуп алышыңар керектиги айтылган)+, 11  сүннөткө отургузулгандардын бири Жуст деп аталган Иса да салам айтып жатышат. Ушулар гана Кудайдын Падышалыгы үчүн мени менен кызматташып, мага жөлөк болушту. 12  Силер жактан келген Эпафрас+, Машаяк Исанын кулу, силерге саламын айтып жатат. Акырында жеткилең* болуп, Кудайдын бүт эркине толук ынанган абалда турушуңар үчүн+, ал силер үчүн талыкпай тиленип келет. 13  Мен анын силер үчүн жана Лаодикиядагылар+ менен Жераполдогулар үчүн көп күч-аракет жумшап жатканына күбөмүн. 14  Сүйүктүү дарыгер Лука+ менен Димас+ да силерге салам айтып жатышат. 15  Лаодикиядагы бир туугандарга, Нимпага жана анын үйүндө чогулган жыйналышка менден салам айткыла+. 16  Силерде окулгандан кийин бул каттын лаодикиялыктардын жыйналышында да окулушуна кам көргүлө+, ал эми Лаодикиядан келген катты силер да окугула. 17  Архипке+ болсо: «Мырзабыздын жолдоочусу катары өзүңө тапшырылган кызматты тийиштүү түрдө аткар»,— деп айтып койгула. 18  Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам+. Менин кишенделип, түрмөдө отурганымды унутпагыла+. Кудай силерге ырайымын төгө берсин.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ылайыктуу убакыт сатып алып».
Же: «жетилген».