Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 89:1—52

89  Жахабанын мээримдүүлүгү жөнүндө түбөлүк ырдайм+. Оозум ишенимдүүлүгүңдү муундан муунга жар салат+.  Мен: «Мээримдүүлүгүң түбөлүккө турат+, Ишенимдүүлүгүңдү асманга бек орнотконсуң»+,— дедим.  «Мен тандаган кызматчым менен келишим түздүм+, Кызматчым Дөөтүгө ант бердим+.  „Сенин тукумуңду түбөлүккө калтырам+, Тактыңды+ муундан муунга бекемдейм“». (Села)  Асман сенин ажайып ишиңди даңазалайт, оо, Жахаба+, Ыйыктардын жыйналышы ишенимдүүлүгүңдү даңктайт.  Асманда Жахабага тең келген ким бар?+ Кудайдын уулдарынын арасында Жахабага окшош ким бар?+  Ыйыктардын жыйынында Кудайга терең урмат-сый көрсөтүлсүн+. Ал өзүнүн тегерегиндегилердин баарынан улуу, баарынан сүрдүү+.  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+, Сендей кубаттуу ким бар, оо, Жах?+ Сен бардык жагынан ишенимдүүсүң+.  Сен албууттанган деңизди башкарасың+, Долуланган толкундарын басасың+. 10  Сен Рахапты*+ киши колдуу болгон бирөөдөй кылып талкаладың+, Күчтүү колуң менен душмандарыңды чачыратып жибердиң+. 11  Асман да+, жер да сеники+. Жер менен андагынын баарын+ сен түптөгөнсүң+. 12  Түндүк менен түштүктү сен жараткансың+, Табор+ менен Хермон+ ысмыңды даңктап, кубанычтуу үн салат+. 13  Сенин билегиң күчтүү+, Колуң кубаттуу+, Оң колуң жогору көтөрүлгөн+. 14  Адилдик менен акыйкаттык — тактыңдын пайдубалы+. Мээримдүүлүк менен чындык жүз алдыңда турат+. 15  Шаттык деген эмне экенин билген эл бактылуу+. Оо, Жахаба, алар жүзүңдүн жарыгында жүрүшөт+. 16  Сенин ысмыңдан улам күнү бою кубанышат+, Адилдигиңден улам зоболосу көтөрүлөт+. 17  Анткени сен алардын күчүнүн көркүсүң+; Ырайымыңдын аркасында мүйүзүбүз* жогору көтөрүлдү+. 18  Калканыбыз Жахабадан+, Падышабыз Ысрайылдын Ыйыгынан+. 19  Ошол убакта сен ишенимдүү кызматчыларыңа аян аркылуу+ Мындай дегенсиң: «Мен күчтүүгө жардам бердим+, Эл ичинен тандалганды жогору көтөрдүм+. 20  Кызматчым Дөөтүнү таптым+, Аны ыйык майым менен майладым+, 21  Күчтүү колум аны менен болот+, Билегим аны кубаттандырат+. 22  Душман ага салык салбайт+, Ыймансыз адам аны кысымга албайт+. 23  Мен анын алдында душмандарын талкаладым+, Аны жек көргөндөргө сокку урдум+. 24  Ишенимдүүлүгүм, мээримдүүлүгүм аны коштоп жүрөт+, Менин ысмым менен анын мүйүзү жогору көтөрүлөт+. 25  Анын колун деңизге+, Оң колун дарыяларга койдум+. 26  Ал мага: „Сен менин Атамсың+, Кудайымсың+, мени куткарган Аска-зоомсуң“+,— деп кайрылат. 27  Мен аны тун уулум кылам+, Жердеги падышалардан жогору коём+. 28  Ага мээримдүүлүгүмдү түбөлүктөн түбөлүккө көрсөтөм+, Аны менен түзгөн келишимим эч качан бузулбайт+. 29  Мен анын тукумун түбөлүктүү+, Тактысын асмандын күндөрүндөй чексиз кылам+. 30  Эгер уулдары мыйзамымды унутушса+, Өкүмдөрүм боюнча жашабаса+, 31  Көрсөтмөлөрүмдү бузушса, Осуяттарымды аткарышпаса, 32  Анда мен аларды кылмыштары үчүн таяк менен жазалайм+, Күнөөлөрү үчүн аларга сокку урам+. 33  Бирок аны мээримдүүлүгүмдөн ажыратпайм+, Ишенимдүүлүгүмдөн жазбайм+, 34  Келишимимди бузбайм+, Оозуман чыккан сөзүмдү өзгөртпөйм+. 35  Мен ыйыктыгым менен бир жолу ант бергем+, Дөөтүгө калп айтпайм+. 36  Анын тукуму түбөлүктүү болот+, Тактысы, күнгө окшоп, алдымда турат+. 37  Айга окшоп, Асмандагы ишенимдүү күбөгө окшоп, түбөлүккө орнотулат». (Села) 38  Бирок сен майланганыңдан баш тарттың, аны жеридиң+, Ага каарың кайнады+. 39  Кызматчың менен түзгөн келишимиңди барк алган жоксуң, Таажысын жерге ыргытып, арамдадың+. 40  Анын бардык таш короолорун талкаладың+, Коргондорун урандыга айланттың+. 41  Жолдон өткөндөрдүн баары аны талап-тоноду+, Ал өзүнүн коңшуларына маскара болду+. 42  Сен анын жоосунун оң колун жогору көтөрдүң+, Бардык душмандарын кубанттың+. 43  Кайрадан анын кылычына каршы чыктың+, Салгылашта ага жардам берген жоксуң+. 44  Аны даңктан ажыраттың+, Тактысын жерге кулаттың+. 45  Жаштык күндөрүн кыскарттың, Аны уятка калтырдың+. (Села) 46  Оо, Жахаба, качанга чейин жашынасың? Түбөлүккөбү?+ Каарың качанга чейин оттой болуп жалындай берет?+ 47  Өмүрүмдүн кыскалыгын эстечи+. Сен адам баласын бекер жараттың беле?+ 48  Тирүүлөрдүн арасында өлүмдү көрбөй турган ким бар?+ Ал өз жанын көрдүн* колунан куткара алабы?+ (Села) 49  Оо, Жахаба, мээримдүүлүгүңдү көрсөткөн мурунку иштериң кайда? Дөөтүгө ишенимдүүлүгүңдү оозанып ант бербедиң беле+. 50  Оо, Жахаба, кызматчыларыңдын кордук көрүп келгенин+, Көп элдердин кордугун койнума салып көтөрүп жүргөнүмдү эсте+. 51  Оо, Жахаба, душмандарыңдын кандай тил тийгизгенин+, Майланганыңдын изине кандай акарат кылышканын эсте+. 52  Жахаба түбөлүккө даңкталсын. Оомийн, оомийн+. ТӨРТҮНЧҮ КИТЕП (90—106-забурлар) Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын тиленүүсү+.

Шилтемелер

Сыягы, Мисир же фараон.
Зб 75:4түн шилт-н кара.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.