Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 96:1—13

96  Жахабага жаңы ыр ырдагыла+, Бүт жер жүзү, Жахабаны мактап ырда+.  Жахабаны мактап ырдагыла, анын ысмын даңктагыла+. Анын куткаруусу жөнүндөгү жакшы кабарды күнүгө жарыялагыла+.  Элдердин арасында анын даңкын+, Бардык элдердин арасында анын кереметтүү иштерин жарыя кылгыла+.  Анткени Жахаба улуу+, ал зор даңкка татыктуу. Ал бардык башка кудайлардан сүрдүү+.  Себеби бардык элдердин кудайлары — пайдасыз кудайлар+. Ал эми Жахаба асманды жараткан+.  Кадыр-барк менен көрк анын алдында+, Күч менен сулуулук ыйык жайында+.  Уруулар, Жахабаны даңазалагыла+, Даңкты, күч-кубатты Жахабага ыйгаргыла+.  Жахабанын ысмын даңктагыла+, Белек алып, анын короолоруна киргиле+.  Жахабага ыйык кийимчен таазим кылгыла+, Бүт жер жүзү, анын алдында титире*+. 10  Элдердин арасында: «Жахаба падыша болду+. Жер козголбогудай бекем орнотулду+. Ал элдерди калыс соттойт»,— дегиле+. 11  Асман кубансын, жер сүйүнсүн+. Деңиз менен андагылар күркүрөсүн+. 12  Талаа менен андагынын баары шаттансын+. Токойдогу бардык дарактар Жахабанын алдында кубанычтуу үн салсын+. 13  Анткени ал келди+, Жерди соттогону келди+. Ал жерди адилдик менен+, Элдерди ишенимдүүлүгү менен соттойт+.

Шилтемелер

Же: «сыздаткан ооруну сез».