Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 85:1—13

85  Оо, Жахаба, сен өз жериңе ырайым кылып+, Жакыптын туткундагы уулдарын кайтарып келгенсиң+.  Өз элиңдин айыбын+, Алардын бардык күнөөсүн кечиргенсиң+. (Села)  Ачууңду тыйгансың+, Кайнаган каарыңды кайт кылгансың+.  Оо, куткаруучу Кудайыбыз, бизди калыбыбызга келтир+, Бизге ачууланганыңды токтото көр+.  Түбөлүккө каардана бересиңби?+ Муундан муунга ачуулана бересиңби?+  Элиң сенин алдыңда кубанышы үчүн+, Бизди кайрадан жандандырбай коёсуңбу?+  Оо, Жахаба, бизге мээримдүүлүгүңдү көрсөт+, Бизди куткар+.  Мен чыныгы Кудай Жахабанын эмне дээрине кулак салам+, Анткени ал элине, ишенимдүү кызматчыларына тынчтыкты жар салат+. Бирок алар кайрадан өзүлөрүнө таянбасын+.  Биздин жер даңкка бөлөнүшү үчүн+, Кудайдын куткаруусу Андан корккондорго жакын+. 10  Мээримдүүлүк менен чындык жолугушту+, Адилдик менен тынчтык бири-бирин өптү+. 11  Чындык жерден өнүп чыгат+, Адилдик асмандан төмөн карайт+. 12  Жахаба да берекесин төгөт+, Ошондо жерибиз түшүмүн берет+. 13  Адилдик Кудайдын алдында жүрөт+, Ал Анын изи менен жол салат+. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер