Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 95:1—11

95  Келгиле, Жахабанын алдында шаттангыла!+ Куткаруучу Аска-зообуздун алдында салтанаттуу үн салгыла!+  Анын алдына ыраазычылык менен баралы+, Ага жеңиш ырын ырдайлы+.  Анткени Жахаба — улуу Кудай+, Башка кудайлардын үстүнөн улуу Падыша+.  Жердин тереңдиктери анын колунда+, Тоолордун чокулары ага таандык+.  Өзү жараткан деңиз да ага таандык+, Жер анын колунан бүткөн+,  Келгиле, ага сыйыналы, таазим кылалы+, Жаратканыбыз Жахабанын+ алдында тизе бүгөлү+.  Анткени ал — биздин Кудайыбыз, биз — анын жайытындагы элибиз, кол алдындагы койлорубуз+. Бүгүн анын үнүн укканыңарда+,  Масадагыдай, ээн талаадагыдай+, Мерибадагыдай жүрөгүңөрдү катаалдантпагыла+,  Ал жактан ата-бабаларыңар мени сынашкан+, Иштеримди көрүп турушса да, мени сынашкан+. 10  Мен ал муундан кырк жыл бою жийиркенип келгем+, Ошондо мен: «Алар — жүрөгү өжөр эл+, Жолдорумду билишпейт»,— дегем+. 11  Аларга каарым кайнап+: «Менин бейпилдигиме киришпейт»,— деп ант бергем+.

Шилтемелер