Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Закарыя 3:1—10

3  Ал мага Жахабанын периштесинин алдында турган башкы дин кызматчы Жашыяны+ жана ага каршы чыгыш үчүн анын оң жагында турган+ Шайтанды*+ көрсөттү.  Анан Жахабанын периштеси+ Шайтанга: «Шайтан, сени Жахаба соттосун!+ Сени Иерусалимди тандап алган Жахаба соттосун!+ Бул киши оттон сууруп алган чычала эмеспи?» — деди+.  Булганган кийим кийген+ Жашыя периштенин алдында турду.  Периште алдында тургандарга: «Анын булганган кийимин чечкиле»,— деди. Анан ага: «Мына, мен сенин айыбыңды алып салдым+, сага жакшы кийим кийгизилет»,— деди+.  Ошондо мен: «Анын башына таза чалма кийгизгиле»,— дедим+. Алар анын башына таза чалма, үстүнө кийим кийгизишти. Жахабанын периштеси болсо анын жанында турду.  Анан Жахабанын периштеси Жашыяны мындай деп насааттай баштады:  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Эгер менин жолумда жүрүп, менин алдымдагы милдеттериңди аткарсаң+, анда менин үйүмө сот жүргүзүп+, короолорума кам көрөсүң. Мен сенин бул жерде тургандардын арасында эркин жүрүшүңө жол берем“.  „Башкы дин кызматчы Жашыя, сен да, сенин алдыңда отурган жана жышаан катары+ кызмат кылган жолдошторуң да — баарыңар уккула! Мен өзүмдүн Бутак+ деп аталган кызматчымды+ алып келем.  Мен Жашыянын алдына койгон таш+ мына. Бул таштын жети көзү бар+. Мен ага чегип жазам+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— ал жердин күнөөсүн бир күндө жок кылам“+. 10  „Ошол күнү жүзүмүңөр менен анжир дарагыңардын алдында отуруп+, бири-бириңерди чакырасыңар“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».

Шилтемелер

Же: «Душманды».