Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 92:1—15

Ишемби күнгө арналган ыр. Забур. 92  Оо, Жахаба, сага ыраазычылык билдирүү+, Оо, Эң Жогорку Кудай, ысмыңды даңктап ырдоо кандай жакшы!+  Эртең менен сенин мээримдүүлүгүңдү+, Түн ичинде ишенимдүүлүгүңдү жарыялоо+,  Он кылдуу аспап, дутар чертип+, Арфада ойноп мукамдуу обон салуу кандай жакшы!+  Жахаба, сен мени иштериң менен кубантып келесиң. Колуң жасаган иштериңди көрүп шаттанам+.  Сенин иштериң кандай улуу, оо, Жахаба!+ Ойлоруң кандай терең!+  Аларды акылсыз билбейт+, Акылы жок адам түшүнбөйт+.  Ыймансыздар чөптөй өссө да+, Кыянаттык кылгандардын баары гүлдөсө да, Алар акыр-аягы түбөлүккө жок болушат+.  Сен болсо, оо, Жахаба, түбөлүккө баарынан жогору турасың+.  Мына, сенин душмандарың, оо, Жахаба+, Душмандарың мерт болушат+, Кыянаттык кылгандардын баары туш-тушка чачырашат+. 10  Бирок сен менин мүйүзүмдү жапайы буканын мүйүзүндөй жогору көтөрөсүң+. Мен жаңы май менен майланам+. 11  Көзүм душмандарымдын кулаганын көрөт+, Кулагым мага каршы чыккан кыянатчылдардын кыйратылганын угат. 12  Адил адам курма дарагындай гүлдөйт+, Лебанондогу бал карагайдай бой керет+. 13  Жахабанын үйүнө, Кудайыбыздын короолоруна+ отургузулгандар гүлдөйт+. 14  Алар чачы агарганда да гүлдөй беришет+, Күүлүү-күчтүү, сергек бойдон калышат+, 15  Жахабанын чынчыл экенин жарыялашат+. Ал — менин Аска-зоом+, анда жалгандык жок+.

Шилтемелер