Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Закарыя 14:1—21

14  «Мына, Жахабанын күнү келе жатат+. Сенден* талап-тоноп алышкан олжону сенин ичиңде бөлүп алышат.  Мен бардык элдерди Иерусалимге каршы согушканга чогултам+. Шаар каратылып алынат+, үйлөр таланып-тонолот, аялдар зордукталат+. Шаардын жарымы туткунга кетет+, бирок шаарда калган эл+ жок кылынбайт+.  Жахаба, мурун душмандары менен согушкандай эле+, ошол элдер менен согушат+.  Ошол күнү ал чыгыштагы, Иерусалимдин маңдайындагы зайтун дарактары өскөн тоонун үстүндө турат+. Зайтун дарактары өскөн тоо+ чыгыштан батышты карай ортосунан бөлүнөт+. Ал жерде абдан чоң өрөөн пайда болуп, тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө жылат.  Силер менин тоолорумдун ортосундагы өрөөнгө качып жөнөйсүңөр+, анткени тоолордун ортосундагы ал өрөөн Азелге чейин жетет. Ошол убакта Жүйүт падышасы Узиянын күндөрүндө жер титирөөдөн+ качкандай качасыңар. Ошондо Жахаба Кудайым бүт ыйыктары+ менен келет+.  Ошол күнү жаркырап турган жарык болбойт+, бардыгы тоңуп калат+.  Ал күн Жахабанын күнү катары белгилүү болот+. Ал күн да, түн да болбойт+. Кеч киргенде жарык болот+.  Ошол күнү Иерусалимден өмүр суусу+ агып чыгат+: жарымы чыгыштагы деңизди көздөй+, жарымы батыштагы деңизди көздөй агат+. Жайы-кышы ушундай болот+.  Жахаба бүт жер жүзүнө падыша болот+. Ошол күнү Жахаба жалгыз болот+, анын ысмы да жалгыз болот+. 10  Гебадан+ Иерусалимдин түштүгүндөгү Римонго+ чейинки жердин баары Араба+ өрөөнүндөй болот. Иерусалим кайра өз ордуна тургузулат, ага эл отурукташат+: Бенжемин дарбазасынан+ Биринчи дарбаза менен Бурч дарбазасына чейин, Хананел мунарасынан+ падышанын жүзүм сыккычына чейин эл отурукташат. 11  Иерусалимге эл отурукташат, ал экинчи кыйратылбайт+. Иерусалим бейкут жашайт+. 12  Жахаба Иерусалим менен согушкандардын баарын мындайча жазалайт+: алардын денеси тирүү кезинде эле чирип калат+, көздөрү чанагында, тили оозунун ичинде чирийт. 13  Ошол күнү Жахаба алардын арасына катуу дүрбөлөң түшүрөт+. Ошондо ар бири өз жакынын кармап алып, ага кол көтөрөт. 14  Жүйүт да Иерусалимде согушат. Тегеректеги бардык элдерден көп байлык: сан жеткис алтын-күмүш, кийим-кече чогултулат+. 15  Аттар да, качырлар да, төөлөр да, эшектер да, ал конуштардагы башка үй айбанаттары да — бүт баары ушинтип жазаланат. 16  Иерусалимге каршы чыккан элдердин аман калгандары+ болсо жыл сайын+ Падышага, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага+, таазим кылганы+ жана алачык майрамын+ белгилегени келип турушат. 17  Эгер кайсы бир элден+ кимдир бирөө Падышага, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага, таазим кылганы Иерусалимге келбесе+, анда аларга жамгыр жаабайт+. 18  Эгер Мисирдин эли келип, ал шаарга кирбесе, аларга да жамгыр жаабайт. Алачык майрамын белгилегени келбеген элдерди Жахаба ушинтип жазалайт. 19  Мисир да, алачык майрамын белгилегени келбеген+ башка элдер да күнөөсү үчүн ушундай жаза алышат. 20  Ошол күнү аттарга тагылган коңгуроолордо „Ыйыктык Жахабага таандык!“+ деген жазуу болот+. Жахабанын үйүндөгү казандар+ курмандык жайынын+ жанындагы табактардай+ болот. 21  Иерусалимдеги жана Жүйүт жериндеги казандардын баары ыйык болот, алар асман аскерлеринин Кудайы Жахабага таандык болот. Курмандык чалганы келгендердин баары курмандыктарын ошол казандарга бышырат+. Ошол күнү асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын үйүндө+ бир да канаандык* болбойт»+.

Шилтемелер

Шаарга тиешелүү.
Же: «соодагер».