Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 91:1—16

91  Эң Жогорку Кудайдын+ жашыруун жайында жашаган адам+ Кудурети Күчтүүнүн көлөкөсүнөн жай табат+.  Мен Жахабага: «Сен баш маанамсың, сепилимсиң+, Таянып жүргөн Кудайымсың»,— дейм+.  Ал сени куш кармаган аңчынын тузагынан+, Каргашалуу дарттан сактайт+,  Канаты менен калкалайт+, Сен анын канатынын астына корголойсуң+, Анын чындыгы+ сага чоң калкан+, чеп болот.  Сен түнкү коркунучтан+, Күндүз учкан жебелерден коркпойсуң+,  Караңгыда жайыла турган жугуштуу оорудан+, Чак түштө кыра турган каргашадан коркпойсуң+.  Миңи жаныңа, Он миңи оң жагыңа кулайт, Бирок сага бир да коркунуч жакындабайт+.  Сен карап гана турасың+, Ыймансыздардын жазаланганын көрөсүң+.  Анткени: «Жахаба — баш маанам»,— дегенсиң+, Эң Жогорку Кудайды өзүңдүн турак жайың кылып келгенсиң+. 10  Сени кырсык баспайт+, Чатырыңа бир да дарт жакындабайт+. 11  Анткени ал өзүнүн периштелерине+ Сени бардык жолдоруңда коргоп жүрүүнү буйрук кылат+. 12  Бутуң ташка урунбашы үчүн+, Алар сени колуна көтөрүп кетишет+. 13  Жаш арстан менен чекир жыланды бутуң менен басасың+, Жалдуу жаш арстан менен чоң жыланды тебелейсиң+. 14  «Мени сүйгөндүгү үчүн+ Мен аны куткарам+, Ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм+. 15  Мени чакырганда, ага жооп берем+, Кыйынчылык учурунда аны менен болом+, Аны куткарам, даңктайм+. 16  Ага узун өмүр берем+, Куткаруумду көрсөтөм»+. Ишемби күнгө арналган ыр. Забур.

Шилтемелер