Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 90:1—17

90  Оо, Жахаба, муундан муунга+ Сен биздин турак жайыбызсың+.  Тоолор туула электе эле+, Толгоо тартып төрөгөндөй, жер+ менен дүйнөнү жарата элегиңде+ эле сен Кудай болчусуң. Сен түбөлүктөн түбөлүккө Кудайсың+.  Сен ажалдуу адамды кайрадан топуракка кайтарасың+, «Адам баласы, топуракка кайт»,— дейсиң+.  Сенин көз алдыңда миң жыл кечээки өтүп кеткен күндөй+, Түнкү күзөт маалындай*+.  Сен аларды шыпырып таштайсың+; алар түш сыяктуу жок болушат+. Алар эртең менен өсүп чыккан көк чөптөй+.  Ал эртең менен көгөрүп, гүлдөйт+, Кечинде болсо соолуп, куурап калат+.  Биз да сенин ачууңдан кырылдык+, Каарыңдан дүрбөлөңгө түштүк+.  Сен биздин күнөөлөрүбүздү көз алдыңа койдуң+, Жашыруун иштерибизди жарык жүзүңдүн алдына койдуң+.  Күндөрүбүздүн баары сенин жаалыңдан улам аяктады+, Жылдарыбыз үшкүрүктөй түгөндү+. 10  Өмүрүбүздүн узактыгы жетимиш жыл+, Адаттагыдан күүлүү-күчтүү болсок, сексен жыл+, Бирок ал жылдар түйшүк менен кайгы-капага толгон+. Өмүрүбүз зуулдап өтүп, биз жок болобуз+. 11  Сенин ачууңдун күчүн ким билет?+ Сенден тийиштүү түрдө коркуш үчүн каарыңдын күчүн ким билет?+ 12  Акылдуу жүрөккө ээ болушубуз үчүн+, Бизди күндөрүбүздү санай билүүгө үйрөт+. 13  Кайрылып кел, оо, Жахаба!+ Сени качанга чейин күтөбүз?+ Кызматчыларыңды аяй көр+. 14  Өмүр бою кубанып, шаттанып жашашыбыз үчүн+, Бизди эртең менен мээримдүүлүгүңө кандыр+. 15  Бизди кыйынчылык тарттырган күндөрүңө жараша+, Азап тарткан жылдарыбызга жараша кубант+. 16  Сенин иштериң кызматчыларыңа+, Көркүң балдарына көрсөтүлсүн+. 17  Жахаба Кудайыбыздын ырайымы үстүбүздө болсун+. Колубуз менен кылган иштерибизге ийгилик бер+, Ооба, колубуз менен кылган иштерибизге ийгилик бер+.

Шилтемелер

Сыягы, күзөт маалы күн баткандан күн чыкканга чейинки убактын үчтөн бир бөлүгүн же, жыл мезгилине жараша, болж. м-н 4 саатты түзгөн.