Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Закарыя 2:1—13

2  Анан мен колунда ченегич жиби+ бар бир кишини көрдүм.  Андан: «Каякка баратасың?» — деп сурадым. Ал: «Иерусалимди ченеш үчүн, анын узун-туурасы канча экенин билиш үчүн баратам»+,— деп жооп берди.  Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периште алдыга басты. Анын алдынан башка бир периште чыгып,  ага мындай деди: «Чурка, тиги жаш жигитке: „”Эл менен малдын көптүгүнөн+ Иерусалим дубал менен курчалбаган, эл отурукташкан шаардай болот+.  Мен өзүм ал үчүн оттуу дубал болом+, аны даңкыма толтурам”+,— дейт Жахаба“,— деп айт».  «Болгула! Болгула! Түндүктөн качкыла»+,— дейт Жахаба. «Мен силерди туш тарапка* чачыратып жибергем»+,— дейт Жахаба.  «Эй, Бабыл кызы менен жашаган Сион+, кач!+  Даңкталгандан кийин+ Кудай мени силерди талап-тоногон элдерге жиберди+. Анткени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ким силерге тийсе+, ал менин көзүмдүн карегине тийген болот+.  Мен колумду аларга каршы көтөргөндүктөн+, алар өздөрүнүн кулдарына олжо болушат“+. Ошондо мени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиңер+. 10  Кубанып, катуу кыйкыр, Сион кызы+, анткени мен келип+, сени менен жашайм»+,— дейт Жахаба. 11  «Ошол күнү көп элдер Жахабага кошулат+. Алар менин элим болушат+, мен сени менен жашайм». Ошондо мени сага асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиң+. 12  Жахаба Жүйүттү ыйык жердеги үлүшү катары өзүнө энчи кылып алат+, ал Иерусалимди кайрадан тандап алат+. 13  Бардык адамдар, Жахабанын алдында унчукпагыла+, анткени ал ыйык турагынан+ чыкты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «асмандын төрт шамалындай».