Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 88:1—18

88  Оо, Жахаба, куткаруучу Кудайым+, Мен сага күнү бою жалбарам+, Түнкүсүн да сенин алдыңда зарлайм+.  Тиленүүм сага жетет+; Муң-зарыма кулак сала көр+.  Анткени жаным азапты көп көрдү+, Өмүрүм көргө* барып такалды+.  Мен көргө түшө тургандардай+, Дарманы кеткен адамдай болуп калдым+.  Өлгөндөргө окшоп, боштондукка чыктым+, Өлтүрүлүп көрүстөндө жаткандарга+, Сен унутта калтыргандарга, Колуңдун колдоосунан ажырап калгандарга окшоп, боштондукка чыктым+.  Сен мени эң терең аңга, Караңгы жайларга, эбегейсиз туңгуюкка түшүрдүң+.  Мага каарың төгүлдү+, Мени долуланган толкундарың каптады+. (Села)  Сен тааныштарымды менден оолактаттың+, Аларга мени жийиркеничтүү кылдың+, Мен камалып, чыга албай калдым+.  Тарткан азабымдан көзүм тунарды+. Оо, Жахаба, эртеден кечке өзүңдү чакырып+, Колумду сага сундум+. 10  Сен кереметтериңди күчсүз өлүктөргө көрсөтөсүңбү?+ Же өлгөндөр ордунан турабы?+ Алар сени даңктайбы?+ (Села) 11  Мээримдүүлүгүңдү көрүстөндө жар салышабы? Ишенимдүүлүгүң тууралуу кыйроо жайында айтышабы?+ 12  Кереметтериңди караңгылыкта+, Адилдигиңди унутулгандардын жеринде билишмек беле?+ 13  Оо, Жахаба, сени жардамга чакырам+. Тиленүүм күнүгө эртең менен сага жетет+. 14  Оо, Жахаба, эмнеге жанымды жерип жатасың?+ Эмне үчүн менден жүзүңдү жашырып жатасың?+ 15  Мен бала чагыман кыйналып, өлүм коркунучуна кабылып келем+, Сен үрөйүмдү учуруп келесиң+. 16  Кайнаган каарың үстүмөн өттү+, Коркунучтуу иштериңен улам ойрон болдум+. 17  Алар мени ташкын суудай күнү бою каптады+, Бардыгы бир маалда курчады. 18  Сен менден досумду, курдашымды алыстаттың+, Мага караңгы жай гана шерик болду+. Маскил. Зерактын тукумунан чыккан Этандын забуру+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.