Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 98:1—9

Ыр. 98  Жахабага жаңы ыр ырдагыла+,Анткени анын жасаган иштери кереметтүү+,Анын оң колу, ыйык билеги куткарды+.  Жахаба куткаруусун көрсөттү+,Элдердин көз алдында адилдигин ачып берди+.  Ал ысрайыл элине убадалаган мээримдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн эстеди+.Жердин булуң-бурчу Кудайыбыздын куткарганын көрдү+.  Бүт жер жүзү, Жахабанын алдында салтанаттуу үн сал+.Көңүл ачкыла, шаттангыла, ырдагыла+.  Жахабага арфа менен обон салгыла+,Арфада ойногула, күү черткиле+.  Сурнай менен мүйүздүн коштоосунда+Жахаба Падышанын алдында салтанаттуу үн салгыла.  Деңиз жана анын ичиндегилер+,Жер жана анда жашагандар күркүрөсүн+.  Дарыялар алакан чапсын,Бардык тоолор Жахабанын алдында кубанычтуу үн салсын+.  Анткени ал жерди соттогону келди+.Ал жерди адилдик менен+,Элдерди акыйкаттык менен соттойт+.

Шилтемелер