Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 86:1—17

86  Оо, Жахаба, мага кулак сал. Жооп бер+, Анткени мен байкуш бечарамын+.  Жанымды сактай көр, анткени мен берилгендигимден жазбай келем+. Сен менин Кудайымсың, өзүңө таянган кызматчыңды куткара көр+.  Мага ырайым кыл, оо, Жахаба+, Себеби сени күнү бою чакырам+.  Кызматчыңдын жанын кубандыр+, Анткени, оо, Жахаба, жанымды сага сунам+.  Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың+, кечирүүгө даярсың+, Өзүңдү чакыргандардын баарынан мээримдүүлүгүңдү аябайсың+.  Тиленүүмө кулак сал, оо, Жахаба+, Зарлаган үнүмө назар сал+.  Кыйналган күнү сени чакырам+, Анткени мага жооп бересиң+.  Оо, Жахаба, кудайлардын арасында сендей эч ким жок+, Сеникиндей иштер да жок+.  Сен жараткан бардык элдер келип+, Сага таазим кылышат, оо, Жахаба+, Ысмыңды даңкташат+. 10  Анткени сен улуусуң, кереметтүү иштерди жасайсың+, Сен, жалгыз сен Кудайсың+. 11  Мени өз жолуңан чыкпоого үйрөт, оо, Жахаба+. Мен дайыма чындыгыңда жүрөм+. Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл+. 12  Оо, Жахаба Кудайым, сени бүт жүрөгүм менен даңазалайм+, Ысмыңды түбөлүккө даңктайм. 13  Анткени мага көрсөткөн мээримдүүлүгүң улуу+, Сен менин жанымды көрдөн*, анын түпкүрүнөн сактадың+. 14  Оо, Кудай, менменсингендер мага каршы көтөрүлүп+, Зулумдардын тобу жанымды алууну көздөп жүрүшөт+, Алар сени көзүнө илишпейт+. 15  Бирок сен, оо, Жахаба, кайрымдуу, ырайымдуу Кудайсың+, Ачууланууга шашпайсың+; мээримдүүлүгүң менен чындыгың чексиз+. 16  Мага назар салып, ырайым кыл+. Кызматчыңа күч бер+, Күңүңдүн уулун куткар+. 17  Мага жакшылыгыңдын жышаанын көрсөт, Мени жек көргөндөр көрүп, уят болушсун+. Анткени сен, оо, Жахаба, мага жардам берип, мени сооротуп келесиң+. Корактын уулдарынын забуру. Ыр.

Шилтемелер

Еврейче шеол. Кара: 8-тирк.