Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 94:1—23

94  Оо, Жахаба, өч алуучу Кудай+, Оо, өч алуучу Кудай, жаркыра!+  Ордуңан тур, жер жүзүнүн Соту+, Бой көтөргөндөрдүн жазасын бер+.  Качанга чейин, оо, Жахаба+, Качанга чейин ыймансыздар салтанат курушат?+  Алардын тили тыйылбайт, оозу ооздукталбайт+. Кыянаттык кылгандардын баары мактанып жатышат+.  Оо, Жахаба, алар сенин элиңди эзип+, Мурасыңды кыйнап жатышат+.  Жесирди, келгинди өлтүрүп+, Жетимдердин өмүрүн кыйып жатышат+.  Алар: «Жах көрбөйт+, Жакыптын Кудайы билбейт»,— дешүүдө+.  Эл ичиндеги акылсыздар, түшүнгүлө+. Акылы жоктор, качан түшүнүккө ээ болосуңар?+  Кулакты бергендин Өзү укпайт бекен?+ Көздү жараткандын Өзү көрбөйт бекен?+ 10  Элдерди оңдоп-түзөгөндүн Өзү, Адамдарга билим бергендин Өзү+ ашкерелебейт бекен?+ 11  Жахаба адамдардын ойлорун, алардын дем сыяктуу экенин билет+. 12  Оо, Жах, сен кимди оңдоп-түзөсөң+, Кимге мыйзамыңды үйрөтсөң, ошол адам бактылуу+. 13  Ыймансыздарга аң казылганга чейин+, Сен ага алаамат күндөрүндө тынчтык бересиң+. 14  Жахаба өз элин таштабайт+, Өз мурасын калтырбайт+. 15  Кайрадан адил өкүм чыгарылат+, Ага жүрөгү тазалардын баары карманат. 16  Кара ниеттерге мен үчүн ким каршы көтөрүлөт?+ Кыянатчылдарга мен үчүн ким каршы турат?+ 17  Мага Жахаба жардам бербесе+, Жаным бат эле жымжырт жайдан орун алмак+. 18  «Бутум тайып баратат»,— дегенимде+, Оо, Жахаба, мени мээримдүүлүгүң кубаттандырып келген+. 19  Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө+, Сенин сооротууң жанымды жыргаткан+. 20  Мыйзамды колдонуп кыянаттык кылууну ойлогон+ Адилетсиз башкаруучулар Сага шериктеш боло алабы?+ 21  Алар адил адамдын жанына мыкаачылык менен кол салып+, Айыпсыздын канын төгүү үчүн аны күнөөлөп жатышат+. 22  Бирок Жахаба мага коопсуз чеп болот+, Кудайым баш калкалаар аска-зоом болот+. 23  Кудай алардын жамандыгын өздөрүнүн башына түшүрөт+, Аларды өздөрүнүн кыянаттыгы менен унчуккус кылат+. Жахаба Кудайыбыз алардын үнүн басат+.

Шилтемелер