Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 97:1—12

97  Жахаба падыша болду!+ Жер жүзү кубансын+. Көп сандаган аралдар шаттансын+.  Аны булуттар менен коюу караңгылык каптап турат+, Тактысынын пайдубалы — адилдик менен акыйкаттык+.  Анын алдында от баратат+, Айланасындагы душмандарынын баарын жалмап жатат+.  Анын чагылганы жер бетин жарык кылды+, Аны көрүп, жер кыйналды+.  Тоолор Жахабанын алдында+, Жер жүзүнүн Теңиринин алдында момдой болуп эриди+.  Асман анын адилдигин жарыялап+, Бардык элдер анын даңкын көрүп жатышат+.  Оюп жасалган буркандарга кызмат кылгандардын баары, Пайдасыз кудайлары+ менен мактангандардын баары уятка калсын+. Бардык кудайлар, Ага таазим кылгыла+.  Оо, Жахаба, Өкүмдөрүңдү угуп+, Сион сүйүндү+, Жүйүттүн карамагындагы шаарлар кубанды+.  Анткени сен, Жахаба, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудайсың+, Башка бардык кудайлардан алда канча жогору турасың+. 10  Жахабаны жакшы көргөндөр+, жамандыкты жек көргүлө+. Ал ишенимдүү кызматчыларынын жанын сактайт+, Аларды ыймансыздардын колунан куткарат+. 11  Адил адамга жарык тийди+, Жүрөгү тазаларга кубаныч келди+. 12  Адил адамдар, Жахабанын иштерине кубангыла+, Анын ыйык ысмына* ыраазычылык билдиргиле+. Ыр.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эскерилишине».